Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

"Позиция профсоюза" газетасы

Позиция профсоюза

Урматтуу окурмандар!

Газетанын бул санынын 1-бетинде биздин Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун Эгемендүүлүк майрамына жана 1-сентябрь билим күнүнө карата республиканын элине жана билим берүү жана илим тармактарынын кызматкерлерине, студенттерге жана окуучуларга, тарбиячыларга жана ата-энелерге куттуктоолору жарыяланды.

2-бетте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы жана БКнын онлайн президиуму тууралуу макала жарыяланды.

3-бетте бетте билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык Евразия биримдигинин XV форуму,  Жалал-Абад облусунун тармактык профсоюзунун жетекчилеринин Өзбекстандын Наманган облусуна болгон иш сапары, Наманган облусунун профсоюз кызматкерлеринин делегациясынын Жалал-Абад облусуна иш сапары тууралуу материалдар бар.

4-бетке жаңыдан шайланган райшаарком жетекчилеринин өмүр баяндары сүрөтторү менен берилди.

5-беттеги профсоюздун Ош обкомунун төрагасы С.Тойгонбаевдин макаласында обком акыркы жылдарда аткарып жаткан иштер тууралуу айтылат.

6-бетте ОшМУнун бириккен профкомунун төрагасы А.Саттаровду 50 жаш мааракеси менен куттуктоо, ошондой эле анын “ОшМУ кесип бирлигинин алгылыктуу иштери” деген материалы, Ноокат районундагы К.Надиров атындагы орто мектептин директору Т.Абдрахманованын “Социалдык өноктөш катары иштешип жатабыз” деген макаласы жарыяланган.

7-бет билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан «Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети» республикалык кароо-сынагынын алкагында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишин социалдык тармактарда чагылдыруу боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгына арналды.

8-бетте Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окуу жайдын кесиптик бирлик уюмунун V отчеттук-кайра шайлоо конференциясы тууралуу жана кайра шайланган кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгамбердиевге куттуктоо, Алыкул Осмоновдун ырлары бар.