“Тарбия - билим башаты” аттуу уюштуруучулардын райондук семинары
Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылынын иш планынын негизинде 2018-жылдын 19-октябрында №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинде окуучулардын, жаш өспүрүмдөрдүн арасында ар кандай укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу максатында “Тарбия - билим башаты” деген темада тарбиялык иштердин уюштуруучуларына семинар өткөрүлдү. Семинарга 46 мектептин тарбиялык иштери боюнча уюштуруучулары, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору катышты. Окуучуларга “Адамга эң кыйыны- күн сайын адам
05.11.2018 834 Кесиптик бирлик региондордоАдабий кече жана конкурс
2018-жылдын 27-октябрында Лейлек районунун Хамза орто мектебинин Лейлек районунун 90 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектептин жалпы жаамааты тарабынан өзгөчө кыргыз тил мугалимдери, тарых мугалимдери тарабынан даярдалган 8,9,10,11-класстардын окуучуларынын катышуусу менен адабий кече жана конкурс өткөрүлдү. Окуучулар Лейлек районунун тарыхын,
31.10.2018 796 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюздар күнү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмунун төрага, төрайымдарын Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Калчаев Ырысбек Өмүрзакович, Шааркомдун төрагасы Акунов Кеңешбек Жасыновичтер куттукташты. БПУнун алдынкы төрайымдарына шаардык комитетинин Ардак Грамотасы менен сыйланышты.
31.10.2018 693 Кесиптик бирлик региондордоКылмыштуулуктун алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү
Кадамжай районунун Халмион айыл аймагына караштуу Көк-Тал айылынын “Достук” орто мектебинде “Конфликт жана конфликтагендер” деген теманын негизинде 5-класстан, 11-класска чейинки окуучулар арасында семинар болуп, “Достук” орто мектебинин профкому Саматова Айнура окуучуларды кызыктырып маанилүү жана таасирдүү сөздөрү менен семинар өткөрдү. Семинарга жетекчилер, мугалимдер катышышты.
31.10.2018 1123 Кесиптик бирлик региондордо“Берекелүү алтын күз”
Кадамжай шаарындагы №4 “Росинка” балдар бакчасында “Берекелүү алтын күз” аттуу майрамдык кече өткөрүлдү. Майрам бала бакчанын чоӊ залында өттү. Майрамдык кечеге ата-энелер, меймандар, жогорку жана ортоӊку тайпанын балдары катышты. Тарбиячы мугалимдер жогорку жана ортоӊку тайпаны 2 командага бөлүп алып, кызыктуу оюндары менен мелдештирди. Балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, концерттик программаларын аткарып беришти жана айлана чөйрө, табият жөнүндө
31.10.2018 1010 Кесиптик бирлик региондордо“Лейлек районуна 90 жыл”
2018-жылдын 25-октябрь күнү Лейлек районунун 90 жылдыгы жана И.Раззаковдун туулган күнү Исфана шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлүп, райондо жаңы курулуп бүткөн Тогуз-Булак айылында “Тогуз-Булак” орто мектеби жана Кара-Таш айылында “Лейлек Алтын-Таажы”, Мурза-Патча айылында “Агартуу” атту бала бакчалары КРнын премьер министри М.Д.Абылгазиев, КРнын ЖКнин депутаттары Т.Тиллаев, К.Орозова, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин статс катчысы Ж.А. Ташиев, КРнын Өкмөтүнүн Баткен
31.10.2018 888 Кесиптик бирлик региондордоКоопсуздукту камсыздоо иш-чарасы
Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде «Жаш жол тескөөчү -2018» сынагы өткөрүлдү. Шаардын жетекчилери : мэриядан Боронбаев Н.А., ШБББнун жетекчиси Асилбек кызы Жыпара, ички иштер бөлүмүнөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнөн Таштанбеков К.А., Жашы жетелек өспүрүмдөрдүн тескөөчүсү Осмонова А.Э.шаардын мектептеринын командалары катышты.
31.10.2018 743 Кесиптик бирлик региондордоКара-Көлдөгү алгылыктуу иштер
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин иш планына ылайык обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов Кара-Көл шаарында болуп, методикалык күндөрдүн алкагында профсоз уюмдарына жардам берди. Алгач шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева менен баарлашып, шаар БББ, шаарком тарабынан аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышты.
30.10.2018 587 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде студенттик эстафета болду
27-октябрь күнү ОГПИнин алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун (ЖЧБ) уюштуруусунда “Спорт – тездик, бийиктик, күчтүүлүк” деген ураандын негизинде спорттук эстафета оюну болуп өттү. Мында аталган борбордун мүчөлөрүнөн турган төрт команда ат салышып, кызыктуу спорттун түрлөрүнөн турган 5 оюн боюнча мелдешишти.
30.10.2018 708 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде күзгү ишембилик...
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда ишембилик болуп, анда студенттер институттун имараты жайгашкан Н.Исанов көчөсүндө жана окуу жайдын айланасында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Аталган ишембилик ОГПИнин Жаштар комитети жана “Жаратман” чыгармачылык борбору тарабынан демилгеленип, жүзөгө ашырылды. Эскерте кетсек окуу жайдын бардык факультеттеринде да байма-бай ишембиликтер уюштурулуп, айлана чөйрөнү
30.10.2018 652 Кесиптик бирлик региондордо“Башталгыч класстын окуу сабагындагы позитивдүү тартип” темасындагы тренинг
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Мерсико эл аралык уюму жана “Балдарды коргоо” эл аралык фонду менен биргеликте 2018-жылдын 27-июлунда түзүлгөн Меморандумдун негизинде жана балдардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн мугалимдерди окутуу максатында, КРББ жана ИМнин 2018-жылдын 4-октябрындагы №1239/1 буйругуна ылайык “Балдарды коргоо” эл аралык уюмунун “Балдардын тамак-ашын жана билим берүүсүн өнүктүрүү” долбоорунун “Башталгыч класстын окуу сабагындагы позитивдүү
29.10.2018 653 Кесиптик бирлик региондордо