Кенешбек
#1262 Дата: 13.01.14, 06:54:21
Oтвeт:
Бишкек шаарындагы “Мадина” базарына иштөө үчүн эмгек келишимин түзүүдө ишке орношуучу адам иш берүүчүгө Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 64-беренесине ылайык төмөндөгүдөй документтерди көрсөтөт: паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ, эмгек китепчеси, социалдык коргоо күбөлүгү, аскердик эсепке алуу документтери (аскерге милдетүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон адамдар), ал эми билимдерди талап кылган ишке кызматкер билими жөнүндө документти, 18 жашка чейинки курактагы адамдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө менен байланышкан иштерде иштөөсү үчүн соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкатты көрсөтөт.
Айрым учурларда аткарылуучу иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Кодексте, башка мыйзамдарда ишке кирүүдө көрсөтүлүүчү кошумча документтер каралышы мүмкүн. Бирок мыйзамдарда каралгандан сырткары документтерди жумушчулардан иш берүүчүлөрдөн башка адамдар талап кылууга тыюу салынат. Натыйжада сиздерден ашыкча документтер талап кылып келүүдө. Алсак иш берүүчүнүн “кайсы жерде жашагандыгы жөнүндө справка, соттолгондугу боюнча справка талап кылуу” мыйзамга туура келбейт, экинчиден коопсуздукту сактоочу күзөт бөлүмүнүн башчысынын макулдук берүү үчүн кол коюусу, эгерде Мадина базарынын ички укуктук-ченемдик актыларында көрсөтүлбөсө, ал дагы ашыкча талап кылуу болуп эсептелет.
Сиздердин укукту Мадина базарынын профсоюздук комитети коргой алат.

Айсалкын
#1263 Дата: 10.01.14, 08:50:46
Oтвeт:
Ооба каралган, КР θкмөтүнүн 25.03.2002- жылдагы №161 токтомунун негизинде эгерде мектептин пол жуугучу 50% кем эмес иш убактысында зыяндуу заттарды(кир жуучу порошок, хлор ж.б) пайдаланса, анда ал жумушчунун айлык акысына 15% үстөк акы төлөнүшү керек.
Карач Карагулович
#1264 Дата: 07.01.14, 15:58:47
Oтвeт:
КР θкмөтүнүн 2013-жылынын 3 майындагы №235 токтомунун негизинде бекитилген бийик тоолу райондордогу льготалык пенсиялык камсыздоого укук бере турган тизмеге Ак-Талаа районундажайгашкан 10 айыл кирген.Тилекке каршы, Сиздин сурооңузда Сиз жашаган тоолу айылдын аты аталган эмес, ошондуктан сурооңузга толук жооп берүүгө азырынча мүмкүн
Асылбек
#1265 Дата: 01.01.14, 13:12:33
Oтвeт:
Жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысы ай сайын өтүлгөн накталай сааттарга жараша болот. Эгерде мугалимдин саатык жүктөмөсү майрам күндөрүнө туш келсе(мисалы 23.02; 8.03; 1.05 ж.б), анда мындай учурларда ал күндөргү акы төлөнбөйт жана мугалимдин ошол айдагы эмгек акысы бул себептерден төмөндөйт. Мугалимдердин эмгек акысынын мындай тартипте эсептелиниши “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын” 5.3 бөлүмүнүн биринчи абзацына ылайык каралган.
Шаршембиева Асель
#1266 Дата: 27.12.13, 06:16:41
Oтвeт:
Если учитель, имеющий высшее образование, заменяет педагога со средним специальным образованием, то стоимость почасовой оплаты в этом случае определяется по высшему образованию.
НАРГИЗА
#1267 Дата: 25.12.13, 15:37:10
Oтвeт:
На основании Устава Центрального комитета профсоюзов работников образования и науки КР, утвержденного V съездом отраслевого профсоюза 19.05.2010 года, ежемесячные членские взносы установлены в размере одного процента от всех видов заработка. Согласно постановлению пленума ЦКП №5 от 13.06.2001 г. областные, городские, районные комитеты отчисляют 10-30% в Центральный комитет. Оставшиеся суммы распределяются согласно решению президиумов областных, районных, городских комитетов профсоюза отрасли.
лианна
#1268 Дата: 24.12.13, 08:21:21
Oтвeт:
Жыл сайын 19-октябрь күнү Кыргызстан профсоюздары, анын ичинде тармактык билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзу социалдык коргоо жана профсоюздар күнүн белгилешет.
Нургазы
#1269 Дата: 23.12.13, 15:43:37
Oтвeт:
Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөө КР θкмөтүнүн 31.05.2011-жылдагы №270 токтому менен бекитилген «Нускаманын» негизинде жүргүзүлөт. 0,25 ставкада эмгектенген мектептин уюштуруучусунун кызматтык маянасы нускаманын 7- тиркемесине ылайык аныкталат. Сиз сурооңузда баяндагандай мектебиңиздерде баардыгы 273 окуучу бар. Бул учурда уюштуруучунун маянасы(оклад) 4845 сом өлчөмүндө аныкталат.Сиздин кызматтык маянаңыз 4845 сом Х 0,25=1211,5 сомду түзөт.
18 сааттык жүктөмө үчүн эмгек акы төмөндөгүдөй эсептелинет:
45 сом Х 18 саат+ 2 саат Х4,3= 3870 сом, бул жерде
45 сом-жогорку билимдүү мугалимдин саатынын акысы,
18 саат- тарификациянын негизиндеги педагогикалык жүктөмөнүн саны,
2 саат- сабакка даярдануу,
4,3- календарлык жыл ичиндеги жумалардын орточо саны.
Эгерде сиз айыл жергесинде эмгектенсеңиз анда сизге, педагогикалык жүктөмө жана кызматтык маяна үчүн дагы кошумча төлөмдөр каралышы керек, бирок 1000 сомдон ашык эмес.
Андан тышкары, эгерде Сиздин педагогикалык стажыңыз 5 жана андан көп жыл болсо, бул учурларда дагы педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөр каралышы керек.(10%, 20%, 30%).
Баардыгы:1211, 5 сом+3870 сом+ 1000 сом+ педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөм.

Гость
#1270 Дата: 20.12.13, 06:46:41
Oтвeт:
В каникулярное время (осенние, зимние и весенние каникулы) заработная плата учителя сохраняется по последней тарификации, поэтому в табеле учета рабочего времени в период каникул отмечается время урочной, подготовительной, внеурочной и повышение мастерства, установленных тарификацией. В период летних каникул в табеле учета рабочего времени регистрируется явка или неявка на работу педагогов.
#1261 Дата: 14.01.14, 10:47:33
Oтвeт: