Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын окутууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2012-жылдын 28-майы N 331

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын окутууну каржылоо механизмин бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

Кесиптик орто жана жогорку окуу жайларды каржылоо үчүн бөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражатын пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын окутууну каржылоо механизми тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

1-1. Кыргыз Республикасынын жарандары орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарга окууга кирип жана бюджеттик каражаттын эсебинен медицина, фармацевтика адистиктери боюнча орто жана жогорку кесиптик билим алгандан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүүсү боюнча эки жыл иштеп берүүгө, педагогикалык адистиктер боюнча - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүштүрүүсү боюнча үч жыл иштеп берүүгө жиберилүүгө тийиш.

Жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда жогоруда айтылган адамдар билим берүүчү уюмдун окутууга жумшаган чыгымдарын мамлекеттик билим берүү боюнча гранттын өлчөмүндө же бюджеттик негиздеги окутуунун акысын төлөп берүүгө милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 13-июлунда N 61 жарыяланды

 

 

 

 

 

Тиркеме

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын окутууну каржылоо
МЕХАНИЗМИ

1. Ушул Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну каржылоо механизми (мындан ары - Механизм) Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына жана кесиптик билим берүү тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик билим берүүчү гранттарды (мындан ары - грант) жана бюджеттик орундарды даярдоонун багыттары, адистиктер жана орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик уюмдар (мындан ары - билим берүүчү уюм) боюнча бөлүштүрүү тартибин аныктайт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Гранттардын негизинде кабыл алуу планын түзүүнүн тартиби

2. Кадрларды даярдоо гранттардын эсебинен ишке ашырылуучу багыттардын жана адистиктердин тизмеси иш менен камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы N 203 "Эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Эмгектик ресурстарга керектөөлөрдү божомолдоо методикасына ылайык түзүүчү эмгектик ресурстарга керектөөнүн жыйынтык божомолунун негизинде аныкталат.

3. Эмгектик ресурстарга муктаждыктын жыйынтыкталган божомолунун маалыматы республиканын билим берүүчү уюмдарына берилет жана алар аны иш берүүчүлөр менен өз региондорунда кадрларды даярдоого эки тараптуу келишимди түзүүдө пайдаланышат.

4. Даярдоо боюнча келишим конкреттүү бир ишкана, мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (мындан ары - иш берүүчү) менен түзүлөт. Келишимге ылайык билим берүүчү уюм грантынын эсебинен тийиштүү адистиктер жана багыттар боюнча кадрларды даярдоого милдеттенет, ал эми иш берүүчү ал багыттар жана адистиктер боюнча окууну аяктаган билим берүүчү уюмдун бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу милдетин алат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Даярдоонун багыттары жана адистиктер боюнча гранттык орундарды бөлүү жөнүндө арызды билим берүүчү уюм Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (мындан ары - Министрлик) жыл сайын 1-январга чейин берет.

6. Арыз эмгек ресурстарына муктаждыктын жыйынтык божомолуна киргизилген адистиктерге жана багыттарга гана берилет, жана сөзсүз түрдө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- тийиштүү окуу жылында ар бир багыт жана адистик боюнча кадрларды даярдоого иш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматты;

- өткөн мезгил ичинде билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн ар бир адистик боюнча ишке орноштуруу жөнүндө маалыматты, ишке орноштурулган ордун көрсөтүү менен.

7. Министрлик берилген арыздын негизинде гранттарынын негизинде окугандарды кабыл алуунун багыттарынын, адистиктердин жана көлөмүнүн тизмесин түзөт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Гранттык орундар 15тен кем эмес адисти даярдоого арыз берген жана ал адистиктер/багыттар боюнча бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу 80 проценттен кем болбогон билим берүүчү уюмга ошол адистиктер жана багыттар боюнча бөлүнөт (маданият искусство жана адистиктеринен башка).

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Гранттык негизде окутууга абитуриенттерди тандоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы N 256 токтому менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жобого ылайык жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмуна студенттерди кабыл алуунун тартиби менен ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Медицина, фармацевтика жана педагогика адистиктери боюнча даярдоочу билим берүүчү уюмдардын биринчи курстарынын студенттери менен ушул Механизмге тиркелүүчү формада: студенттин, билим берүүчү уюмдун жана адисти даярдоого заказ берген иш берүүчүнүн ортосунда милдеттүү түрдө ишке бөлүштүрүү жөнүндө үч тараптуу келишим түзүлөт (1-тиркеме).

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

10-1. Адистерди даярдоону каржылоо үчүн гранттын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Адисти даярдоого заказ берген иш берүүчү студенттерди окутууну кошумча каржылоого укуктуу (ысымдуу стипендия берүү, окуу-методикалык китептерди алып берүү, өндүрүштүк практикага чыгымдарды төлөө ж.б.). Каржылоонун кошумча шарттары үч тараптуу келишимде аныкталат.

12. Республиканын квотасы менен чет өлкөдө окуган Кыргыз Республикасынын жарандары окуу жайды бүткөндөн кийин уюм менен болгон келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында үч жыл иштеп берүүгө милдеттүү (2-тиркеме).

2. Кадрларды келишим боюнча, окутуунун акысын иш берүүчүнүн төлөөсү менен максаттуу даярдоо

13. Иш берүүчүлөр келишимдин негизинде жеке каражатынын эсебинен окуунун акысын төлөө менен республиканын билим берүүчү уюмдарына кадрларды максаттуу даярдоо боюнча заказ берүүгө укуктуу.

14. Окутуунун акысын төлөө менен кадрларды максаттуу даярдоонун шарттары иш берүүчү менен студенттин ортосунда түзүлүүчү келишимде аныкталат.

15. Келишим сөзсүз түрдө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- иш берүүчү тарабынан студенттин окуу акысын төлөө шарттары;

- билим берүүчү уюмду бүткөндөн кийин студентти ишке орноштуруунун шарттары;

- иш берүүчүнүн ишканасында (мекемесинде, уюмунда) өндүрүштүк практиканы өтүү мүмкүнчүлүгү;

- билим берүүчү уюмду бүткөндөн кийин иштөөдөн баш тартса, иш берүүчүнүн студентти окутууга жумшаган чыгымын төлөп берүүнүн мөөнөтү жана шарттары;

- максаттуу багытта окуп жаткан студент башка окуу жайга которулган же окуудан чыгарылган учурда иш берүүчүнүн жана студенттин укуктары.

16. Билим берүүчү уюм максаттуу багытта окуп жаткан студентти иш берүүчүнүн макулдугусуз башка багытка/адистикке которууга укугу жок.

17. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги адистерди даярдоого үч тараптуу келишимге ылайык ишке-орноштурулган бүтүрүүчүлөрдүн эсебин алат. Үч тараптуу келишимдердин аткарылышын адисти даярдоого заказ берген иш берүүчү (министрлик, ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ишкана, мекеме) контролдойт.

 

 

 

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын окутууну каржылоо механизмине
1-тиркеме

Гранттардын негизинде медициналык, фармацевттик жана педагогикалык адистиктер боюнча адистерди даярдоого
ТИПТҮҮ ҮЧ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)

Бул Келишим бир тараптан

_______________________________________________________________________

________________________________________________________________ атынан

(билим берүүчү уюмдун аталышы)

_____________________________________________________ Уставынын негизинде иштөөчү анын

(уюм)

ректору (директору) _________________________________________________________ менен

(аты-жөнү)

экинчи тараптан - билим берүүчү уюмдун кабыл алуучу комиссиясы окууга кабыл алууга белгиленген тартипте сунуш кылган жана ыктыярдуу аракеттенчү

_______________________________________________________________________

_____________________________________________________________ ортосунда

(аты-жөнү)

паспортунун сериясы ______________________________________________

жашаган дареги:___________________________________________________

(район, калктуу конуш, көчө, үйдүн номери)

_________________________________________ багыты/адистиги боюнча окууга тапшырып жатат, ошондой эле иш берүүчү/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын

______________________________________ ортосунда төмөнкүлөр жөнүндө түзүлдү.

__________________________________________________________________________

(мекеменин/ишкананын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)

1. Келишимдин предмети

Билим берүүчү уюмдун кабыл алуучу комиссиясы билим берүүчү уюмга гранттык негизде кабыл алууга сунуштаган адамга грант берүүнүн шарттарын аныктоо жана окуусун бүткөндөн кийин аны бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрү.

2. Тараптардын милдеттери

2.1. Билим берүүчү уюм буларга милдеттенет:

- кабыл алуучу комиссия сунуштаган адамды тандалган багыт ____________________________________ (адистик) боюнча студенттердин катарына кошууга жана республикалык бюджеттин каражатынан эсебинен окутууга;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген билим берүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;

- окуган адам кесиптик жогорку же орто билим берүүнүн багыты (адистиги) боюнча окутуучу программаларды өздөштүрүшүнүн жана мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча ага тийиштүү квалификация (академиялык даража) ыйгарууга жана кесиптик жогорку билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүүгө;

- бүтүрөөрүнө 4 ай калганда бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу үчүн бош орундар жөнүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин) атынан жаш адистерди бөлүштүрүүгө жана ишке тийишүү жолдомо берүүгө.

2.2. Кабыл алуучу комиссия билим берүүчү уюмга алууга сунуштаган адам төмөнкүлөргө милдеттенет:

- билим берүүчү уюмдун Уставынын талаптарын жана ички тартиптин эрежелерин аткарууга;

- кесипке окутуучу программаны толук көлөмдө өздөштүрүүгө;

- башка багыт (адистик) боюнча окууга которулбоого;

- билим берүүчү уюмда окуусун бүтөөрдөн 3 ай мурда иш берүүчү менен тийиштүү контрактка кол коюуга жана окууну бүткөндөн кийин жаш адистерди бөлүштүрүү жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары - комиссия) жолдомосу боюнча педагогикалык адистик боюнча үч жыл, медициналык жана фармацевтикалык адистик боюнча эки жыл иштеп берүүгө;

- мамлекеттик комиссиянын жолдомосу боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда билим берүүчү уюмга аны даярдоого кеткен чыгымдарын грантынын өлчөмүндө төлөп берүүгө;

- ушул келишимди түзүүнүн шарттарына тиешелүү абал өзгөргөн учурда мыйзамга ылайык чара көрүшү үчүн билим берүүчү уюмдун жетекчилигине бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө;

- бул келишим студенттин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда аны даярдоого кеткен чыгымдарды ал окуудан баш тарткан күнгө карата төлөп берүүгө.

2.3. Иш берүүчү/райондук мамлекеттик администрация/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы буларга милдеттенет:

- мамлекеттик комиссиянын ишине катышууга жана бүтүрүүчү ишке орношуу үчүн кайра келишин контролдоого;

- окууга жиберилген бүтүрүүчүнү уюмга же мекемеге адистиги боюнча ишке орноштурууга;

- жаш адистин билим берүүчү уюмдан алган адистигине жараша туура пайдаланылышын камсыздоого, ал үчүн керектүү турак жай жана тиричилик шарттарын түзүүгө;

- билим берүүчү уюмда педагогдук адистикке окутулган бүтүрүүчүгө карата Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренеси, Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамынын 7, 8, 11-беренелери аткарылышын камсыздоого;

- мыйзамда каралгандан башка учурларда жаш адистер иштеп берүүчү мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотулушуна жол бербөөгө.

3. Өзгөчө шарттар

3.1. Мамлекеттик комиссиянын жолдомосу боюнча иштөөдөн баш тартканга байланыштуу адисти даярдоого кеткен чыгымды төлөөдөн бошотулчулар:

- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча келечектеги кесип боюнча иштөө медициналык жактан ылайык болбогон адамдар, анын ичинде республиканын конкреттүү аймактарында иштөөгө байланыштуулар;

- ата-энесинин бирөө же жубайы биринчи же экинчи топтогу майып болсо, жана эгер иш ушул аталган майып туугандары туруктуу жашаган жерден бөлөк жактан берилип жатса;

- офицердик жана жетекчи курамдагы аскер кызматчылардын, прапорщиктердин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарында жана аларга теңештирилген башка кызматтарда контракт боюнча иштеген башка аскер кызматчылардын аялдары (күйөөлөрү), эгер иш күйөөсү (аялы) иштегенден башка жерден берилсе;

- окуу жайды бүтүп жаткан мезгилде кош бойлуу жана 1 жашка чейинки баласы бар аялдар, эгер иш бүтүрүүчүнүн үй-бүлөсү туруктуу жашагандан башка жерден берилип жатса;

- жетим балдар (тоголок) жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;

- радиациялык авариялардан жана башка кырсыктардан жабыркаган адамдар.

3.2. Бул келишим кыргыз же орус тилиндеги үч нускада түзүлдү, бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ.

3.3. Келишим ага кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет, студент окуган бүткүл мөөнөт бою жарактуу болот жана Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү мүмкүн.

3.4. Тараптардын ортосунда болгон талаш жагдайлар мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.

Билим берүүчү уюмдун ректору (директору) __________________________________ (аты-жөнү, колу)

Иш берүүчү/райондук мамлекеттик администрациянын/жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органынын башчысы ____________________________

Окууга алуу сунушталган адам же анын мыйзамдуу өкүлү _______________

Эскертүү: келишимдин формасы болжолдуу жана тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча пункттар жана бөлүмдөр менен толукталышы мүмкүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин даярдыктын багыттары жана адистиктер боюнча окутууну каржылоо механизмине
2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда окутууну уюштурууга
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ

Бул Келишим бир тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Министрлик) атынан министр_________________________________________________ менен чет мамлекеттер Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөлүүчү бюджеттик орундарга квотанын чегинде чет өлкөдөгү окуу жайда окууга белгиленген тартипте сунушталган жана ыктыярдуу аракеттенчү

___________________________________________________________________ ортосунда

(аты-жөнү)

паспортунун сериясы ____________________________________________________

жашаган дареги: _________________________________________________________

(район, калктуу конуш, көчө, үйдүн номери)

____________________________________________ окууга _________ адистиги/багыты

(чет өлкөлүк жождун аталышы)

боюнча тапшырып жатат, мындан ары "Стипендиат" деп аталат, төмөнкүлөр жөнүндө түзүлдү:

1. Келишимдин предмети

1.1. Бул Келишимдин предмети башка мамлекеттер Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өкмөттөр аралык макулдашуунун чегинде бөлүп берүүчү бюджеттик орундарга квотанын алкагында чет өлкөнүн жогорку окуу жайларында окутуу боюнча иштерди аткарууда Тараптардын ортосунда болуучу мамилелер болот.

1.2. Өкмөттөр аралык макулдашуунун чегинде берилчү чет өлкөнүн жождорунун стипендиясына талапкерлерди тандоо боюнча конкурстун жыйынтыгында Министрлик Стипендиаттын ______________________________________ (окуу жайдын аталышы, окуучу өлкө)

(мындан ары - Окуу жай)

_______________________________________________________________________

(академиялык даражасы жана

_______________________________________________________________________

адистиктин аталышы көрсөтүлөт)

боюнча жалпы мөөнөтү _____________________________ жыл окушун уюштурат.

2. Тараптардын милдеттери жана укуктары

2.1. Министрлик ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн окутууну Окуу жайда уюштурууга милдеттүү. Стипендиатты окууга кабыл алуу жөнүндө чечимди Окуу жай чыгарат.

2.2. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:

2.2.1. Стипендиаттан Окуу жайда окуу учурунда кабыл алган Окуу жайдын эрежелерин жана талаптарын аткарууну талап кылууга.

2.2.2. Стипендиаттын келишимдик милдеттерди аткарып жатканын контролдоо үчүн кандай окуп жатканы жөнүндө маалыматтарды суроого.

2.2.3. Стипендиат бул Келишим боюнча милдеттерин аткарбаса же тийиштүү түрдө аткарбаса Министрлик Стипендиатты эл аралык стипендиядан ажыратуу жөнүндө маселени кароого укуктуу.

2.3. Стипендиаттын милдеттери:

2.3.1. Министрликтин оозеки же жазуу жүзүндөгү суроосун алгандан кийин 10 (он) календарлык күндүн ичинде Стипендиаттын окуусун уюштуруу үчүн керектүү документтерин тапшырууга, ошондой эле ден соолугунун абалы, сабактарды билиши, ата-энеси, жашаган жери жөнүндө туура гана маалыматтарды, байланышуу үчүн маалыматтарын берүүгө.

2.3.2. Окуу жайдын күндүзгү бөлүмүндө, ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн окуу программасы боюнча, окутуу планына жараша адистикке окуунун толук курсунан өтүүгө жана өз убагында бүтүрүүгө.

2.3.3. Окуусу башталгандан кийин 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ошол окуп жаткан өлкөдөгү консулдук мекемесине каттоого турууга.

2.3.4. Окуу сабактарына катышууга, Окуу жайда белгиленген, окутуу планында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн аткарууга, зачетторду, экзамендерди жана контролдун башка түрлөрүн өз убагында тапшырууга, окуу процессинде учурдагы академиялык жетишүүнү камсыздоого (ар бир окуу семестринин/жылынын жыйынтыгы боюнча).

Академиялык карыз пайда болгон учурда аны өзүнүн эсебинен, Окуу жай белгилеген мөөнөттө, бирок ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн окуу мөөнөтүнөн ашпаган убакытта жоюуга.

2.3.5. Окуунун ар бир этабы (семестр, окуу жыл) аяктагандан кийин 15 (он беш) календарлык күндүн ичинде Министрликке академиялык жетишкендиги жөнүндө отчетту, ошондой эле академиялык жетишкендиги жөнүндө Окуу жайдын расмий бланкындагы расмий көчүрмөнү тапшырууга.

2.3.6. Кыргыз Республикасынын жана турган өлкөнүн мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган нормаларын бузбоого.

2.3.7. Өзүнүн иштери менен Окуу жайга материалдык зыян келтирген болсо Окуу жайга ал зыяндын ордун жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өзүнүн эсебинен өз убагында төлөп берүүгө.

2.3.8. Окуунун толук курсун аяктаган жана Кыргыз Республикасына келген күндөн кийин бир айдын ичинде окууну бүтүргөнү жөнүндө документтин нотариуста тастыкталган, Окуу жай белгилеген үлгүдөгү, мамлекеттик же расмий тилдеги үлгүсүн жана алган билимин жана квалификациясын Кыргыз Республикасы үчүн жакшы пайдалануу жөнүндө сунуштары бар отчетту тапшырууга.

2.3.9. Окууну аяктагандан кийин алган адистиги боюнча үч жыл иштөө үчүн 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасына келүүгө.

2.3.10. Окуу жайдын окутуу планында каралган окуу мөөнөтү бүткөндөн жана Кыргыз Республикасына кайра келгенден кийин ушул Келишимдин 2.3.10-пунктуна ылайык иштеп берүү жөнүндө милдеттенмесин аткарып жатканын ырастоо үчүн ар бир 6 (алты) айда Министрликке ишке орношкону жөнүндө зарыл маалыматтарды, ошондой эле байланышуучу маалыматтарын (жашаган жеринин дареги, телефондорунун номерлери, электрондук адреси) берип турууга.

2.3.11. Өзү жүргөн өлкөдө жана Кыргыз Республикасында байланыштык маалыматтары өзгөргөн учурда 10 (он) календарлык күндүн ичинде ал жөнүндө Министрликке билдирүүгө.

2.4. Стипендиат төмөнкүдөй укуктарга ээ:

2.4.1. Министрликтен ушул Келишим боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууну талап кылууга.

2.4.2. Билим берүү процессине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Министрликке арыз берүүгө.

3. Башка шарттар

3.1. Бул Келишим Тараптар кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

3.2. Бул Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Тараптар өз ара макулдашуу боюнча, ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген шарттарды сактоо менен киргизе алышат.

3.3. Тараптардын ортосунда бул Келишим боюнча болуучу бардык талаштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилүүгө тийиш.

3.4. Сүйлөшүү жолу менен макулдукка келүү мүмкүн болбогон учурда, биринчи сүйлөшүү башталган күндөн тартып 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде талаштар соттук тартипте каралууга тийиш.

3.5. Бул Келишимде жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары колдонулат.

3.6. Бул Келишим мамлекеттик жана/же орус тилиндеги, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) нускада түзүлдү. Бул Келишимдин бир нускасы Стипендиатка, экинчиси Министрликке берилет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана

илим министри __________________________________________ (аты-жөнү, колу)

Чет өлкөнүн жогорку окуу жайында

окууга сунушталган адам __________________________________ (аты-жөнү, колу)

Эскертүү: Келишимдин формасы болжолдуу жана тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча пункттар жана бөлүмдөр менен толукталышы мүмкүн.