Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Биздин балдар Ысык-Көлдө

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитети тарабынан билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин балдары жайкы каникулда Ысык-Көлгө акысыз эс алууга жөнөтүлдү.

"Илим" дең соолукту чыңдоо лагеринде район боюнча жалпы 104 бала ден соолугун чыңдап, маданий-спорттук иш-чараларга катышып, көңүлдүү эс алып келишти. Балдардын жолдогу коопсуздугу кесиптик бирлик комитети тарабынан эске алынып, атайын ыңгайлуу автобустар менен камсыз кылынды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова