Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө Мыйзамы

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү, максаттары жана милдеттери

  1. Ушул Мыйзам билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү ишинин укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
  2. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын сапаттуу билим алуу укугуна кепилдик берүү, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп эсептелет.
  3. Төмөнкүлөр үчүн укуктук, экономикалык жана финансылык шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүү жана билим берүү сапатын жогорулатуу;

2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын натыйжалуу башкаруу, каржылоо жана иштетүү;

3) билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

4) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин өнүктүрүү;

5) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу;

6) билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

2-берене. Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

  1. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тутумдук бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделет.
  2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер, эрежелер жана мөөнөттөр белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери пайдаланылат.
  3. Эгерде билим берүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларында камтылган ченемдер ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелерди белгилесе, анда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

1) автономия - билим берүү уюмунун билим берүү, административдик жана финансылык-экономикалык ишти өз алдынча жүзөгө ашыруу, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелери боюнча башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, ушул Мыйзамга жана билим берүү уюмунун уставына ылайык билим берүү жана башка иштерди колдоо жана өнүктүрүү үчүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тескөө укугу;

2) академиялык эркиндик - окутуу программаларын иштеп чыгуу, окуу сабагын өз алдынча баяндоо, илимий изилдөөлөр үчүн теманы жана аларды жүргүзүү методдорун тандоо укугу, ошондой эле билим алып жаткандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүнө ылайык билим алуу укугу;

3) академиялык чынчылдык - билим алып жаткандын жана педагогикалык кызматкердин аларга заманбап билим берүү негизделген этикалык ченемдерге жана принциптерге ылайык келүүчү жүрүм-турум формасы (чынчылдык, ишеним, адилеттүүлүк, урматтоо, жоопкерчилик, плагиатка жол бербөө жана сый акы үчүн окуучулардын билимин баалоону жокко чыгаруу);

4) аккредитация - көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык келишин аккредитациялык агенттик тарабынан расмий таануунун жол-жобосу;

5) академиялык кредит - билим алып жаткандын окуу жана (же) илимий жүктөмүнүн көлөмүн өлчөөнүн шарттуу бирдиги;

6) аккредитациялык агенттик - иши көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык келишин тышкы баалоого багытталган көз карандысыз коммерциялык эмес уюм;

7) бакалавр - магистратурага тапшыруу жана кесиптик ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билимдин квалификациясынын деңгээли;

8) коопсуз билим берүү чөйрөсү - тобокелдиктерди минималдаштырууга жана билим берүү процессинин катышуучуларынын психологиялык, маалыматтык, физикалык, экологиялык жана башка коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чөйрө;

9) валидация - квалификацияны тастыктоочу документ берүү менен формалдуу эмес жана информалдуу билим берүү аркылуу тигил же бул жаатта алынган жалпы кесиби боюнча же анын ишинин айрым түрлөрү боюнча компетенцияларды тастыктоого жана таанууга багытталган көз карандысыз сертификациялоонун бир түрү;

10) ваучер - бюджеттик каражаттардан ченемдик каржылоонун негизинде билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтарын накталай эмес формада төлөөнү жүзөгө ашырууга мамлекетке мүмкүндүк берүүчү финансылык инструмент;

11) каржылоонун ваучердик механизми - республикалык бюджетте каралган бюджеттик каражаттар менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын артынан жүрүүчү мамлекеттик каржылоо методу;

12) кесиптик жогорку билим берүү - бакалаврларды, адистерди жана магистрлерди тийиштүү билим берүү программалары жана стандарттары боюнча даярдоого жана кайра даярдоого багытталган билим берүү деңгээли;

13) гибриддик окутуу методу - окутуу процесси педагогдун жана билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу салттуу окутуу методунун онлайн окутуу методу менен айкалышкан окутуу методу;

14) мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

15) мамлекеттик билим берүү гранты - билим алуучуга (грант алуучуга) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адистиктер боюнча окуу үчүн берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары;

16) аралыктан билим берүү технологиялары - билим алуучунун жана педагогикалык кызматкердин ортомчулук же жарым-жартылай ортомчулук менен өз ара аракеттенүүсүндө маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялардын каражаттарын колдонуу менен билим берүү процессинде пайдаланылуучу технологиялар;

17) философия доктору (PhD)/профиль боюнча доктор - диссертацияны коргоо менен тиешелүү окуу программасын жана илимий-изилдөө ишин аткарган адамга илимий жана башка кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билимдин (базалык докторантура) квалификациялык деңгээли;

18) эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү - өз алдынча кесиптик иш менен алектенген адамдын жекече муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу формалдуу эмес билим берүүнүн түрү;

19) балдарга кошумча билим берүү - эркин тандоого жана жалпы билим берүү уюмдарында окуудан бош убакыттарда балдарды кесиптик аныктоодо кызыкчылыктарын, руханий суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн толук канааттандырууга негизделген формалдуу эмес билим берүүнүн түрү;

20) мектепке чейинки билим берүү - негизги максаты баланы жашоого жана мектепке баштапкы даярдоо, анын чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналган тарбиялоого жана окутууга багытталган билим берүү деңгээли;

21) дуалдык окутуу - билим алуучулардын эмгегине төлөө мүмкүнчүлүгү менен, билим берүү уюмунун, билим алуучунун жана иш берүүчүнүн бирдей жоопкерчилигинде билим берүү уюмунда теориялык материалды үйрөнүүнүн жана базалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн, практикалык көндүмдөрдү бекемдөөнүн, жумушчу орунда кесиптик тажрыйбага ээ болуунун үзгүлтүксүз циклин камсыз кылуучу окутуунун түрү;

22) жекече окуу планы - конкреттүү билим алуучунун өзгөчөлүктөрүн жана билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;

23) инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен бардык билим алуучулар үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

24) информалдык билим берүү - адамдын иши, үй-бүлөлүк жашоосу же бош убактысын өткөрүүсү менен байланышкан күнүмдүк жашоо-турмушунун жүрүшүндө билим берүү системасынын алкагынан тышкары өтүүчү окутуу;

25) билим берүүдөгү маалымат системасы - алардын жардамы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу жүргүзүлүүчү электрондук маалымат базаларынын, маалымат технологияларынын жана техникалык каражаттардын жыйындысы;

26) билим берүүнүн сапаты - социалдык жана инсандык күтүүлөргө, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, кесиптик стандарттарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык билим берүү программаларына шайкештик даражасын чагылдыруучу билим берүү тутумунун, билим берүү уюмунун жана билим алуучунун билим алуудагы жекече жетишкендиктеринин комплекстүү мүнөздөмөсү;

27) квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен тастыкталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;

28) кабыл алуу квотасы - мамлекеттик билим берүү буйрутмасынын, анын ичинде I жана II топтогу майыптардын арасынан жарандарды, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилген жактарды, бала кезинен майыптарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды, айыл жаштарын жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдарды, ошондой эле жетим балдарды жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдарды кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн бөлүнүүчү мамлекеттик билим берүү гранттарынын чектеги көлөмү;

29) компетенттүүлүк - адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) билимдин жана көндүмдөрдүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;

30) компетенция - билим алып жаткандарды белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

31) комплекстүү билим берүү уюму - билим берүүнүн эки же андан көп деңгээлинин билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары;

32) магистр - аспирантурага (адъюнктурага) жана (же) базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) өтүү жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билим берүү квалификациясынын деңгээли;

33) көп тилдүү билим берүү - окутуу каражаты катары эки же андан көп тил пайдаланылган окутууну уюштуруу процесси;

34) квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

35) квалификациялардын улуттук системасы - өзүнө квалификациялык улуттук алкакты, тармактык/сектордук квалификациялык алкактарды, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу жол-жоболорун, билим берүү уюмдарынын квалификацияларын жана программаларын баалоо системаларын камтуучу билим берүү чөйрөлөрүнүн жана эмгек рыногунун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү механизмдердин жыйындысы;

36) кесиптик башталгыч билим берүү - негизги же орто жалпы билим берүү базасында квалификациялуу эмгек кызматкерлерин коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча даярдоого багытталган билим берүү деңгээли;

37) үзгүлтүксүз билим берүү - адамды өмүр бою коштоп жүрүүчү, ар биринде өнүгүүнүн жаңы деңгээлине өтүү үчүн өбөлгөлөр түзүлүүчү жашоо этаптарында ырааттуу түрдө ишке ашырылуучу билим берүү;

38) формалдуу эмес билим берүү - окутуу формасынын көп түрдүүлүгүнө жана ар түрдүүлүгүнө, жарандын билим алуу муктаждыктарына ыкчам жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө негизделген формалдуу билим берүү алкагынан сырткары билим берүү иши;

39) билим берүү - адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүзөгө ашырылуучу окутуунун, тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү максаттуу процесси, ошондой эле алынган билимдердин, көндүмдөрдүн, баалуулуктардын жана компетенциялардын жыйындысы;

40) туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү - жашоо сапатын жогорулатуу үчүн бардык болгон ресурстарды натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү пайдалануунун негизинде социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана алдын алуу үчүн билим алып жаткандардын билимдерди, көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү алуусуна багытталган билим берүү;

41) билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдин же адистиктин максатын, милдетин, пландалган жыйынтыктарын, билим берүү процессин уюштурууну аныктоочу конкреттүү деңгээлдеги билим берүүнүн, багыттын же адистиктин мазмуну;

42) билим берүү иши - билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүк;

43) билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктери - билим берүүнүн аныкталган жаатында билимдин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн жана компетенциялардын деңгээлин аныктоо үчүн тесттердин жана баалоонун башка жол-жоболорунун жардамы менен өлчөнүүчү билим берүү программаларын билим алуучулардын өздөштүрүүсүнүн натыйжалары;

44) билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү - билим берүү муктаждыктарын канааттандыруу максатында билим берүүгө жана көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган иш-аракеттер;

45) билим берүү процесси - билим берүү программаларынын мазмунун билим алуучулар өздөштүрүү максатында окутууну, тарбиялоону жана өнүктүрүүнү уюштуруу системасы;

46) билим алуучу - билим берүүнүн бардык деңгээлинде билим берүү программасын өздөштүрүүчү адам;

47) жумуш ордунда окутуу - милдеттүү түрдө практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасына ээ болуу менен билим берүү уюмунда билим алып жаткандар тарабынан жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасы;

48) билим берүү стратегиясы (билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы) - билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана принциптерин бүтүн социалдык институт катары аныктоо;

49) өзгөчө билим берүү муктаждыктары - билим алуучунун керектөөлөрүн канааттандырууда атайын шарттарды жана чөйрөнү түзүү, анын максималдуу мүмкүн болгон өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн атайын билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен атайын билим берүү технологияларын пайдалануу талап кылынган билим алуучунун керектөөлөрү;

50) квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - аныкталган тармактагы (сектордогу) квалификациялардын мазмундарынын деңгээлдери боюнча системалык жана түзүмдөштүрүлгөн сүрөттөмөсү;

51) жалпы республикалык тестирлөө - Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окууга эң жөндөмдүү жана даярдалган абитуриенттерди аныктоо максатында жүргүзүлүүчү окуудагы ийгиликтерди баалоо процесси;

52) онлайн билим берүү уюму - онлайн окутуунун билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюму;

53) педагогикалык кызматкер - тиешелүү кесиптик билими жана квалификациясы бар, билим берүү уюмунда иштеп жаткан, окутуу, тарбиялоо, методикалык, уюштуруучулук, илимий, жетекчилик жана башка билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу жеке адам;

54) кайра даярдоо - өзүндө болгон кесиптик билиминин базасында билими жөнүндө документти алуу менен жаңы кесипти же адистикти алууга байланышкан окутуу;

55) акы төлөнүүчү билим берүү иши - мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунда акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлүүчү билим берүү кызматы;

56) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү - кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында билим деңгээлин, илимий, педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган билим берүү деңгээли;

57) билим берүү уюмун өнүктүрүү программасы - билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордуна талапкердин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим алуучулардын билим алууда жана башка жетишкендиктерин өстүрүү, инклюзивдик билим берүү принцибин сактоо, билим берүү уюмунун жергиликтүү коомдоштук менен өз ара аракеттенүү, институционалдык жана финансылык туруктуулукка, айкындуулукка жана отчеттуулукка жетишүү боюнча талапкердин иш-аракеттер планын (аткаруунун жана мөөнөттөрдүн индикаторлорун көрсөтүү менен), ошондой эле бул билим берүү уюмун өнүктүрүүгө багытталган кандай болбосун башка иш-аракеттерин көрсөтүүчү программасы;

58) кесиптик жактан өнүгүү - кесиптик билим берүү, квалификацияны жогорулатуу жана жеке билим берүү муктаждыктарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашырылуучу калыптануу жана кесиптик жактан өсүү процесси;

59) кесиптик стандарт - кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү;

60) тармактык окутуу - билим берүү процессинин түзүмүндөгү, мазмунундагы жана уюшуусундагы өзгөрүүлөрдүн эсебинен билим алууну улантууга же эмгек рыногуна чыгууга карата билим алуучунун кесиптик кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына ылайык анын кызыкчылыктарын, шыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алууга мүмкүндүк берүүчү окутууну дифференциациялоого жана жекелештирүүгө багытталган окутуу;

61) реабилитация/абилитация:

билим берүүдөгү реабилитация - билим алуучунун майыптыкка кабылуусунун же ден соолугуна байланыштуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жоголгон же бузулган көндүмдөрүн, жөндөмдөрүн же билимин калыбына келтирүү процесси;

билим берүүдөгү абилитация - билим алуучу белгилүү бир жаңы көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү же билимдерди алууда колдоо көрсөтүүгө багытталган процесс;

62) үй-бүлөлүк билим берүү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык тийиштүү билим берүү уюмунда аралык жана жыйынтык аттестациядан өткөн шартта билим берүү программасын билим берүү уюмунан сырткары окууну караган, билим алуучулардын бардыгы үчүн жеткиликтүү болгон билим алуу формасы;

63) кесиптик компетенцияларды сертификаттоо (көз карандысыз сертификаттоо) - адистин кесиптик стандарттардын талаптарына шайкештигин аныктоо процесси, аларды алуу ыкмасына жана кесиптик ишине карабай квалификациясын таануу;

64) билим берүү системасы - билим алууга конституциялык укукту ишке ашырууга жана сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган уюмдардын, мамлекеттин саясатынын жана чараларынын өз ара аракеттенүүсүн кепилдеген бүтүн, комплекстүү, интеграцияланган система;

65) билим берүү процессинде коштоо - билим алуучуну колдоо жана билим алуучу тарабынан оптималдуу өнүгүүгө жана социалдык ийгиликтүү интеграцияга жетүү максатында, билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуучунун инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү;

66) социалдык билим берүү кредити - бул Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окууну төлөө үчүн Министрлер Кабинети тарабынан субсидиялануучу жеңилдетилген кредит;

67) адис - магистратурага, аспирантурага (адъюнктурага) жана/же базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшыруу жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билимдин квалификациясынын деңгээли;

68) атайын билим берүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же билим берүү уюмдарында окутуу;

69) орто жалпы билим берүү - коомдо активдүү социалдык адаптацияланууга жана өз алдынча турмуштук тандоого, эмгек ишмердигине, өз алдынча окууга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө жөндөмдүү, шайкеш өнүккөн инсанды тарбиялоого жана окутууга багытталган билим берүү деңгээли;

70) кесиптик орто билим берүү - негизги, орто жалпы же кесиптик башталгыч билим берүүнүн базасында билим алуучулардын аныкталган адистик (багыт) боюнча кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана жеке компетенцияларды өздөштүрүүсүн камсыз кылуучу, даярдоого багытталган билим берүүнүн деңгээли;

71) билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу, Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;

72) квалификациянын деңгээли - кызматкерлердин компетенцияларына карата квалификациялык алкактарда белгиленген жана сыпатталган талаптардын жыйындысы;

73) билим берүү деңгээли - талаптардын белгилүү бир бирдиктүү жыйындысы менен мүнөздөлгөн билим берүүнүн аяктаган цикли;

74) билим берүү процессинин катышуучулары - билим алып жаткандар, педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмдарынын окутуучу-көмөкчү жана башкаруу персоналы, билим алып жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), иш берүүчүлөр, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү;

75) окуу-өндүрүштүк комплекс - бул билим алып жаткандар реалдуулукка жакындатылган өндүрүштүк милдеттерди түздөн-түз аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жана товарларды сатуу менен алган билимдерин жана көндүмдөрүн анда иш жүзүндө колдоно ала турган, ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы статусу бар билим берүү уюмдарынын базасында түзүлүүчү түзүм;

76) окуу планы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды окуп үйрөнүү тартибин жана контролдоо формаларын регламенттөөчү документ;

77) окуу чарбасы - билим алып жаткандардын тамак-аш рационун колдоого жана кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу айыл чарба жаатында практикалык көндүмдөрдү алууга багытталган билим берүү уюмунун көмөкчү чарбасы;

78) илимий даража - билимдин аныкталган тармагында жетишилген илимий деңгээлди чагылдыруучу, окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертацияны коргогон адамга ыйгарылуучу жогорку окуу жайынан кийинки билимдин квалификациясынын деңгээли;

79) алдыңкы тажрыйба борбору - рыноктун суроо-талаптарын жана өлкөнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу максатында инновациялык, новатордук, санариптик, инклюзивдик технологияларды жана чечимдерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү боюнча инновациялык, интеграцияланган программаларды ишке ашыруучу билим берүү уюму;

80) формалдуу билим берүү - менчигинин түрүнө карабастан, билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү жана мамлекеттик билим берүү стандарттары менен регламенттелүүчү билим берүү;

81) экстернат - тиешелүү билим берүү уюмунда кийин аттестациядан (кезектеги жана жыйынтыктоочу) өтүү менен негизги билим берүү программаларына ылайык билим алып жаткандардын сабактарды тездетилген окуусу.

Билим берүү жаатындагы ченемдик базаны түзүүдө пайдаланылуучу бардык башка атайын түшүнүктөр ушул беренеде баяндалган негизги түшүнүктөргө карама-каршы келбеши керек.

4-берене. Билим алуу укугу

  1. Кыргыз Республикасында ар бир адам жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка ынанымдарына, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим алышат.
  3. Аларга карата жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн чаралары колдонулган жарандардын билим алууга укуктарын камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2-глава. Билим берүү системасы

5-берене. Билим алууга укуктун мамлекеттик кепилдиктери

Мамлекет төмөнкүлөр аркылуу жарандардын билим алууга болгон укуктарын ишке ашырууга, сактоого жана коргоого кепилдик берет:

1) ар бир адам үчүн сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган, инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарына жооп берүүчү билим берүү системасын түзүү;

2) жарандардын мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билимди бекер алуу, ошондой эле мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде кесиптик башталгыч билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;

3) ар бир адамдын кесиптик орто жана жогорку, ошондой эле жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим алууга жетүүсү үчүн шарттарды түзүү;

4) инклюзивдик билим берүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана билим алууда басмырлоонун кандай болбосун көрүнүштөрүнө жол бербөө;

5) окутуунун ар кандай формаларын жана билим берүү уюмдарынын түрлөрүн өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзүү;

6) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу маселелеринде мамлекеттин, жергиликтүү коомдоштуктардын, билим берүү процессинин катышуучуларынын жана жарандык коомдун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү;

7) билим берүүгө багытталуучу бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу;

8) окуу китептерин, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен чыгарылуучу окуу китептерин, окуу жана усулдук колдонмолорду (окуу-усулдук комплекстерди жана окуу-дидактикалык материалдарды) басып чыгаруу үчүн шарттарды түзүү.

6-берене. Билим берүү системасы

Кыргыз Республикасынын билим берүүсү билим алууга конституциялык укукту ишке ашырууга жана сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган уюмдардын, мамлекеттин саясатынын жана чараларынын өз ара аракеттенүүсүнө кепилдик берүүчү бүтүн, комплекстүү интеграцияланган система болуп саналат. Билим берүү системасына төмөнкүлөр кирет:

1) билим берүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде билим берүүнү уюштуруу, башкаруу жана каржылоо маселелериндеги мамлекеттик саясат, мамлекеттик билим берүү стандарттары;

2) билим берүү уюмдары;

3) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

4) билим берүү процессинин катышуучулары.

7-берене. Билим берүүнүн деңгээлдери

  1. Кыргыз Республикасында билим берүү билим берүүнүн төмөнкү баскычтары аркылуу ишке ашырылат:

1) мектепке чейинки билим берүү;

2) жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү;

3) кесиптик (башталгыч, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки) билим берүү;

4) кошумча билим берүү (балдарга, эрезеге жеткендерге билим берүү жана кошумча кесиптик билим берүү).

  1. Билим берүүнүн деңгээлдери формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү болуп бөлүнөт. Мамлекет формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууга шарттарды түзөт жана колдойт.

8-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын принциптери

  1. Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу стратегиялык багыты болуп саналат.
  2. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, жаппы мамлекеттик программаларды бекитүү аркылуу жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлөт.
  3. Кыргыз Республикасында билим берүү калктын, дүйнөлүк маданияттын гуманисттик баалуулуктарынын жана демократиянын принциптерине негизденет.
  4. Билим берүүнү уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) сапаттуу билим алууга ар бир жарандын укугунун бирдейлиги;

2) туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү системасы тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;

3) ар бир билим алуучуга коомдун пайдалуу мүчөсү болууга мүмкүндүк берүүчү, демократиялык жана өнүгүшү илимий билимдерге, өз ара түшүнүшүүгө, толеранттуулукка жана коом мүчөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкка негизделген светтик коомду өнүктүрүүгө түрткү берүүчү билим берүү системасын түзүү;

4) ар бир адамдын башталгыч, негизги жана орго жалпы билим алуусунун милдеттүүлүгү;

5) билим берүүдөгү ырааттуулук жана үзгүлтүксүздүк;

6) мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн, кесиптик башталгыч билим берүүнүн акысыздыгы;

7) билим алуучуларда дүйнө жөнүндө илимий көз карашын жана жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктардын гармониялуу системасын калыптандырууга багытталган билим берүүнүн гуманистик мүнөздөмөсү;

8) билим берүү уюмдарында окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун светтик мүнөзү;

9) билим берүүнүн саясий жана диний институттардан көз карандысыздыгы;

10) билим берүү жана тарбиялоо процесстеринин биримдиги, системдүүлүгү жана үзгүлтүксүздүгү;

11) билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жоопкерчиликтерин жана ролдорун жогорулатуу;

12) билим берүү уюмдарынын окутуунун, тарбиялоонун типтери, түрлөрү жана формалары, иш багыттары жана программалары, менчик формалары боюнча көп түрдүүлүгү;

13) өлкөнүн башка маалымат системалары менен интеграциялоо үчүн бардык билим алуучулар үчүн билим берүү ресурстарынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүүнү санариптештирүүнү өнүктүрүү; билим берүүнүн жаңы технологияларын пайдалануу, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;

14) бардык деңгээлдерде билим берүү сапатын камсыз кылуунун натыйжалуу системасын түзүү;

15) бүтүрүүчүлөрдүн заманбап көндүмдөрдү жана компетенцияларды калыптандырууга жана алууга багытталган күтүлгөн окутуу жыйынтыгына жетишүүсү;

16) ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык алдыңкы тажрыйбанын жетишүүсүнө багыт алуу;

17) билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндиги жана академиялык чынчылдыгы;

18) педагогикалык кызматкердин статусун көтөрүү, анын кесиптик деңгээлинин өсүшүнө шарттарды түзүү, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик бирикмелерин өнүктүрүү;

19) билим берүү кызматтарынын экспортун өнүктүрүү;

20) билим берүү уюмдарынын бардык кызыкдар тараптар менен социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүү;

21) билим берүү системасын өнүктүрүүгө бардык кызыкдар тараптарды тартуу, өбөлгөлөө жана аракеттерин координациялоо;

22) билим берүү уюмдарынын автономиясы;

23) менчигинин формасына карабастан, бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттар, билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкты чектөөгө жол бербестик;

24) билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин үзгүлтүксүздүгүн жана бири-бирин толуктап турушун камсыз кылуучу бүтүндүгү;

25) эл аралык мыкты стандарттарга ылайык сапаттуу билимге жетишүү.

3-глава. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат

9-берене. Мамлекеттик билим берүү стандарттары

  1. Кыргыз Республикасында билим берүү деңгээлдерине төмөнкүдөй мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет: мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү.
  2. Мектепке чейинки, жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттерин иштеп чыгуу процесси билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен инклюзивдик билим берүүнү, экономиканын керектөөлөрүн жана жарандардын билим алуу муктаждыктарын эске алып, ачык, демократиялуу уюштурулат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
  3. Мамлекеттик билим берүү стандарттары менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү уюмдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
  4. Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик кесиптик жогорку билим берүү уюмдары мамлекеттик билим берүү стандарттарына теңештирилген билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгуу жана бекитүү укуктарына ээ.
  5. Коргоо, ички иштер, саламаттык сактоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөлөрүндө кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу ушул чөйрөлөрдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
  6. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо билим берүү деңгээлине, өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына жараша дайыма жүргүзүлүп турат.
  7. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экономиканын, иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын жана жарандардын билим алууга керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименталдык билим берүү стандарттарын бекитүүгө укуктуу.

10-берене. Билим берүүнүн формалары

  1. Билим берүү кызматтарын көрсөтүү билим алуучунун жекече керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуучу билим берүүнүн ар кандай формаларында жүзөгө ашырылат.
  2. Билим берүү программалары төмөнкү формаларда өздөштүрүлөт: күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу, экстернат, ошондой эле үйдө окутууну кошкондо үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу формасында.
  3. Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында, экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
  4. Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында, экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптер жана адистиктер боюнча аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу аркылуу аны өздөштүрүүгө Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте чектөө киргизилиши мүмкүн.

11-берене. Окутуунун тили

  1. Билим берүү уюмдарында тил саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
  2. Мамлекет ар бир жаранды билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин биринде окутуу үчүн шарттарды түзөт.
  3. Билим берүү кызматтары көп тилдүү билим берүү принцибин сактоо менен чет тилде берилиши мүмкүн.
  4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, мамлекет Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде билим алууга көмөк көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык этникалык топтордун өкүлдөрүнө эне тилин үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет.

4-глава. Билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу

12-берене. Билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасы

Билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу Министрлер Кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын алкагында Министрлер Кабинети, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул Мыйзамда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында жүзөгө ашырылат.

13-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) билим берүү, билим берүү системасын өнүктүрүү стратегиясы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, билим берүү чөйрөсүндө артыкчылыктарды аныктоо;

2) педагогикалык кызматчылардын, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жана билим алуучулардын эмгегин шыктандыруу системасын түзүү;

3) мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу процессин уюштуруу;

4) билим берүү уюмдарын каржылоо тартибин иштеп чыгуу;

5) билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана улуттук программаларын иштеп чыгуу;

6) билим берүү системасын маалыматтык камсыз кылуу;

7) окуу адабияттарын, окуу куралдарын, окуу-методикалык комплекстерди, алардын санариптик жана (же) электрондук форматтарын кошо, менчигинин формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан басып чыгаруу, жарыялоо жана экспертизасын жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү;

8) формалдык билим берүүнүн сапатын баалоого мониторинг жүргүзүү жана уюштуруу;

9) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү;

10) билим берүү чөйрөсүндөгү улуттук, мамлекеттик стратегиялык программаларды иштеп чыгуу жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

11) билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу, билим берүү жана илим маселелери боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламдарын колдоп чыгуу;

12) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүгө, иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө бардык кызыкдар тараптарды тартуу;

13) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен билим берүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;

14) Кыргыз Республикасында берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын тастыктоо;

15) чет өлкөдө берилген билими жөнүндө документтерди таануу;

16) билим берүү системасын каржылоонун жана тескөөнүн натыйжалуулугун көз карандысыз баалоону уюштуруу;

17) билим берүү кызматтарынын экспортун өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;

18) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

19) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырылышы жөнүндө ар жылдык ачык отчеттуулук;

20) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

14-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) билим берүү чөйрөсүндө жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу;

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) муниципалдык билим берүү уюмдарын түзүү;

2) муниципалдык билим берүү уюмдарында билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө көмөктөшүү;

3) муниципалдык билим берүү уюмдарын каржылоо, имараттарын карап күтүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуулоо;

4) мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча окутулууга тийиш болгон балдардын системалык түрдө эсебин алуу жана аларды камтууга көмөк көрсөтүү;

5) өзгөчө билим берүүгө муктаж жана турмуштук оор кырдаалда турган жактарга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан кошумча каржылоо берүү, башка чараларды көрүү;

6) балдарды жалпы билим берүү уюмдарына ташууну уюштуруу;

7) мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу;

8) жалпы билим берүү уюмдарына жер үлүштөрүн бөлүп берүү;

9) жаштарды кесипке даярдоо маселелерин ишке ашырууга жана координациялоого көмөк көрсөтүү;

10) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

15-берене. Билим берүүдөгү маалымат системасы

  1. Билим берүүдөгү маалымат системасы Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын абалы жөнүндө толук, ишенимдүү жана актуалдуу маалыматты алууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн негиздүү жана өз убагындагы башкаруу, финансылык жана башка чечимдерди кабыл алууга багытталган.
  2. Билим берүүдөгү маалымат системасын иштеп чыгуу билим берүүдөгү маалымат системасынын улуттук статистикалык системанын маалыматтарына шайкештигин жана өз ара аракетин камсыз кылуучу бирдиктүү уюштуруучулук, методологиялык жана программалык-техникалык принциптерге, мамлекеттик башка маалымат системаларына жана маалыматтык-коммуникациялык түйүндөргө ылайык жүзөгө ашырылат.
  3. Билим берүүдөгү маалымат системасы билим берүү уюмдары, инфратүзүмү, билим берүү программалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасынын абалын чагылдыруучу башка маалыматтарды камтыйт.
  4. Билим берүүдөгү маалымат системасын башкарууну билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Билим берүүдөгү маалымат системасын, анын ичинде маалыматтарды жыйноону, сактоону, иштеп чыгууну, пайдаланууну жана жайылтууну башкаруу электрондук башкаруу, расмий статистика жана жекече маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.

16-берене. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу

  1. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу тобокелдиктерди минималдаштырууга жана билим берүү процессинин катышуучуларынын психологиялык, маалыматтык, физикалык, экологиялык жана башка коопсуздугун камсыз кылууга багытталган билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн билим берүү уюму тарабынан көрүлгөн чаралардын жана иш-чаралардын жыйындысын камтыйт.
  2. Билим берүү уюмунун коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуудагы милдеттери болуп коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн уюштуруучулук жана финансылык шарттарды түзүү, коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу саналат.
  3. Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн билим берүү уюму жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары, ата-энелер коомдоштугу жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.

17-берене. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо

  1. Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу тутуму билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун ички жана тышкы системалары аркылуу ишке ашырылуучу билим берүүнүн сапатын тескөөнүн системалык жана ырааттуу процессин камтыйт.
  2. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо максатында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн түзүмүндө өз алдынчалуулуктун, көз карандысыздыктын жана айкындуулуктун принциптеринде иш алып баруучу Билим берүү сапатын өнүктүрүү боюнча департаментти түзөт. Департаменттин жетекчиси билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштоосу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат орунга дайындалат жана кызмат орундан бошотулат.
  3. Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапаты жөнүндө ишенимдүү, толук жана объективдүү маалыматты алуу максатында билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн сапатынын олуттуу мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана талдоо аркылуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзөт.
  4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган формалдуу билим берүүнүн сапатын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана (же) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык билим берүү программаларына шайкеш келишине баалоону уюштурат. Билим берүүнүн сапатын баалоо көз карандысыз эксперттер же уюмдар тарабынан тандамал тестирлөө системасынын жана (же) баалоонун башка жол-жоболорунун негизинде жүргүзүлөт. Тандамал тестирлөө жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана (же) эл аралык билим берүү программаларына шайкеш келишине баалоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
  5. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча өз убагында чараларды көрүү, анын ичинде билим берүүнүн сапатынын жогору көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн билим берүү уюмдарына сунуштарды берүү жана жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары тартип чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналбайт. Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыгы (жекече маалыматтарды кошпогондо) ачык маалымат болуп саналат.
  6. Билим берүү уюмдарынын жана программалардын рейтингин аныктоо, билим алуучунун жетишкендиктерин баалоо тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
  7. Билим берүү сапатын өнүктүрүү боюнча департамент Кыргыз Республикасында берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын күбөлөндүрүү тартибин белгилейт, ошондой эле чет өлкөдө берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын тааныйт.

5-глава. Билим берүү уюмдары

18-берене. Билим берүү уюмдары

  1. Билим берүү уюму билим берүү кызматтарын ишинин негизги түрү катары көрсөтүүчү юридикалык жак болуп саналат. Билим берүү уюмдары мамлекеттик, муниципалдык жана менчиктин жеке формаларында түзүлүшү мүмкүн.
  2. Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон айрым мамлекеттик билим берүү уюмдарына билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Улуттук" статусу ыйгарылышы мүмкүн.
  3. Мамлекеттик билим берүү уюмдарына көрүнүктүү инсандардын ысымын ыйгаруу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
  4. Мамлекеттер аралык билим берүү уюмдарынын укуктук статусу эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат.
  5. Менчигинин кандай болбосун формасындагы билим берүү уюмдарын түзүү, башкаруу, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен жөнгө салынат.
  6. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун уставы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат.
  7. Билим берүү уюмун кайра уюштуруу же жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүзөгө ашырылат. Бул учурда уюмдаштыруучу билим алуучуларды башка билим берүү уюмдарына алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча которуу үчүн жоопкерчилик алат.

19-берене. Билим берүү уюмдарынын типтери

  1. Билим берүү уюмдары ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларына ылайык типтерге бөлүнөт.
  2. Билим берүү уюмдарынын типтери:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдары;

2) башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү уюмдары (жалпы билим берүүчү мектеп);

3) кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары;

4) кесиптик орто билим берүү уюмдары;

5) кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары;

6) маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдары (балдардын көркөм мектептери, балдардын музыкалык мектептери жана искусство мектептери);

7) балдарга жана эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү уюмдары;

8) кесиптик кошумча билим берүү уюмдары.

  1. Билим берүү уюмдарынын типтери түрлөргө бөлүнөт. Билим берүү уюмдарынын түрлөрү жана алардын негизги критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.
  2. Мамлекеттер аралык билим берүү уюмдарынын түрү жана статусу өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык аныкталат.

20-берене. Билим берүү программалары

  1. Билим берүү уюмдары билим берүүнүн түрдүү деңгээлдеринин билим берүү программаларын ишке ашыруу аркылуу билим берүү ишин жүзөгө ашырышат.

Кесиптик билим берүүнүн программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык, ошондой эле экономиканын керектөөлөрүн жана жарандардын билим алуудагы керектөөлөрүн эске алуу менен иштеп чыгышат жана бекитишет.

  1. Кыргыз Республикасында жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүү программалары ишке ашырылат.

1) Жалпы билим берүү программаларына төмөнкү программалар кирет:

а) мектепке чейинки билим берүү;

б) башталгыч жалпы билим берүү;

в) негизги жалпы билим берүү;

г) орто жалпы билим берүү.

2) Кесиптик билим берүү программаларына төмөнкү программалар кирет:

а) кесиптик башталгыч билим берүү;

б) кесиптик орто билим берүү;

в) кесиптик жогорку билим берүү;

г) жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү.

3) Кошумча билим берүү программаларына төмөнкү программалар кирет:

а) балдарга кошумча билим берүү;

б) эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү;

в) кесиптик кошумча билим берүү.

21-берене. Билим берүү уюмдарынын укуктары жана милдеттери

  1. Билим берүү уюмдары ушул Мыйзамга жана билим берүү уюмунун уставына ылайык билим берүү иштерин, администрациялык, финансылык-экономикалык иштерди өз алдынча жүзөгө ашырууга, башкаруу, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелеринде башкаруу чечимдерин кабыл алууга, билим берүү жана башка иштерди жүргүзүү жана өнүктүрүү үчүн бюджеттик жана атайын каражаттарды тескөөгө укуктуу.
  2. Билим берүү уюму баалоо системасын, билим берүү процессинин методикаларын жана билим берүү технологияларын, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын өз алдынча тандайт.
  3. Билим берүү процессин уюштурууда билим берүү уюму окутуу каражаты катары эки же андан ашык тилди пайдалана алат.
  4. Билим берүү уюмдары аларга обочолонгон мүлк берип, юридикалык жактын же филиалдын статусу менен түзүмдүк бөлүктөрдү түзө алышат. Түзүмдүк бөлүктөр филиалдарды жана башка бөлүктөрдү түзүүгө укуктуу эмес.
  5. Кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик же муниципалдык билим берүүчү бир уюмунун алкагында студенттерди окутуу, бир багыт же адистик боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кайталанган түзүмдүк бөлүктөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.
  6. Билим берүү уюмдарында саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат. Билим берүү уюмдарында билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин арасында саясий жана диний пропаганда жана үгүттөө жүргүзүүгө жол берилбейт.
  7. Билим берүү уюму окутуунун гибриддик методун колдонууга укуктуу, мында билим берүү уюму педагог менен билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу окутуунун салттуу методун онлайн окутуу методу менен айкалыштырат.
  8. Билим берүү уюму билим берүү ишин билим берүүнүн эки же андан көп деңгээлиндеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу комплекстүү билим берүү уюму катары жүргүзүүгө укуктуу.
  9. Билим берүү уюму билим берүү кызматын онлайн окутуу методу менен көрсөтүүчү онлайн билим берүү уюму катары билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
  10. Билим берүү уюмдары коомдук уюмдарды жана бирикмелерди (бирликтерди, академияларды, кесиптик ассоциацияларды, окуу-методикалык бирикмелерди, илимий-методикалык, илимий-техникалык жана башка кеңештерди жана уюмдарды), окуу-өндүрүштүк жана инновациялык бөлүмдөрдү түзө алат.
  11. Билим берүү уюмдары билим берүү уюму жана анын иши жөнүндө маалыматтарды камтыган ачык жана жалпыга жеткиликтүү маалыматтык ресурстарды түзүшөт.

22-берене. Билим берүү уюмдарын башкаруу

  1. Билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялаштыруу, борбордон ажыратуу, автономия жана өз алдынча башкаруу принциптеринде куралат.
  2. Билим берүү уюмдарын кошо башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, камкорчулардын, окумуштуулардын, педагогикалык жана башка кеңештер же комитеттер саналат. Кошо башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат. Билим берүү уюмдарына түздөн-түз жетекчиликти ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.
  3. Окуучулардын, билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана педагог кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын козгогон маселелер боюнча билим берүү уюмун башкаруу маселелери боюнча алардын пикирлерин эске алуу максатында, окуучулардын, билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана педагог кызматкерлердин демилгеси менен билим берүү уюмунда ата-энелер комитеттери, окуучулардын же студенттик кеңештер, кесиптик бирликтер түзүлүшү мүмкүн.
  4. Мектепке чейинки, жалпы (мектептик) жана кошумча билим берүү программаларын, ошондой эле кесиптик башталгыч жана орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери Министрлер Кабинети аныктаган тартипте конкурстун негизинде дайындалат. Педагогикалык жана (же) башка адистик боюнча кесиптик жогорку билими бар адамдар аталган билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарына талапкер боло алышат. Конкурска катышып жаткан талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар жана конкурстук комиссиянын курамы Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  5. Ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарга билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайындалат жана бошотулат.
  6. "Улуттук" статусу бар кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орунга билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, анын ичинде "Улуттук" статусуна ээ кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат орунга дайындоо жана бошотуу, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  7. Ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кесиптик жогорку билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарына Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте дайындалат жана бошотулат.
  8. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орунга 5 жылдык мөөнөт менен дайындалат. Бир эле ошол адам мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун жетекчисинин ишин бир эле ошол мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунда жыйындысында 10 (он) жылдан ашык жүзөгө ашыра албайт.
  9. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, анын ичинде "Улуттук" статусу бар жогорку кесиптик билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  10. Мамлекет аралык макулдашууга кол коюу аркылуу түзүлгөн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын жетекчилери аталган макулдашууларга ылайык дайындалат. Жетекчинин кызмат ордуна дайындоонун кезектүүлүгү тиешелүү мамлекеттер аралык макулдашуу менен аныкталат.
  11. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун, анын ичинде "Улуттук" статусу уюмдун жетекчисин кызмат ордунан бошоткон учурда, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жаңы жетекчи дайындалганга чейин анын милдеттерин аткарууну жетекчинин орун басарларынын бирине убактылуу жүктөйт. Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмунун жетекчисинин милдетин аткаруучу билим берүү уюмунун кызматкерлеринин кызмат орундарынан бошотууга же дайындоого укуктуу эмес.

6-глава. Билим берүү ишин жөнгө салуу

23-берене. Билим берүү ишин лицензиялоо жана билим берүү ишин жүзөгө ашыруунун кабарлоо тартиби

  1. Билим берүү иши, төмөндө баяндалган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын лицензиялоо-уруксат берүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга тийиш.
  2. Төмөнкүлөрдүн билим берүү иштери лицензияланууга жатпайт:

1) жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын;

2) өзгөчө статуска ээ болгон жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын;

3) автомектептердин ишин, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүүнү кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын.

  1. Мектепке чейинки билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча билим берүү иши билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүчү кабарламанын негизинде жүзөгө ашырылат.
  2. Билим берүү уюмдары жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүрүү жана окуу үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
  3. Диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиялар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

24-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо

  1. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарын аккредитациялоону кошпогондо, таанылган аккредитациялоо агенттиктеринде ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат. Кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарын аккредитациялоо милдеттүү болуп саналат.
  2. Билим берүү уюму аккредитациялык агенттиктерди өз алдынча тандайт. Аккредитациялоо аккредиттелүүчү билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
  3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдарын жана жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринин алдындагы кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын аккредитациялоо жүргүзүлбөйт.
  4. Аккредитациялык агенттиктердин иши ачык жана айкын болот.
  5. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитациялык агенттиктердин реестрин жүргүзөт.
  6. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жана ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө маселелерди коллегиалдуу жана ачык кароо үчүн Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүлөт.

Улуттук аккредитациялык кеңеш 11 адамдан турат, алардын катарына билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын 3 өкүлү, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын 3 өкүлү, иш берүүчүлөр ассоциациясынын 3 өкүлү, коомдук институттардын 2 өкүлү кирет.

Улуттук аккредитациялык кеңештин курамын түзүүнүн, аккредитациялык агенттиктерди таануунун же таануудан баш тартуунун, таанууну токтото туруунун жана мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруунун, алардын ишине мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

25-берене. Билими тууралуу документтер

  1. Формалдуу билим берүү уюмдары (мектепке чейинки билим берүүнү кошпогондо) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү жана (же) билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн чечими боюнча өздүк үлгүдөгү документтерди берүүгө укуктуу.
  2. Билим берүүнүн жана квалификациянын тийиштүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ жана (же) өздүк үлгүдөгү документ билим берүүнүн кийинки деңгээлинин программалары боюнча окууну улантуу үчүн зарыл шарт болуп саналат.
  3. Кесиптик башталгыч, орто, жогорку билими жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билими жөнүндөгү документтер алардын ээлерине алган квалификациясына ылайык кесиптик иш менен алектенүүгө, анын ичинде, белгиленген тартипте милдеттүү квалификациялык талаптар аныкталган кызмат орундарын ээлөөгө укук берет.
  4. Мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер жана өздүк үлгүдөгү билими жөнүндө документтер так отчеттуу документтер болуп саналышат.

Билим берүү уюму билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте билими жөнүндө берилген документтердин так эсебин алууну, ошондой эле билим алуучулардын билим берүү программаларын өздөштүрүүсүнүн жекече натыйжаларын эсепке алууну, аларды кагаз же электрондук түрүндө архивдик сактоону жүзөгө ашырат.

  1. Мамлекеттик үлгүдөгү документтердин тизмеги жана үлгүлөрү, ошондой эле аларды даярдоо, сактоо жана берүү тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин реестри Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин жүргүзүүгө жана тейлөөгө жооптуу болгон мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Кесиптик орто жана жогорку билими жөнүндө документ эл аралык үлгүдөгү тиркемени камтышы мүмкүн.
  3. Кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык эки же андан көп диплом берүүгө укуктуу.

7-глава. Мектепке чейинки билим берүү

26-берене. Мектепке чейинки билим берүү

  1. Мектепке чейинки билим берүү мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы маданиятын калыптандырууга, дене бойлук, интеллектуалдык, адеп-ахлактык, эстетикалык жана инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө, дүйнө жөнүндөгү илимий негизделген түшүнүгүн калыптандырууга, ден соолугун сактоого жана чыңдоого, тарбия берүүгө, кам көрүүгө жана аларды мектепке даярдоого багытталган.
  2. Мектепке чейинки билим берүү менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдары, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) жана мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик (вариативдик) формаларынын уюмдары тарабынан же ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча үйдө жүзөгө ашырылат.
  3. Үй-бүлөдө мектепке чейинки билим берүүнү жүзөгө ашыруучу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен консультациялык методикалык, психологиялык-педагогикалык жардам алууга укуктуу.
  4. Мектепке чейинки мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
  5. Мектепке чейинки билим берүүнүн билим берүү программалары жана көрсөтүлүүчү кызматтары мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
  6. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке чейинки тарбиялоонун жана окутуунун негизги, кошумча, атайын, вариативдик программаларын ишке ашырат, мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.
  7. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте мектепке чейинки мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында баланы багып кароо үчүн акы төлөшөт.
  8. Мектепке чейинки билим берүүгө камтылбаган балдардын бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн билим берүү уюмдарында мектепке чейинки даярдоо программалары ишке ашырылышы мүмкүн.
  9. Мектепке чейинки курактагы балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
  10. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик (вариативдик) формаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
  11. Мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү иши санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактаганда жүзөгө ашырылышы керек.

8-глава. Жалпы билим берүү

27-берене. Башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү

  1. Жалпы билим берүү башталгыч жаппы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн улантуучулук билим берүү программаларынын алкагында ишке ашырылат.
  2. Башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жаппы билим берүү Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн билим берүүнүн милдеттүү деңгээлдери болуп саналат.
  3. Мамлекет жарандардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде акысыз башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алуу укугун ишке ашырууну камсыз кылат.
  4. Балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
  5. Башталгыч жалпы билим берүү баланын өздүгүн, функционалдык сабаттуулугун, мамлекеттик жана расмий тилдерде баарлашуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
  6. Негизги жалпы билим берүү билим алуучунун функционалдык сабаттуулугун, окуу-таанып-билүү ишинде заманбап компетенцияларын, маданий-нарктык багыттарын жана өз алдынча билим алууга умтулуусун калыптандырууга багытталган.

Негизги жалпы билим берүүнүн билим берүү программасы боюнча окууга башталгыч жалпы билим берүүнүн билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар кабыл алынат.

  1. Орто жалпы билим берүү жалпы билим берүүнүн жыйынтыктоочу баскычы болуп саналат жана алган көндүмдөрүн күнүмдүк турмушта пайдаланууга, адистештирилген жөндөмдөрүн, билим алуучунун кызыкчылыктарын өнүктүрүүгө, профилдик билим берүүгө, андан ары кесиптик өсүүсүн жана карьера тандоосун калыптандырууга багытталган.

Орто жалпы билим берүү программасы боюнча окууга негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат.

  1. Негизги жалпы билим алган адамдар орто жалпы билим берүү программасы боюнча окууну улантууну каалабаган учурда кесиптик башталгыч же кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окууга милдеттүү.

Мамлекет негизги жалпы билим алган адамдар үчүн кесиптик башталгыч же орто билим берүү программалары боюнча окууну улантуу үчүн шарттарды түзөт.

  1. Менчигинин формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарында окуу жүктөмүнүн жол берилген чегин эске алуу менен, беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет.
  2. Мамлекет санариптик окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди түзүүгө көмөк көрсөтөт.
  3. Билим алуучуларды кесипке эрте даярдоо максатында мамлекет жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутуу системасын киргизүүгө көмөк көрсөтөт.
  4. Мамлекет билим берүүдөгү жетишкендиктерди баалоо боюнча эл аралык изилдөөлөргө Кыргыз Республикасынын катышуусуна көмөк көрсөтөт.

28-берене. Билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби

  1. Билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу ден соолукту сактоо, оорулардын алдын алуу жана социалдык коргоо максатында жүзөгө ашырылат.
  2. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруунун, коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун тартиби билим берүү уюмдары тарабынан таза тамактануунун принциптерин жана санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жаатындагы талаптарды сактоо менен аныкталат.
  3. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу, каржылоо, коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби, ошондой эле балдар үчүн тамак-аш азыктарынын накта топтому Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
  4. Тамактанууну каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) республикалык бюджеттин каражаттары;

2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;

3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салган каражаттары;

4) ата энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттары;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
  2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
  3. Жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч жалпы билим берүүнүн билим алуучуларынын тамактануусун ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү), ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечиминин негизинде кошо каржылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
  4. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу жана жоопкерчилик билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
  5. Тамак-аш рационун кеңейтүү жана билим алуучулардын практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн шарттарды түзүү максатында билим берүү уюмдарында окуу чарбалары түзүлүшү мүмкүн.

Окуу чарбаларын уюштуруунун жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

9-глава. Кесиптик билим берүү

29-берене. Кесиптик билим берүү

  1. Кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары өз ишин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырышат. Кесиптик даярдоо квалификациялардын улуттук системасына ылайык жүзөгө ашырылат.
  2. Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн төмөнкү деңгээлдери белгиленет:

1) кесиптик башталгыч билим берүү;

2) кесиптик орто билим берүү;

3) кесиптик жогорку билим берүү;

4) жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жогорку билим берүү.

  1. Кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү уюмдарында үзгүлтүксүз кесиптик даярдыкты, анын ичинде жумуш ордунда окутууну жүзөгө ашыруучу интеграцияланган билим берүү уюмдарын (окуу-өндүрүштүк комплекстерди, бизнес-инкубаторлорду, стартаптарды, технопарктарды, анын ичинде окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди, окуу-өндүрүштүк комбинаттарды, алдыңкы тажрыйба борборлорун, устаканалардын жана лабораториялардын базасында чакан ишканаларды) түзүүгө жол берилет.
  2. Кесиптик билим берүү уюмдарына өзгөчө статус же илимий-изилдөө институтунун (университеттин) статусу ыйгарылышы мүмкүн. Статусту ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жүзөгө ашырылат. Статусту ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
  3. Кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү билим алуучулар үчүн окуу куралдарына жеткиликтүүлүктү электрондук форматта, аудио булактарда же Брайлдын рельефтик-чекиттүү шрифти менен чыгарылган окуу китептеринде акысыз берүүгө милдеттүү.
  4. Кесиптик билим берүүнүн сапатын баалоону билим берүү уюмдары ишке орноштурууга, өздөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн кирешелеринин деңгээлине мониторинг жүргүзүү, рейтингдерге катышуу механизмдери жана аккредитациянын жыйынтыктары аркылуу жүзөгө ашырышат.

30-берене. Кесиптик башталгыч билим берүү

  1. Кесиптик башталгыч билим берүү квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган.
  2. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча окууга негизги жалпы же орто жалпы билими бар адамдар кабыл алынат. Зарыл учурларда негизги жалпы билими жок адамдарга кесип алуу үчүн шарттар түзүлөт.
  3. Квалификацияланган эмгектин кызматкерлерин даярдоо квалификациялардын улуттук системасына ылайык жаппы билим берүүнүн жана кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программасы боюнча жүргүзүлөт.
  4. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
  5. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары квалификациялардын улуттук алкагына ылайык кыска мөөнөттүү программалар боюнча квалификацияланган эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификацияларын жогорулатууну жана кайра даярдоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
  6. Билим берүү программаларынын мазмуну кесиптик стандартка ылайык иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде кесиптик башталгыч билим берүү уюму тарабынан аныкталат, жана иш берүүчүлөрдүн жана бизнес-ассоциациялардын бирикмелери менен социалдык өнөктөштүк принциптеринде топтолот.
  7. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын аяктаган адамдарга квалификациялардын улуттук алкагына ылайык кесиби боюнча квалификация ыйгарылат.
  8. Кесиптик башталгыч билим алгандыгын ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:

1) квалификацияны ыйгаруу менен кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплом;

2) орто жалпы билими жөнүндө аттестат;

3) кыска мөөнөттүү даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу формалары боюнча сертификат;

4) атайын уюмдардын жана ведомстволордун көзөмөлүндөгү объекттерде иштөө менен байланыштуу кесиптер боюнча, транспорт каражаттарын айдоого уруксат берүү үчүн же башка кесиптер боюнча күбөлүк.

  1. Өздөрүнүн кесиптик компетенцияларын ырастоо максатында кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жана тиешелүү билими жана көндүмдөрү бар адамдар сертификаттоодон өтүүгө укуктуу. Сертификаттоону кесиптик уюмдар, ассоциациялар, иш берүүчү бирликтер тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Практикалык жол менен алынган кесиптик билими жана көндүмдөрү бар адамдар квалификациясын ырастоочу документ берүү менен валидациялоодон өтүүгө укуктуу. Валидациялоонун тартиби билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тармактык ассоциациялар жана иш берүүчүлөр менен бирдикте белгиленет.
  3. Жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдар үчүн негизги жалпы билим жана кесиптик башталгыч билим алуу, ошондой эле өз алдынча билим алуу үчүн шарттар түзүлөт.
  4. Кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү социалдык өнөктөштүк бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын жогорулатууга, кесиптик башталгыч билим берүү тутумунун билим берүү уюмдарына бөлүнгөн бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталган.

31-берене. Кесиптик орто билим берүү

  1. Кесиптик орто билим берүү негизги жалпы, орто жалпы же кесиптик башталгыч билим берүүнүн базасында орто звенонун адистерин даярдоого жана кайра даярдоого багытталган.
  2. Кесиптик орто билим берүүнүн программалары боюнча окууну аяктаган адамдарга квалификациялардын улуттук системасына ылайык тиешелүү адистик боюнча квалификация ыйгарылат.
  3. Кесиптик орто билим берүү программалары кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
  4. Кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү социалдык өнөктөштүк бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын жогорулатууга, кесиптик орто билим берүү уюмдарына бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга, кесиптик орто билим берүүнүн кесиптик стандарттарын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө багытталган.
  5. Кесиптик орто билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин тизмеги, билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, аларды ишке ашыруунун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  6. Тиешелүү профилдеги кесиптик башталгыч билими бар адамдар мурунку билим берүүнүн жана окутуунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча кесиптик орто билим алууга укуктуу.
  7. Негизги жана орто жалпы билим берүүнүн базасында кесиптик орто билим берүү уюмдарына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жалпы республикалык тестирлөө билим берүү жаатында көз карандысыз баалоого адистешкен өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан тестирлөө методдорун пайдалануу менен өткөрүлөт.

Кесиптик орто билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдары жыл сайын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

32-берене. Кесиптик жогорку билим берүү

  1. Кесиптик жогорку билим берүү орто жалпы, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн базасында бакалаврларды, магистрлерди жана адистерди даярдоого, кайра даярдоого багытталган жана билим алуучулар тарабынан кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү алууга жана квалификациялардын улуттук алкагына ылайык социалдык-инсандык компетенцияларды калыптандырууга багыттаган.

Кесиптик жогорку билим берүү программалары кесиптик жогорку билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат. Магистрлерди даярдоо программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттары тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.

  1. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуу билим берүү жаатындагы көз карандысыз баалоого адистештирилген мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстун негизде жүзөгө ашырылат. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын белгиленет.
  2. Кесиптик башталгыч жана орто билим берүү программасын аяктаган адамдар жаппы республикалык тестирлөөдөн өтпөстөн, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында тармак боюнча окууну улантууга укуктуу.
  3. Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окуусун аяктаган жактарга квалификациялардын улуттук алкагына ылайык тиешелүү багыт/адистик боюнча даража/квалификация ыйгарылат.
  4. Тиешелүү тармактагы кесиптик орто билими бар адамдар, ошондой эле кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген билим берүү программалары боюнча кесиптик жогорку билим ала алышат.
  5. Кесиптик жогорку билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин тизмеги, билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, аларды ишке ашыруунун формасы жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

33-берене. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү

  1. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор, илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражаларын ыйгаруу менен илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого, ошондой эле адистештирилген медициналык билим берүү (ординатура) программаларын ишке ашырууга багытталган.
  2. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде изденүүчүлүк, аспирантура (адьюнктура), докторантура жана базалык докторантура (PhD/тармак боюнча) аркылуу жүзөгө ашырылат.
  3. Илимдин кандидаты жана илимдин доктору илимий даражалары изденүүчүнүн диссертацияны коомдук коргоосунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнмөсүнүн негизинде мамлекеттик аттестациялык орган тарабынан ыйгарылат. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктору деген окумуштуулук даража Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат.
  4. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
  5. Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары окумуштуулук наамды ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө кесиптик жогорку билим берүү уюмунун (илимий-изилдөө институтунун) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан ыйгарылат.

34-берене. Жумуш ордунда окутуу

  1. Жумуш ордунда окутуу дуалдык окутуу, практика, такшалма жана шакирттик практика, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен практикалык жана тарбиялык мүнөздөгү башка иш-чаралар аркылуу ишке ашырылат.
  2. Дуалдык окутуу билим алуучулардын зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алуусу аркылуу жүзөгө ашырылат, алардын теориялык бөлүгү - билим берүү уюмунда, практикалык бөлүгү - билим алуучунун жумуш ордунда жүзөгө ашырылат.

10-глава. Кошумча билим берүү

35-берене. Кошумча билим берүү

  1. Кошумча билим берүү адамдын жөндөмүнө жана кызыкчылыктарына ылайык аны инсан катары өнүктүрүүгө багытталган жана формалдуу билим берүүнүн чегинен тышкары жүзөгө ашырылат. Кошумча билим берүүгө төмөнкүлөр кирет:

1) балдарга кошумча билим берүү;

2) эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү;

3) кошумча кесиптик билим берүү.

  1. Кошумча билим берүү менчигинин формасына карабастан кандай болбосун түрдөгү билим берүү уюмдары же кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан берилет. Кошумча билим берүү программалары билим берүү уюмдары жана жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет.
  2. Республикалык бюджеттен каржылануучу кошумча билим берүү программаларын берүүнүн тизмеси, тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  3. Кошумча билим берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.
  4. Менчик билим берүү уюмдарынын жана жеке жактардын (жеке ишкерлердин) кошумча билим берүү кызматтарын төлөө шарттары, өлчөмү жана тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.
  5. Кошумча кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары квалификациялардын улуттук системасына ылайык кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана квалификациялык талаптарды эске алуу менен иштелип чыгат.

11-глава. Инклюзивдик билим берүү

36-берене. Инклюзивдик билим берүү

  1. Инклюзивдик билим берүү бардык адамдар үчүн билим алуу муктаждыктарынын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн, ошондой эле турмуштук оор кырдаалдарын эске алуу менен, басмырлоосуз бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган. Инклюзивдик билим берүү принциби билим берүүнүн бардык баскычтарында жана өмүр бою иштейт. Инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу максатында баланы билим алууга жөндөмсүз деп таанууга, ошондой эле балдарды бөлүүнүн башка ыкмаларын колдонууга тыюу салынган.
  2. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга билим берүү менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жүргүзүлөт. Эгерде мындай форма билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучунун өзү тарабынан тандалса, билим берүү үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу формасында жүргүзүлүшү мүмкүн.
  3. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдардын билим алуу укугун ишке ашыруу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жогорулатуучу коэффициенттерди пайдалануу менен ваучердик каржылоо механизми аркылуу камсыз кылынат.
  4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көз карандысыз эксперттер жана (же) уюмдар тарабынан жекече окуу планынын негизинде өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар жактардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоону уюштурат.
  5. Билим берүүнүн жетишкендиктерин жана билим алуучулардын билим алуудагы муктаждыктарын баалоонун жыйынтыктары жекече реабилитациялоонун ведомстволор аралык комплекстүү программасынын, үй-бүлө менен иштөө планынын жана баланы коргоонун жекече планынын тутумдук бөлүгү болуп саналат.
  6. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдардын жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө көмөк көрсөтөт.
  7. Анда атайын жана жекече муктаждыктар, анын ичинде аң-сезимдүү куралдар эсепке алынган окутуу чөйрөсүн түзүү үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу аркылуу мамлекет билим алууга өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын инклюзивдик билим алууга укугун ишке ашырууга кепилдик берет.
  8. Мамлекет өзгөчө окуу шарттарына муктаж адамдарды эрте аныктоо, педагогдорду даярдоо жана ата-энелерге консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырат.
  9. Мамлекет инклюзивдик билим берүүнүн, эрте өнүктүрүүнүн принциптерин жана методдорун, окутуунун жана баарлашуунун альтернативдик методдорун жана формаларын, анын ичинде жаңдоо тилин жана Брайль арибин киргизүүнү жана өнүктүрүүнү пайдаланган билим берүү уюмдарын жана педагогикалык кызматкерлерди шыктандырат.
  10. Мамлекет өзгөчө билим алуу муктаждыктары бар адамдардын билим алуу укугун комплекстүү реабилитациялоо жана абилитациялоо чараларын пайдалануу, билим берүү процессинде коштоону уюштуруу аркылуу ишке ашырат.

37-берене. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдарга билим берүү

  1. Мамлекет өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдардын билим алуу укугун билим берүүнүн бардык баскычтарында өмүр бою жүзөгө ашырууга кепилдик берет.
  2. Мамлекет өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдарды жекелештирилген мамиле жасоонун, инклюзия формасын аныктоонун, жашоо ишмердигин жана ден соолугун классификациялоонун негизинде өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар билим алуучуну комплекстүү текшерүүнүн жана (же) кайра текшерүүнүн эсебинен киргизүүнү камсыз кылат.
  3. Инклюзия формасын аныктоо, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо жана/же мезгил-мезгили менен кайра баалоо ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) катышуусунда, иши окутуунун өзгөчө шарттарына муктаж адамдардын кызыкчылыктарын коргоо менен байланышкан уюмдардын түздөн-түз катышуусунда жүргүзүлөт.
  4. Мамлекет окутуу, ошондой эле аларсыз өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулардын, жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген билим алуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүүсү мүмкүн болбогон атайын, жекече өнүктүрүүчү жана түзөтүү-өнүктүрүүчү программаларды жана окутуу методдорун, техникалык окуу жана башка каражаттарды, психологиялык-педагогикалык коштоону камтуучу атайын билим берүү шарттарын түзөт.
  5. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулардын мыкты кызыкчылыгында окутуунун кандай болбосун этабында билим берүүнүн формасын жана билим берүү уюмунун түрүн тандоого укуктуу.
  6. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдардын укуктарын ишке ашыруу жана комплекстүү кызматтарды көрсөтүү үчүн мамлекет билим берүү уюмунун инклюзивдүүлүгүнүн индикаторлорун иштеп чыгат.
  7. Мамлекет өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучуларды окутуунун жана тарбиялоонун агайын методдоруна ээ болгон педагогикалык кызматкерлерди даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылат, жана педагогикалык кызматкерлерди, анын ичинде, майыптуулугу бар кызматкерлерди ишке тартуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана алар үчүн эмгекти уюштуруунун зарыл шарттарын түзөт.
  8. Узак мөөнөттүү дарылоо жана социалдык кармап-кароо мекемелериндеги, жазаларды аткаруу системасынын мекемелериндеги адамдар билим алууга укуктуу.
  9. Билим берүү кызматтары менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.

38-берене. Турмуштук оор кырдаалда болгон адамдарга билим берүү

  1. Кесепеттерин өз алдынча жеңе албаган турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын билим алуу укугун жүзөгө ашырууга мамлекет кепилдик берет.
  2. Мамлекет турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын билим алуу укугун ишке ашырууга социалдык инклюзия үчүн шарттарды түзүү аркылуу кепилдик берет.
  3. Мамлекет жекелештирилген мамиле жасоо аркылуу турмуштук оор кырдаалда турган адамдар үчүн Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдүн формаларын аныктайт.

12-глава. Билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү)

39-берене. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери

  1. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
  2. Билим алуучулар төмөнкүлөргө мамлекет тарабынан кепилденген укуктарга ээ:

1) сапаттуу билим алууга;

2) коопсуз билим берүү чөйрөсүнө;

3) ден соолукта, адеп-ахлактык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоого;

4) медициналык кароого жана медициналык биринчи жардамды уюштурууга;

5) эксплуатациялоонун жана ден-соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин ар кандай түрүнөн, ошондой эле дене бойлук жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркты басмырлоодон коргоого;

6) адамдык кадыр-баркын урматтоого, өз көз караштарын жана ишенимдерин эркин туюнтууга;

7) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык сапаттуу билим алууга;

8) кошумча билим берүү кызматтарын, анын ичинде акы төлөө негизинде дагы алууга;

9) билим берүү уюмдарында маалыматтык ресурстарды акысыз пайдаланууга;

10) аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтырууга;

11) алардын психофизикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен окутуу үчүн шарттарды берүүгө.

  1. Билим алуучулар окутуунун каалаган этабында билим берүү уюмун жана окутуу формасын тандап алууга, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алууга, ошондой эле жекече билим берүү кызматтарын алууга укуктуу.
  2. Билим берүү программасын толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн аралыктан билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында билим алуучулар билим алуучулардын бардык укуктарына жана милдеттерине, ал эми аларды бүтүргөндө - бул билим берүү уюмдарынын билими жөнүндө документтерин алуу укугуна ээ.
  3. Билим алуучулар билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүгө, ички тартип эрежелерин сактоого, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого, жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого, билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
  4. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен билим алып жаткан жаш адистерди бөлүштүрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  5. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын студенттерин кабыл алуу планы өткөн окуу жылындагы кабыл алуу планынан төмөн эмес деңгээлде сакталат.

40-берене. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери

  1. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:

1) окутуунун кандай болбосун этабында билим берүү уюмун жана окутуунун формасын тандоого;

2) балдарды окутуу, тарбиялоо, карап багуу жана өстүрүү маселелери боюнча билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына кайрылууга;

3) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында билим алууга баланын укугун сактоону талап кылууга;

4) билим берүү уюмун, анын ичинде кошо башкаруу органдарында башкарууга жана өнүктүрүүгө катышууга.

  1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балага үй-бүлөдө билим берүү формасындагы башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүгө укуктуу. Үй-бүлөдө билим берүү формасында билим алып жаткан бала окутуунун кайсы этабында болбосун оң аттестациядан өткөндө, билим берүү уюмунда билим алуусун улантууга укуктуу. Балдарга үй-бүлөдө окутуу формасында билим алууну камсыз кылуучу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) методикалык, психологиялык-педагогикалык жана консультациялык жардам алууга укуктуу.
  2. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жынысына карабастан балдардын жашоосу, окуусу, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн, алардын мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим алуусу үчүн бирдей негизде талаптагыдай шарттарды түзүүгө, инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин тутууга, алардын дене-бойлук жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;

2) баланын кадыр-баркын сыйлоого, эмгекчилдикке, боорукердик сезимге, тарбиялоого, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, башка жыныстагы адамга, башка улуттарга, мамлекеттик, расмий жана эне тилдерине, элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга (мыйзамдардын ченемдерине каршы келбеген) сый мамиле жасоого, толеранттуулукка сый мамиле жасоого, зомбулукка, коррупцияга жана басмырлоого келишпестикке, башка адамдардын укуктарын урматтоого тарбиялоого;

3) Кыргызстан элинин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, Мекенди сүйүүгө тарбиялоого;

4) билим берүү уюму менен туруктуу кызматташтыкты сактоого, ата-энелердин чогулушуна катышууга, билим алуучуну окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин сунуштарын аткарууга.

  1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим алуучу үчүн тийиштүү шарттардын жоктугу, окуучулардын башталгыч, негизги жана жалпы орто билим алуусу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

41-берене. Билим алуучуларды социалдык жактан колдоо жана коргоо

  1. Мамлекет билим алуучуларды билим берүү процессине тартуу боюнча социалдык жактан колдоо жана коргоо саясатын жүргүзөт жана билим алуучуларга Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте окуу имараттарын, жабдууларды, окуу китептерин, медициналык тейлөөнү жана ден соолугун чыңдоону берүү менен, окутуу үчүн шарттарды түзөт.
  2. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен окуган студенттерге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана өлчөмдө стипендия төлөнөт.
  3. Жалпы билим берүүчү уюмга тапшырууда мектепке чейинки курактагы балдарды аттестациялоого (тестирлөөгө) жол берилбейт.
  4. Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору дене тарбия жана спорт жаатындагы даярдоонун багыттары (бакалавриат, магистратура) жана адистик боюнча окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кирүү сынагысыз (экзамендерсиз, аттестациясыз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.
  5. "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар спортчулар кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына, ал эми "Спорттун чеберлигине талапкер" спорттук разряды бар спортчулар кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылык укугунан пайдаланышат.
  6. Билим алуучуларды билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн уруксаты менен окуу сабактарынан жана окуу процесстеринен алагды кылууга жол берилет.
  7. Окуу процессин бузууга күнөөлүү (түз же кыйыр) адамдар билим алуучуларга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп беришет.

42-берене. Билим алуучулардын ден соолугун коргоо

  1. Билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар (жеке ишкерлер), ошондой эле ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим алуучулардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзөт.
  2. Билим алуучулардын ден соолугун коргоо жана оорулардын алдын алуу боюнча чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) скринингдик изилдөөлөрдү уюштуруу;

2) милдеттүү алдын алуучу медициналык текшерүүлөрдөн, анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен өткөрүү;

3) билим алуучуларды алдын алуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө жиберүү;

4) саламаттыкты чыңдоо иш-чараларын уюштуруу;

5) ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо образын түзүүгө, оорулардын алдын алууга, таза тамактануу принциптерин киргизүүгө жана сактоого, репродуктивдүү ден соолукту коргоого багытталган ден соолукту сактоочу технологияларды билим берүү уюмдарына киргизүү;

6) психикалык саламаттыкты коргоо, суициддик жүрүм-турумдун жана тамеки заттарын колдонуудан, психоактивдүү заттарды медициналык эмес шарттарда пайдалануудан, ошондой эле кумар оюндарына патологиялык азгырылуудан улам пайда болгон көз карандуулуктун алдын алуу;

7) алдын алуучу эмдөө календарына ылайык эмдөөгө;

8) оорулардын алдын алуу, билим алуучулар арасында сергек жашоо образын пропагандалоо жана калыптандыруу боюнча семинарларды, тренингдерди жана лекцияларды уюштуруу жана өткөрүү;

9) билим берүү жана маалыматтык-түшүндүрүү программаларын жана иш-чараларын өткөрүү аркылуу ата-энелерди жана педагогикалык кызматкерлерди билим алуучулардын саламаттыгын коргоого тартуу;

10) санитардык эрежелердин жана инфекциялык контролдун талаптарын сактоо;

11) кечиктирилгис жагдайларда шашылыш медициналык жардам көрсөтүүчү медициналык кызматкерлер келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүү.

  1. Медициналык алдын алуу жардамын уюштуруу баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун аймактык уюмдары тарабынан мамлекеттик кепилдиктердин программаларынын алкагында жүзөгө ашырылат.
  2. Медициналык алдын алуу жардамдын ишин уюштуруу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдары менен бирдикте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

13-глава. Педагогикалык кызматкердин статусу

43-берене. Педагогикалык иш менен алектенүү укугу. Педагогикалык иштин принциптери

  1. Педагогикалык иш менен алектенүү укугуна төмөнкү адамдар ээ:

1) кесиптик орго же жогорку педагогикалык билимдүү;

2) кесиптик орто же жогорку билимдүү, педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөндөр;

3) практик-адистин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, соттун негизги ишин педагогикалык иш менен айкалыштыруучу.

  1. Педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоо менчигинин түрүнө карабастан кесиптик орто, жогорку жана башка лицензияланган билим берүү уюмдарында билими жөнүндө документ берүү менен, тездетилген программа (педагогикалык минимум) боюнча жүргүзүлөт.
  2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында педагогикалык кызматка магистрден/адистен төмөн эмес билими бар адамдарга иштөөгө уруксат берилет.
  3. Соттолгондугу же тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдар педагогикалык иште иштөөгө жол берилбейт. Педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
  4. Жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларынын кызматкерлери педагогикалык кызматкердин статусуна теңештирилет.
  5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдору статусу жана эмгек акысы боюнча башталгыч билим берүүнүн педагогикалык кызматкерлерине теңдештирилет.
  6. Педагогикалык кызматкердин педагогикалык ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) билим алуучуну окутууга, тарбиялоого жана өнүктүрүүгө инсандыкка-багытталган мамиле жасоо;

2) билим алуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, улуттук-маданий салттарды урматтоону камсыз кылуучу окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун гуманисттик мүнөзү;

3) дүйнө жөнүндө илимге негизделген түшүнүккө, жалпы адамзаттык моралдык принциптерге жана адеп-ахлактык баалуулуктарга берилгендик;

4) билим алуучуга жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дин тутуусу, жаш курагы, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча тикелей, жашыруун жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө же артыкчылык берүүгө жол бербөө;

5) билим алуучуну Ата Мекенди сүйүү, атуулдук сезимди жогорулатуу, толеранттуулук, элдер ортосундагы достукту чыңдоо рухунда тарбиялоо;

6) билим берүү процессинин улантуучулугу;

7) академиялык эркиндик жана академиялык чынчылдык;

8) окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү принциптеринин биримдиги;

9) илимдин, техниканын жана маданияттын акыркы жетишкендиктеринин негизинде билимди өркүндөтүү;

10) билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин натыйжасы боюнча иштин жыйынтыгын баалоо;

11) билим алуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү менен өз-ара аракеттенүү;

12) балдардын жана жаштар бирикмелери, эмгек жамааттары, ошондой эле ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кызыкдар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен кызматташуу.

44-берене. Педагогикалык кызматкердин укуктары жана милдеттери

  1. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын, окутуунун формаларын жана методдорун, окуу китептерин жана окуу куралдарын эркин тандоого;

2) инновациялык методдорду жана технологияларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык экспериментти өткөрүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны окуу процессине киргизүүгө;

3) билим алуучуларды билим алуудагы бийик жетишкендиктери жана башка ийгиликтери үчүн сыйлоого;

4) жекече педагогикалык иш жүргүзүүгө, репетиторлук тартипте сабактарды жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте тренингдерди өтүүгө;

5) билим берүү уюмун башкарууга катышууга;

6) үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө, методикалык колдоого жана насаатчылыкка.

  1. Педагогикалык кызматкер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айкалыштырып иштөө укугунан пайдаланат.
  2. Билим алуучунун окуудагы жана башка бийик жетишкендиктери үчүн менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына, мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана өзгөчө белгилерге көрсөтүлөт.
  3. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу эмес:

1) билим берүү уюмдарында диний, атеисттик үгүттөөнү жүргүзүүгө;

2) билим берүү уюмдарында саясий топторду, партияларды уюштурууга;

3) шовинисттик, улутчул, милитаристтик, сепаратисттик идеологияны жайылтууга;

4) билим алып жаткандарды иш таштоо кыймылына жана саясий акцияларга катышууга тартууга;

5) билим алып жаткандарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүгө жана ар кандай түрдөгү басмырлоого.

  1. Педагогикалык кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) окутууну жогорку кесипкөйлүк деңгээлде жүргүзүү;

2) инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин сактоого, билим берүүнү дифференциялоого жана жекелештирүүгө;

3) ата-энеге, коомдун башка мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын маданий-тарыхый баалуулуктарына, мамлекеттик түзүлүшкө урмат көрсөтүү духунда окуу-тарбиялык иштерди жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого тарбиялоого;

4) жалпы адамзаттык баалуулуктарды: боорукердикти, эмгекчилдикти, гуманизмди, мекенчилдикти, адилеттүүлүктү урматтоого көнүктүрүүгө жана коррупцияга чыдамсыздыкка тарбиялоого;

5) өзүнүн кесиптик билимин жана көндүмдөрүн дайыма өркүндөтүп турууга, өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;

6) билим алып жаткандардын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого, өз ишинде гендердик зомбулуктун жана басмырлоонун көрүнүшөн жол бербөөгө, ошондой эле билим алып жаткандардын ортосунда мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга;

7) билим алып жаткандарды өз ара түшүнүшүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аң-сезимдүү жашоого даярдоого;

8) билим алуучулардын жекече чыгармачылык шыктарын жана сынчыл ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө.

45-берене. Педагогикалык кызматкердин социалдык укуктары жана кепилдиктери

  1. Мамлекет педагогикалык кызматкерге тийиштүү эмгек жана тиричилик шарттарын кепилдик кылат.
  2. Педагогикалык кызматкердин эс алуу укугу педагогикалык окуу жүгүн сарамжалдуу пландаштыруу, ар жумада эс алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынат.
  3. Педагогикалык кызматкердин иш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарындагы педагогикалык жүктөм Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү ченематтар менен аныкталат.
  4. Мамлекет билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана илимий-педагогикалык кызматкерлерине илимий-педагогикалык, окуу-методикалык, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш үчүн чыгармачылык өргүү берүүгө кепилдик берет.
  5. Педагогикалык кызматкер Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоо-алдын алуучу иш-чараларын жүргүзүү менен ишке ашырылуучу ден соолукту коргоого укуктуу.
  6. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында педагогикалык кызматкерге жыл сайын милдеттүү түрдө мамлекеттик дарылоо-алдын алуу мекемелеринде акысыз амбулатордук медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
  7. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкери санаториялык-курорттук дарыланууга, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пансионаттарда жана туристтик базаларда эс алууга укуктуу.
  8. Айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарына иштөөгө жиберилген кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө жаш мугалимдин депозити берилиши мүмкүн.
  9. Педагогикалык кызматкерлерди кесиптик педагогикалык ишине байланышпаган айыл чарба жана башка иштерге тартууга жол берилбейт.
  10. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин балдарын мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуу биринчи кезектеги тартипте жүзөгө ашырылат.

46-берене. Билим берүү чөйрөсүндө кесиптик даярдоо жана кесиптик өнүктүрүү

  1. Педагогикалык кызматкерлерди кесиптик даярдоо менчигинин түрүнө карабастан кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат. Мамлекет келечектеги педагогдорду окутуу процессинде жумуш ордунда окутууну (билим берүүнүн дуалдык формасын) колдонууну кубаттайт.
  2. Билим берүү уюмдарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекет менен билим берүү уюмдары билим берүү системасынын жетекчилерин жана педагогикалык эмес башка кызматкерлерди кесиптик өнүктүрүү жана окутуу үчүн шарттарды түзөт.
  3. Педагогикалык кызматкерлерди кесиптик жогорулатуу, анын ичинде квалификациясын жогорулатуу, менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында жана (же) кесиптик өнүктүрүүнүн башка уюмдарында жүргүзүлөт.
  4. Мамлекет окуу китептеринин авторлорун окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасын түзөт жана өркүндөтөт.
  5. Мамлекет педагогикалык кызматкерлердин кесиптик стандарттарын иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө көмөк көрсөтөт. Педагогдорду кесиптик өнүктүрүү максатында мамлекет насаатчылык программаларын, кесиптик маданиятты жана этиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Педагогикалык иштин кесиптик стандарттарын иштеп чыгуу билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик кызматкерлердин ассоциациялары тарабынан ишке ашырылат.

14-глава. Билим берүүнү өнүктүрүүнү каржылоо жана экономикалык негиздери

47-берене. Каржылоо булактары

  1. Билим берүүнү каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) республикалык бюджет;

2) жергиликтүү бюджет;

3) билим берүү уюмдарынын уюмдаштыруучуларынын каражаттары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын салымдары;

4) билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин натыйжасында алынган каражаттары;

5) кредиттер жана гранттар;

6) билим берүү уюмдарын өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактары катары тартылуучу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ыктыярдуу каражаттары;

7) кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтары үчүн акы төлөө каражаттары;

8) мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү тамак-ашка жана карап кам көрүүгө ата-энелердин каражаттары;

9) билим берүү уюмдарынын өздүк каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган консультациялык, илимий-изилдөө, басма, окуу-өндүрүштүк жана киреше алып келүүчү башка иштерден, ошондой эле негизги жана кошумча билим берүү программаларынын бардык түрлөрү боюнча бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинин, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде келип түшкөн валюта каражаттары;

10) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын алкагында келишимдик мамилелердин негизиндеги юридикалык жана жеке жактардын каражаттары;

11) билим берүү уюмунун өзүнүн окуу жана көмөкчү чарбаларынын эсебинен, анын ичинде ижаранын негизинде алынган каражаттар;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.

  1. Өзгөчө статусу бар мамлекеттик кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары финансылык ишин Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунан тышкары жүзөгө ашырат.

48-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери тарабынан финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартуу

  1. Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери гана жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана кайрымдуулуктардан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн түзүлүүчү финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тарта алат.
  2. Билим берүү уюмунун ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Камкорчулук кеңеш донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды), финансылык жана башка материалдык каражаттарды издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырууга жана бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-сайттар аркылуу жана келип түшкөн финансылык жана башка материалдык каражаттар жана алардын чыгымдалышы жөнүндө кийин милдеттүү отчету менен башка ыкмалар аркылуу жарыялоого укуктуу.
  3. Билим берүү уюмуна финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуу менен билим берүү уюмунун билим алуучуларынын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн маалымат, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттор билим берүү уюмунда көрүнүктүү жана жалпыга жеткиликтүү жерге жайгаштырылууга тийиш.
  4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп саналган же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн), ошондой эле жетим балдардан жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардан финансылык каражаттарды чогултууга тыюу салынат.
  5. Камкорчулук кеңеши тарабынан билим берүү уюму үчүн тартылган финансылык каражаттар казыналыктын атайын эсебине чегерилет жана камкорчулук кеңешинин чечимине ылайык максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
  6. Камкорчулук кеңештин төрагасы келип түшкөн финансылык жана материалдык каражаттар жана алардын чыгымдалышы жөнүндө отчет бербегендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
  7. Билим берүү уюмунун кызматкерлери (жетекчи, педагогикалык кызматкерлер жана башкалар) билим алуучулардан жана алардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) алардын уюму үчүн финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүүнү талап кылууга укуксуз.

49-берене. Билим берүү кызматтары үчүн эсептешүүлөр

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарына акы төлөө улуттук валютада акча каражаттарын билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсепке чегерүү аркылуу жүргүзүлөт.

50-берене. Билим берүү уюмдарын каржылоонун тартиби

  1. Мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо билим берүү уюмдарынын бардык типтери жана түрлөрү боюнча ар бир билим алуучуга, класс-комплектиге жана топко эсептелген типтүү ченематтардын негизинде бир билим алуучуга иш жүзүндөгү чыгымдарды ырааттуу көбөйтүү принцибине жараша жүзөгө ашырылат.
  2. Ар бир билим алуучуга, класс-комплектиге, топко типтүү ченематтарды эсепке алуу менен билим берүү уюмдарынын муктаждыктарына каржылоонун көлөмү жыл сайын республикалык бюджетте каралат.
  3. Мамлекет билим берүү муктаждыктарына анын артыкчылыктуулугун, ошондой эле инфляция шартында тиешелүү чыгымдоо беренелеринин корголушун камсыз кылуучу өлчөмдө каражат бөлүп турууга кепилдик берет.
  4. Жеке билим берүү уюмдары мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында же болбосо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн каржылоону ала алышат.
  5. Кошумча булактарды тартуу мамлекеттик бюджеттен каржылоонун ченематтарын же абсолюттук өлчөмдөрүн азайтууга алып келбейт.
  6. Бир билим алуучуга, класс-комплектиге жана топко эсептелген типтүү ченематтар мамлекеттик билим берүү уюмдарынын туруктуу иштеши жана өнүгүшү үчүн шарттарга жараша Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
  7. Билим берүү уюмдарынын билим берүү программаларын ишке ашырууда билим берүү процессинин жана билим берүү технологияларынын, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларынын түрдүү методикасын пайдалануусу, аларды каржылоо ченематтарынын көбөйүшүнө алып келбейт.
  8. Аз комплектелген айылдык мектептер үчүн аларды каржылоонун ченематы окуп жаткандардын санына көз каранды болбогон чыгымдарды эсепке алуу менен түзүлөт.
  9. Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарын каржылоонун ченематтары мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоонун ченематтарынан төмөн болбоого тийиш.
  10. Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары жеке жана (же) юридикалык жактар менен түзүлгөн келишим боюнча квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларды жана кызматчыларды) жана билимдин тийиштүү деңгээлиндеги адистерди лицензиялык ченематтардын чектеринде уюмдаштыруучунун эсебинен ашыра каржылануучу даярдоону жана кайра даярдоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
  11. Мамлекеттик бюджеттен билим берүү уюмдарына бөлүнүп берилген каражаттар казыналык тарабынан контролдонот. Билим берүү уюму иштеп тапкан калган бардык каражаттарды камкорчулар кеңеши жана коомдук институттар контролдойт.
  12. Билим берүү уюмдары билим алуучуларды жана педагогикалык кызматкерлерди бар болгон жеке каражаттарынын чегинде социалдык жактан колдоо боюнча чараларды өз алдынча иштеп чыгат жана ишке ашырат.
  13. Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары өз каражаттарын пайдалануунун багыттарын жана тартибин, анын ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөгө жана материалдык жактан өбөлгөлөөгө багытталуучу алардын үлүшүн көзөмөлчүлүк кеңештин макулдугу менен өз алдынча аныктайт.
  14. Жеке билим берүү уюмдары каржылоонун жана каражаттарды пайдалануунун тартибин өз алдынча аныктайт.
  15. Ваучердик каржылоонун пилоттук түрү, механизми жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

51-берене. Мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетту коомдук угуу

  1. Мамлекеттик билим берүү уюмдары жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган бюджеттен тышкары каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү.
  2. Билим берүү уюмунун билим берүү процессинин катышуучулары, жарандык сектордун өкүлдөрү жана бардык кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.

52-берене. Билим берүү системасын каржылоо принциптери

Билим берүү системасын каржылоо төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

1) адам капиталына, жашоо сапатына жана билим берүүгө инвестициялоо;

2) мамлекеттик билим берүү стандартынын чегинде мамлекет кепилдеген билим алууга ар биринин бирдей жеткиликтүүлүгү;

3) билим берүү уюмдарынын автономиясы;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте каржылоонун ваучердик механизми;

5) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмунун кирешелеринин жана чыгашаларынын натыйжалуулугу, жыйынтыктуу болушу, ачыктыгы жана отчеттуулугу.

53-берене. Билим берүү системасынын каражаттарын пайдалануу

Билим берүү системасынын каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:

1) билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;

2) билим берүүнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана күтүүгө;

3) педагогикалык кызматкерлерди кесиптик өркүндөтүүгө;

4) билим берүү системасынын абалына жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө;

5) билим берүүдөгү жетишкендиктерди баалоо боюнча эл аралык изилдөөлөргө катышууга;

6) билим берүү уюмунун башка максаттуу чыгымдарына.

54-берене. Мамлекеттик билим берүү гранты

  1. Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын алган жана конкурстан өткөн жактар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын кесиптик орто жана жогорку билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
  2. Айрым адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллдары жыл сайын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
  3. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 28-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар, ошондой эле аларды окутуу үчүн Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин алкагында жоопкерчилик тарткан адамдар Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын бекитилүүчү квотанын чегинде мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
  4. Мамлекеттик билим берүү гранттары ваучердик каржылоо механизмин пайдалануу менен каржыланат, мында мамлекеттик билим берүү гранты билим алуучунун (грант алуучунун) артынан түшөт. Мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун тартиби, эсептөөлөрү жана көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Билим берүүнүн наркы мамлекеттик билим берүү грантынын наркынан ашып кеткен учурда, ашкан бааны төлөө боюнча жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.
  5. Өзгөчө статусу бар кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына аларды каржылоонун тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу билим берүү гранттары сакталат.

55-берене. Билим берүү кызматтары үчүн тарифтер

Акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.

56-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын акы төлөп аткаруу иши

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары уставдык максаттарын аткаруу үчүн төмөнкүлөрдөн киреше алууга укуктуу:

1) илимий, өндүрүштүк, окуу-өндүрүштүк ишинен;

2) кызмат көрсөтүүгө багытталган ишинен;

3) окуу жана көмөкчү чарбалардын, анын ичинде ижара негизиндеги ишинен;

4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүнөн.

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык жаппы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижаралоо Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

57-берене. Билим берүү уюмдарынын инфратүзүмү жана материалдык-техникалык базасы

  1. Инфратүзүмгө жана материалдык-техникалык базага билим берүү, илимий-изилдөө ишинде пайдаланылуучу имараттар, курулмалар, курулуштар, коммуникациялар, жабдуулар, транспорт каражаттары, ошондой эле башка материалдык жана техникалык активдер кирет.
  2. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү ага бекитилген бюджеттик жана атайын каражаттардын чегинде билим берүү уюмунун өзү тарабынан жүзөгө ашырылат. Жабдууну сатып алууга, капиталдык оңдоого чыгымдардын өлчөмү билим берүү уюмунун белгиленген тартипте бекитилген кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасынын чегинде, болгон керектөөлөргө жана финансылык каражаттарга жараша, билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
  3. Жеке билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы уюмдаштыруучунун каражаттарынын эсебинен, өз каражаттарынын жана башка каражаттардын эсебинен билим берүү уюмунун өзү тарабынан өнүгөт жана билим берүү уюмунун менчиги болуп саналат.
  4. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын билим берүү башкармалыгынын аймактык органдары ведомстволук билим берүү уюмдарына алардын материалдык-техникалык базасын карап күтүү жана өнүктүрүү маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
  5. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын окуу, илимий-изилдөө, окуу-өндүрүштүк иште жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечүү үчүн пайдаланылуучу материалдык-техникалык базасы бекер ээлик кылууга, пайдаланууга берилбейт жана ажыратылбайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган кирешелер билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.

Өзгөчө статуска ээ болгон кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары камкорчулук кеңеши менен макулдашуу боюнча менчик каражаттардын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө) укуктуу.

58-берене. Эсепке алуу, отчеттуулук жана аудит

Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жаатындагы мыйзамдарына ылайык эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.

59-берене. Билим берүү тутумунда менчиктин мамилелери

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына уставда каралган ишин камсыз кылуу максатында, имараттар, курулмалар, жабдуулар, ошондой эле керектелүүчү, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл болгон башка мүлктөр ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
  2. Билим берүү уюмуна жеке жана юридикалык жактар тарабынан ага тартуу, кайрымдуулук формасында берилген акча каражаттарына, мүлккө жана башка менчик объекттерине, билим берүү уюмунун ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктуларына, ошондой эле өз ишинен түшкөн кирешелерге жана бул кирешелерге сатып алынган мүлккө менчик укугу таандык. Аларды ажыратуу маселелери өз алдынча чечилет.
  3. Атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлк билим берүү уюмунун өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт.
  4. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына белгиленген тартипте аларга бөлүнгөн жер участоктору ыкчам башкаруу укугунда берилет. Бул участокторду пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен жөнгө салынат.
  5. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жер участоктору, имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына гана менчикке берилиши мүмкүн, ошондой эле алар менчиктештирилүүгө жана ажыратылууга тийиш эмес.
  6. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын мүлкү билим берүүдөн башка максаттарга пайдалануу үчүн алып коюлууга тийиш эмес.
  7. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик системасына бекитилип берилген менчик укугунун объекттери (имараттар, курулмалар, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, тиешелүү социалдык, маданий багыттагы зарыл мүлктөр) приватташтырууга жана алып коюлууга тийиш эмес, жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн кызыкчылыгында гана пайдаланылышы мүмкүн. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик системасынын билим берүү уюмдарынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
  8. Билим берүү уюму менчигинин түрүнө карабастан мүлктүн жана финансылык каражаттардын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Финансы-чарбалык тартиптин сакталышы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жоопкерчилик тартат.
  9. Материалдык активдер формасындагы (илимий эмгектер, лекциялар, патенттер, программалык камсыз кылуу, билим берүүчү, аралыктан жана маалымат технологиялары), билим берүү уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин билим берүү жана экономикалык иштеринин булагы катары кызмат кылган интеллектуалдык менчик менчиктин башка түрлөрү менен бирдей корголууга тийиш.
  10. Жеке менчик билим берүү уюмунун мүлкүн пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
  11. Жеке менчик билим берүү уюму мурда ижарага алынган жана/же иш жүзүндө пайдаланылган мамлекеттик же муниципалдык жайлардын келишиминин колдонуу мөөнөтүн узартууга артыкчылык укугун пайдаланат.

15-глава. Билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

60-берене. Эл аралык кызматташтык

  1. Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыгы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.
  2. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, билим берүү уюмдары чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар жана мекемелер менен түз байланыштарды түзүүгө, билим берүүнүн жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдөөлөргө Кыргыз Республикасынын катышуусуна көмөк көрсөтүүгө, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүүчү илимий жана илимий-изилдөө программаларын жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттер аралык жана эл аралык коомдук билим берүү бирикмелерине кирүүгө укуктуу.

61-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган этникалык кыргыздарга, башка өлкөлөрдүн жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга билим берүү кызматтарын көрсөтүү

  1. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттерде жашаган этникалык кыргыздарга, башка чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде атайын билим берүү уюмдарын түзүү түрүндө билим берүү кызматтарын көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби мамлекеттер аралык келишимдер, ошондой эле жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынат.
  2. Башка мамлекеттердин жараны болгон этникалык кыргыздарга мамлекеттик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен квота берилет.
  3. Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештер үчүн менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарында окуу акысын төлөөнүн Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттары белгиленет.
  4. Этникалык кыргыздардын жана чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештердин контракт формасы боюнча окуусу үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын жарандарынан алынган өлчөмдө алынат.

16-глава. Корутунду жоболор

62-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузган же анын аткарылышына тоскоолдук жараткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

63-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 169-ст.);

2) "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы № 9 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 683-ст.);

3) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.);

4) "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы № 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 751-ст.);

5) "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 30-июлундагы № 117 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 868-ст.);

6) "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 210 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 978-ст.);

7) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 225 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 12, 1110-ст.);

8) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 111 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 680-ст.);

9) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 115 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 684-ст.);

10) "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 335-ст.);

11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-январындагы № 10 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 10-ст.);

12) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 185 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 559-ст.);

13) "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-июнундагы № 189 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 563-ст.);

14) "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы № 198 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 572-ст.);

15) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 15-январындагы № 2 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 2-ст.);

16) "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-мартындагы № 56 Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2010-жылдын 2-апрели, № 24);

17) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 42 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 537-ст.);

18) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы № 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1053-ст.);

19) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-декабрындагы № 255 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1695-ст.);

20) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 11-январы, № 1);

21) "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2109-ст.);

22) "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 1, 3-ст.);

23) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 110 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 897-ст.);

24) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 176 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 962-ст.);

25) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 199 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 10, 1123-ст.);

26) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-декабрындагы № 221 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1240-ст.);

27) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамынын 2 жана 3-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 397-ст.);

28) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын 9 жана 12-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 720-ст.);

29) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-январындагы № 15 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 15-ст.);

30) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 357-ст.);

31) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 84 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 359-ст.);

32) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 213 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1048-ст.);

33) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 541-ст.);

34) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2, 92-ст.);

35) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-майындагы № 84 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 402-ст.);

36) "Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 503-ст.);

37) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 16-февралындагы № 22 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 2, 80-ст.);

38) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-июлундагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 476-ст.);

39) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 2-августундагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 478-ст.);

40) "Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 260-ст.);

41) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-июнундагы № 71 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 342-ст.);

42) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 1-июлундагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 47-8, 466-ст.);

43) "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-декабрындагы № 135 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 12, 698-ст.);

44) "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамынын 6-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2020-жылдын 4-августу, № 61);

45) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 128 Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2020-жылдын 18-августу, № 65);

46) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-апрели, № 29-30);

47) "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-майындагы № 64 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 25-майы, № 63-64);

48) "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 30-ноябры, № 145);

49) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 25-июлундагы № 69 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 29-июлу, № 66);

50) "Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 21-февралы, № 13);

51) "Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 3-марты, № 16).

64-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө

Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, календардык бир жыл ичинде:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 2026-жылдын 1-сентябрына чейин билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоо механизмин пилоттук режимде киргизүү боюнча чараларды көрсүн, анын натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ваучердик каржылоо механизмин киргизүүнү жүзөгө ашырсын;

3) ваучердик каржылоо механизмин пилоттук киргизүүнүн натыйжалары боюнча ушул Мыйзамдын 50-беренесине жана башка укуктук-ченемдик актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

4) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып орто жалпы билим берүү базасында жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде кесиптик орто билим берүү уюмдарына кабыл алууну жана өткөндөрдү каттоону баштасын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 29-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган