Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Мугалимдердин эс алуусу

2023-жылдын 15-июнунан 20-июнуна чейин 5 күндүк эс алууга 80 билим берүү кызматкерлери ал эми 23-августан 26-августка чейин 3 күндүк эс алууга дагы 80 билим берүү кызматкерлери эс алышты.

Эс алууну уюштуруу жагы КР билим, илим кызматкерлеринин борбордук профсоюз комитети жана Ысык-Көл облусундагы райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин каржылоосунун негизинде болду.

Кызматкерлердин эс алуусуна толук шарттар түзүлгөн: Аларга айта кетсек эс алуу комнаталарынын жасалгалары- жабдылышы, эс алуу борборунун тазалыгы, үч  маал тамак-аш жагы да жакшы экендиги, күнүгө Кажы-Сай  шаарчасына жылуу сууга алып барылганды, Ошондой эле «Туздуу Көл»,  «Сказка», Барскоон капчыгайына экскурсиялар уюштурулду.

Бул эс алуу күндөрү жогорку уюшкандыкта өткөрүлгөндүгүн белгилейбиз. Жалпы эс алган билим берүү кызматкерлердин атынан КР билим, илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетине  жана Ысык-Көл облусундагы  райондук, шаардык профсоюз комитеттерине ыраазычылык билдирүү менен иштериндеги ийгиликтерди кааламакчыбыз.

 

Маалыматты даярдагандар: Түп районундагы Жээнбай Муканбаев  жалпы орто билим берүү мектебинин Кыргыз тил адабияты мугалими  Турдалиева Майрам  

Жети-Өгүз  районундагы А.Сатылганов  атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин  биология мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абдылдаева Айнагул Садырбековна

Ак-Суу районундагы Д.Бейшенов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими, «КР эмгек сиңирген мугалими»   Шоруков Кеңешбек 

Тоң районундагы М.Дөгдүров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими  Абдыжалиева Самаркул