Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Суроо-жооптор

Если у Вас возникли проблемы с чтением кода, нажмите на картинку с кодом для нового кода.
В начало | Предыдущие | Комментарии с 1151 по 1160 из 1333 | Следующие | В конец
Шермамат уулу Бектур
Комментарий
Текшеруучу органдар
#1151 Дата: 11.06.14, 03:27:06
Текшеруучу органдар боюнча маалымат берип коюнуздарчы.аудитор менен ревизордун айырмасы эмнеде?

Oтвeт:
Аудитор - уюмдагы кемчиликтерди аныктоо үчүн атайын чакырылган адис, бул адис жумуштагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо менен бирге уюмдун кызматкерлерин мындан ары мындай кемчиликтерди болтурбоо ыкмаларына окутуп-үйрөтөт. Ал эми Ревизор – негизинен мамлекеттик уюм тарабынан жумуштагы кемчиликтерди аныктоо үчүн жиберилген адис, жыйынтыгында бул адис жумушта кетирилген кемчиликтер,мыйзам бузуулар жөнүндө тиешелүү кагаз-документти (акт) даярдап чыгат жана ал албетте уюмдун кызматкерлерин окутуп үйрөтүүгө кызыктар эмес.
Айгyл
Комментарий
Декреттик отпyска
#1152 Дата: 10.06.14, 17:13:06
Мен мектепте иштеймин декреттик отпyскадан кийин акы толонyyчy отпускагa кандай тартипте чыгам жана кандай тартипте толонот& Декреттик отпyскамды календардык кyн менен эмес иштоо кyнy менен толойбyз деп жатышат кимге кайрыла аламын телефон номерлерин берсениздер жакшы болмок.
рахмат

Oтвeт:
Айгуль, декреттик отпускадан кийин Сиздин акы төлөнүүчү эмгек өргүүнүз иштеген акыркы үч айлык эмгек акыңыздын суммасын 3кө, 29.6 га бөлүп, канча календарлык күнгө эмгек өргүү берилсе ошончо күнгө көбөйтүлүп эсептелинет (Эмгек Кодексинин 159-статьясынын). Бул суммадан кадимкидей салык жана социалдык чегерүүлөр кармалат.
Албетте, декреттик отпускаңыздын узактыгын календардык күн менен эсептешет, ал эми акчасын жумуш күндөрү менен төлөшөт.
Бактияр
Комментарий
Эмгек оргуу жонундо
#1153 Дата: 09.06.14, 08:04:47
Урматтуу профсоюз кызматкерлери сизден суранарыбыз эмгек акы кандай толонорун мисал кылып жазып жиберсениз сизден суранарыбыз центральный бухгалтерия болгондон бери мугалимдердин баары нааразы эми эмгек оргуу да чечилбей жатат алдын ала ыракмат!

Oтвeт:
Урматтуу Бактияр, негизинен билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары КР Өкмөтүнүн 19.01.2011-ж №18 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү» жана 31.05.2011-ж №270 «Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн нускамасын бекитүү» жөнүндө токтомдорунун жаңы редакцияларына ылайык жүргүзүлөт.
Ал эми эмгек өргүүлөрү, КР Өкмөтүнүн 25.04.2006 №295 “Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө” токтомунун жаңы редакцияларына ылайык жүргүзүлөт.
Аталган токтомдор менен Сиздер биздин сайттан толугу менен тааныша аласыздар жана төмөндө Сиздерге жардам катары эмгек өргүүнү эсептөө боюнча мисал келтирдик.

Мисал: Мугалим эмгек өргүүгө 1- июльдан тартып кетти. Анын эмгек өргүүсүн эсептөө үчүн алынган орточо айлык акысы апрель, май, июнь айлары + кызыктыруучу фонддун суммасы, (мугалимдин II- квартал үчүн алынган суммасы толугу менен) 3кө жана /29,6 га бөлүнөт жана Х 56 календарлык күнгө көбөйтүлөт:
Июнь, Май, Апрель айлары + кызыктыруучу фонддун суммасы /3 /29,6 Х 56 календарлык күнгө.
Олимпиева Л.П. Закиряева Н.Э.
Нурила
Комментарий
Начисление отпуска
#1154 Дата: 09.06.14, 04:42:28
Саламатсыздарбы? Менин суроом отпуска кандай эсептелинет, кайсы айлар алынат? Эгерде мугалим акыркы 2 айда 10 кундон ооруп калса ага кандай отпуска чыгат?

Oтвeт:
Эмгек өргүүнү төлөп берүү максатында «Эмгек акыны эсептөөнүн тартиптеринин» негизинде орточо эмгек акыны эсептөө үчүн эсептөө мезгили болуп үч календарлык ай каралат (айдын 1нен кийинки айдын 1не чейинки). Эгерде эсептөө үчүн алынган бул үч айдын ичинде кызматкер ооруп калган болсо, анда ал адам ооруп калган ай эсептөөдөн алынып салынат (анткени бул айда ал ооругандыгына байланыштуу жөлөкпул алган) жана эсептөө үчүн башка толук ай каралат.
Эмгек өргүүнүн акчасын эсептөө үчүн орточо айлык акы кызыктыруучу фондду жана башка айлык акыга тиешелүү баардык төлөмдөрдү камтуу менен эсептелинет.
Бактыгуль
Комментарий
Зыяндуу шартта иштоо
#1155 Дата: 09.06.14, 04:25:19
Саламатсыздарбы!
Райондук билим беруу болумунун борборлоштурулган бухгалтериясынын бухгалтерлеринин кызматтык маяналарына зыяндуу шартта иштегендиги учун 15% олчомдогу кошумча акыны белгилоо учун кандай иш кагаздарын жургузуу керек? Биздин билгенибиз жумуш ордун аттестациялоо,зыяндуу шарттарды аныктоочу коммиссиянын чечими жана акт эле тузуп койсо жетиштуу болобу?
Алдын ала ыраазычылык билдирем. Бул сайттан биз коп жардам алып жатабыз!!!

Oтвeт:
Бактыгуль, сиздер баяндагандай жумуш ордун аттестациялоо/зыяндуу шарттарды аныктоочу коммиссиянын чечими/актысынын негизинде райондук билим берүү бөлүм башчысынын буйругу чыгарылат жана ал буйруктун негизинде 15% өлчөмдөгү кошумча акы белгиленет.
Икрамжан
Комментарий
Права и обязанности
#1156 Дата: 04.06.14, 12:57:23
Здравствуйте,спасибо за ответ, за ваш труд! Но извините меня ещё раз, ваш ответ,я считаю, просто доводы,то есть не обоснованные. А мне и тем кому безразличен этот вопрос, нужны ответы на основания каких-то законов, положения и т.д. Поэтому ещё раз повторяю свой вопрос:"Исходя из этого педагог имеет ли права отказаться от этой работы? Если да, в каких случаях? Если нет, на каком основании?" Потому что классный руководитель тратить своё драгоценное время на это работу не 4 часа (по 22,50сома), как предусмотрено в новом законе об оплате труда гораздо больше. Мне известно многих это не устраивает, поэтому я вас подробно ответить на этот вопрос.

Oтвeт:
Уважаемый Икрамжан, мы уверены что с нашей стороны был предоставлен исчерпывающий ответ на Ваш вопрос. Вам необходимо тщательно изучить наши доводы.
elvira
Комментарий
Re: Вопросы и ответы
#1157 Дата: 04.06.14, 10:22:55
саламатсыздарбы, биз Жаратылыш байлыктар институтунун кызматкерлери. Бизде мындай суроо, айлык акыбыздан КОП ЭЛЕ кармалат соц фонд налог деп бирок эсептеп корсок, ТУУРА ЭМЕС АЯБАЙ КОП КАРМАГАНЫН БИЛДИК, штатный листокко БАШКА сумманы жазып коюшат, иштен чыгып кеткен кызматкерлердин да фамилиялары журот, жарым ставка иштегендер ал листе бир ставка деп коргозулгон , коммисия келет деп 1000-500 кармап атат бул маселени ким чечет биздин укугубузду ким коргойт, иш кананын профкомму мындай койгойлорду эмне учун чечпейт.

Oтвeт:
Кымбаттуу Эльвира, иштеген жериниздердин аты жонун так корсотсонуздор Биз Сиздердин суроого так жооп бере алабыз.
Самат
Комментарий
Re: Вопросы и ответы
#1158 Дата: 04.06.14, 04:50:02
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинини83-беренесинин 6 пункту боюнча бошотулган кызматкерге эмгек оргуу же жыйынтык эмгек акы (расчетный) толонобу?

Oтвeт:
Ооба, КР азыркы учурдагы Эмгек Кодексине ылайык кызматкерге бошотулган статьясынын туруно карабастан администрация колдонулбай калган эмгек оргуусу учун компенсация жана жыйынтык эмгек акы толоп берууго милдеттуу.
Гость
Комментарий
Буйрук
#1159 Дата: 02.06.14, 13:17:45
Отпусканын буйругу кайсы буйрукка жазылат

Oтвeт:
Урматтуу окурман, суроонузду тактап жондуу беринизди сурайбыз.
Ибрагимова К.И.
Икрамжан
Комментарий
Права и обязанности
#1160 Дата: 31.05.14, 10:20:48
Здравствуйте! Будьте любезны, ответьте, пожалуйста,на вопрос, волнующих всех педагогов, которым приходится работать классным руководителем. Вам должно быть ведомо, какую оплату получают за классное руководство. Исходя из этого педагог имеет ли права отказаться от этой работы? Если да, в каких случаях? Если нет, на каком основании?

Oтвeт:
В соответствии с квалификационной характеристикой учитель, кроме учебной работы, осуществляет организационно-воспитательную работу, в том числе выполняет функции классного руководителя. Руководитель вправе определить учителю функции классного руководителя, включая данную работу в объем его педагогической нагрузки.
Вы спрашиваете, при назначении учителя классным руководителем, требуется ли его согласие.
Безусловно, вопрос этот неоднозначный. С одной стороны, для отказа нужны объективные причины с вашей стороны, с другой стороны-разумность и адекватность руководителя.
Могу посоветовать написать заявление, где Вы укажете причину отказа(в Вашем случае, как я понимаю, это неопытность в деле преподавания). Так и можно написать «отказываюсь, так как нахожусь в процессе профессиональной адаптации и испытываю затруднения организационного характера». В принципе, адекватному руководителю не нужны классные руководители, не справляющиеся со своими обязанностями. Но это уже психология руководителя.
(Из жизни: моей коллеге сознательно не давали классное руководство в год перед выходом в декрет. Здесь, безусловно, человеческое понимание руководителя. Также были случаи, что педагогам-совместителям не дают классное руководство, так как они не имеют возможности постоянно заниматься с классом).
В начало | Предыдущие | Комментарии с 1151 по 1160 из 1333 | Следующие | В конец