Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Суроо-жооптор

Если у Вас возникли проблемы с чтением кода, нажмите на картинку с кодом для нового кода.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 41 по 50 из 1333 | Следующие | В конец
Хамида
Комментарий
Декреттен кийинки жумуш орду.
#41 Дата: 19.12.22, 05:41:07
Саламатсызбы, штаттык кыскартуулар болсо да, декреттик өргүүдөн кийин жумуш орду сакталабы?

Oтвeт:
Декреттик өргүүдө жүргөн учурда ал кызмааткер штаттык кыскарттуга жатпайт.
Шаршебаева Аделина Талантбековна
Комментарий
Декректик оргуу
#42 Дата: 05.12.22, 14:53:07
Саламатсызбы декретик оргууго сопсуз эле 7ай болгондо чыгабы же шартка байланыштуу эртерээк чыкса болобу?

Oтвeт:
Декреттик өргүүлөр врачтардын көзөмөлү, оорулуу баракчасы менен төрөткө чейин 70 календардык күн, төрөттөн кийин 56 календардык күн берилип, ал күндөрүнө жөлөкпул төлөнөт.
Жанар
Комментарий
Декреттеги аялды Жумуштан которуу
#43 Дата: 28.11.22, 17:08:08
Саламатсыздарбы?! Мен азыркы убакта декреттемин. Иштеп жургон кезде 1 управленияда 2 отдел бар эле, эми алар озгоруп,2 отдел управления болуп калышыптыр. Мен иштеп жургондо 1- отделге Конкурстук негизде келип, бекип, иштечумун. Азыркы убакта мени азыркы 2- управленияга которуп коюшуптур, болуштуро келгенде 2- управленияга болунупмун. Менин суроом: Декреттеги аялга билдирбестен которуп койсо болобу? 1- управленияда эле калуу менде мумкунчулугу барбы? Болсо кимге кайрылсам болот?

Oтвeт:
Жооп: жетекчиликке кайрылгыла. Эгерде кызмат ордуңуз кыскабаса өзүңүздүн ордуңузга иштешиңиз керек.
Широкова Юлия Викторовна
Комментарий
Рабочий день
#44 Дата: 26.11.22, 08:15:17
Имеет ли право администрация школы заставлять учителей оставаться на работе после отработанных уроков.

Oтвeт:
Нет не имеет. Режим работа регулируется внутренный трудовой распорядок организации ст.144 ТК КР.
Перизат
Комментарий
Re: статья
#45 Дата: 11.11.22, 17:54:35
Саламатсызбы менин суроом мындай. Мен Бишкек шаарында Спец садикте воспитатель болуп иштейм. Тарбиячылардын айлык акысы которулгондо деле мен аз алып жатам. Стаж 5 жыл Билимим жогору жана магистр степеним бар. Кайда кайрылышымды билбейм. Сураныч мага жардам бериниздер.

Oтвeт:
Канча сааттык ставкада иштейсиңер толук маалымат бериңиз.
Перизат
Комментарий
Re: статья
#46 Дата: 11.11.22, 17:49:32
Саламатсызбы менин суроом мындай. Мен Бишкек шаарында Спец садикте воспитатель болуп иштейм. Тарбиячылардын айлык акысы которулгондо деле мен аз алып жатам. Стаж 5 жыл Билимим жогору жана магистр степеним бар. Кайда кайрылышымды билбейм. Сураныч мага жардам бериниздер.

Oтвeт:
Канча сааттык ставкада иштейсиңер толук маалымат бериңиз.
Асыл
Комментарий
Декреттик өргүү
#47 Дата: 10.11.22, 10:36:29
Саламатсызбы мен мугалиммин. 2022-жылдын 28-октябры мн декреттик өргүү(126 календардык күн мн больнычныйга )чыктым.Ошондо мага 126 күнгө больнычный акча төлөнөбү?Мага до родовой ,после родовой биригип 6-7миң сом чыгат дейт жана 8 айга чейин иштедиң до родовой аз чыгат,мүмкүн чыкпайт деди ушуга жооп алсам болобу?

Oтвeт:
126 календардык күндүн биринчи он күндүгү эмгек акынын фондусунан 100% төлөнөт, калган 116 күнү 1000 сомдун эсебинде соц.фонд тарабынан берилет.
Маъмура
Комментарий
Декреттик оргуу
#48 Дата: 08.11.22, 03:12:30
Саламатсызбы.Мен декреттик оргуудон жумушка кайтам десем 6 саат сабак берип жатат.Декретке кетип жатканда18 саат менен чыгып кеткем.Биринчи декретке кеткенимде ордума убактылуу бир мугалим ишке алынган эле.Экинчи декреттен кайтып жатам тиги мугалим пастаянный буйрук алыптыр.Диплом боюнча Физика математика факультетин физика профилин бутком.Математика мугалими болуп ишке киргем.Азыр физиктер математикадан сабак бере албайт деген буйрук чыгыптыр.Ушул чынбы.Кенещ берип койгулачы

Oтвeт:
Жок андай эмес, декретке кеткенде канча саат менен чыксаңыз кайра келгенде ошол ошончо саат менен иштешиңиз керек болчу, экинчиден КР ББжИМ буйругу менен физиктер математикадан берүүгө уруксат берилген.
Фарида
Комментарий
Маяна
#49 Дата: 01.11.22, 04:45:54
Саламатсыздарбы! Оклад болгондо айлык озгорушу мумкунбу

Oтвeт:
Саламатсызбы, суроо түшүнүксүз.
Айгул
Комментарий
Завредность
#50 Дата: 24.10.22, 14:42:35
Саламатсыздарбы
Китепканачыларга завредность төлөө боюнча токтом жокко чыгарылганбы же төлөнөбү?
Бизге бүгүнкү күнү завредностор боюнча баардык токтомдор жокко чыгарылган деп жатышат бул туурабы маалымат берип койсонуздар.

Oтвeт:
Жок туура эмес КРӨ 27.04.15-жылдагы №258 токтомуна ылайык оор жумуштардын типтүү тизмесинин 42-главасынын 17-пункту гана жокко чыгарылган, ошол тизменин 38-главасынын 1,3-пунктарында китепканачылар зыяндуу шарттын тизмесинде турат, төлөнүшү керек.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 41 по 50 из 1333 | Следующие | В конец