Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Суроо-жооптор

Если у Вас возникли проблемы с чтением кода, нажмите на картинку с кодом для нового кода.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 31 по 40 из 1333 | Следующие | В конец
Барчынай
Комментарий
Эмгек китепче
#31 Дата: 07.02.23, 19:53:54
Саламатсызбы, мен 2019-жылдын 30-майында декретке чыгып,кайра жумушка чыга элекмин, 2021-жылы дагы төрөдүм. Бирок бюллетень тапшырган жок элем.
1.Мектепте жумуш ордум сакталабы? Билбей калыпмын деп арыз жазса болобу?
2. Бүгүн эмгек китепчемди сурасам, мектеп админстрациясы таппай коюшту? 2022-жылдын сентябрында жаңы директор дайындалган болчу. Ал труд книжканы өткөрүп алган тизмеде менин аты жөнүм жок экен. Ким жооптуу?
3. Труд книжкамды табуу үчүн кимге кайрылам? Кимге арыз жазышым керек?

Oтвeт:
Эгерде 2021-жылы экинчи жолу декреттик өргүү чыккан бюллетень болбосо декреттик өргүү төлөнбөйт. Декреттик өргүү ж.б. эмгек, бала багуу өргүүлөр декреттик өргүү үчүн берилген бюллетендин негизинде чыгарылат да. Эмгек китепчеңиз иш берүүчүдө сакталышы керек, эгерде кызматкер алгандыгы боюнча журналга кол коюлбаса, иш берүүчү жоготуп жиберген болсо кайра калыбына келтирип берүүгө милдеттүү. Эмгек китепчени калыбына келтирип берүү боюнча иш берүүчүгө арыз жазгыла.
Айзада
Комментарий
эс алуу боюнча
#32 Дата: 06.02.23, 12:27:11
Профсоюздук путевка менене эс алууда эмгек акысы сакталабы

Oтвeт:
Сакталбайт, анткени жумалык жүктөмдөгү сааттарына гана эмгек акы төлөнөт да, экинчиден ал сааттарын башка мугалим замена катары өтүп эмгек акысы ошол мугалимге төлөнөт/
Эркин
Комментарий
Эмгек стаж
#33 Дата: 01.02.23, 13:16:36
Саламатсызбы!
Мен кесиптик лицейде иштейм 1997-жылы Университетке кундузгу болумго (очное) кирип 2002-жылы бутурдум.Андан кийин жумушка орноштум. Менин окуган мезгилимдеги 5 жыл жалпы стажга кошулуусу керекпи? Бизде прокуратурадан текшеруу журуп окуган мезгилинер кирбейт стажга кайра толойсунор деп жатат.Кайсы токтом, мыйзамдар менен толонуусу керек. Анткени жаны жумушка орношуп жатканда толонот деп жаздырып келгем.

Oтвeт:
ЖОЖ окуган 5 жыл жалпы стажга кошулат. Ал эми пед.стажга мурда же кийин негизги педагогикалык иште иштеген учурлар кошулат.
Эркин
Комментарий
Эмгек стаж
#34 Дата: 01.02.23, 13:13:45

Айсалкын
Комментарий
Отпуск для сотрудников на ставке 0,5
#35 Дата: 01.02.23, 10:05:56
Если сотрудник работает 0,5 ставке т.е. 4 часа каждый день в течении месяца, как рассчитывается отпуск?

Oтвeт:
Добрый день, пожалуйста напишите более подробно, 0,5 ставка это основная работа или по совместительству?
Азатбек
Комментарий
Алтын тамга
#36 Дата: 26.01.23, 09:31:48
Саламатсыздарбы? Менин суроом төмөнкүчө: Химия предети боюнча Алтын тамгага тапшырууда көп окуучулар кыйналышат. Химия предметинен кайсы ТЕМАЛАР боюнча суроо түзүлөт, айта аласыздарбы?

Oтвeт:
Ал суроону министрлик жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн сураңыздар.
Нодир
Комментарий
Совместитель
#37 Дата: 26.01.23, 08:56:52
Здравствуйте. Если учитель работает в двух местах и принес больничный на работу, где он является совместителем, ему могут отказать в выплате больничного?

Oтвeт:
Добрый день, больничные оплачиваются по основной работе.
Гулнур
Комментарий
Айкалыштырып иштоо билим беруудо
#38 Дата: 23.01.23, 06:29:42
Саламатсызбы? Мектептеги айкалыштырып иштеген мугалимге каникул учурунда айлык акысы сакталабы? Сакталса же сакталбаса эмненин негизинде? Рахмат.

Oтвeт:
Мугалим айкалыштырып иштеген экинчи уюмда каникул учурда эмгек акы төлөнбөйт, бул жумушта берген саатына гана эмгек акы төлөнөт да, ал эми жылына бир жолу эмгек өргүү берилет.
Марат
Комментарий
Жетекчи менен тузулгон эмгек келишимин жокко чыгаруу,о
#39 Дата: 16.01.23, 18:43:52
Мектеп жамааты ,профсоюз уюмунун чогулуштун токтому менен, мектеп директору менен тузулгон эмгек келишимин жокко чыгарып, кызмат оордунан четтете алабызбы? Кайка кайрылсак болот?Эгер директору айыбы аныкталган болсо? Каматуудан алыспыз.районо куч органдарга кайрылгыла деп жооп берди.

Oтвeт:
Жооп: Мектеп жамааты профсоюздук чогулушта мектеп директорун кызматтан бошото албайт. Иш берүүчү катары мектеп директору конкурстун жыйынтыгы менен 5 жылга райшаардык ББББ дайындайт. БББ башчысына сунуш бергиле, карап көрүп, жыйынтык чыгарат.
Марат
Комментарий
Жетекчи менен тузулгон эмгек келишимин жокко чыгаруу,о
#40 Дата: 16.01.23, 18:41:53
Мектеп жамааты ,профсоюз уюмунун чогулуштун токтому менен, мектеп директору менен тузулгон эмгек келишимин жокко чыгарып, кызмат оордунан четтете алабызбы? Кайка кайрылсак болот?Эгер директору айыбы аныкталган болсо? Каматуудан алыспыз.районо куч органдарга кайрылгыла деп жооп берди.

Oтвeт:
Жок, профсоюздук чогулуштун токтому менен эмгек келишимин жокко чыгара албайсыңар. Силер сунуш берип, иш берүүчү сунуштун негизинде изилдөөлөрдү жүргүзүп, чечим кабыл алат.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 31 по 40 из 1333 | Следующие | В конец