Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

ЖАМУнун кесиптик бирлик мүчөлөрү Ысык-Көлдө эс алышты

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети Ысык-Көл областынын Чок-Тал айылында жайгашкан “Солнышко” эс алуу борборунун жетекчилиги менен түзгөн эки тараптуу келишими боюнча, президиумдун 2023-жылдын 26-июнундагы №7 кеңешмесинин чечими менен кесиптик бирликтин 48 мүчөсү эс алууда болушту. Алардын жаткан жери, тамак-ашы, теплоходдо сейилдөөсү, “Рух-Ордо” комплексине экскурсиясы кесиптик бирликтин каражаттарынын эсебинен каржыланды.

Эс алууга баруучулардын коопсуздугу ЖАМУнун “Эмгек, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана жарандык коргонуу” бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргелешкен иш аракеттери аркылуу камсыздалып, ыңгайлуу автоунаалар менен камсыз болушту.

Эс алууда болгон кесиптик бирлик мүчөлөрү эс алууну уюштуруу тобу тарабынан түзүлгөн программа боюнча абдан кызыктуу уюштурулуп, көңүлдүү экскурсияларда болушкандыгын баса белгилөө менен тармактык кесиптик бирликтин Борбордук, областтык комитеттеринин жана ЖАМУнун кесиптик бирлигинин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети