Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Тарбия - билим башаты” аттуу уюштуруучулардын райондук семинары

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылынын иш планынын негизинде 2018-жылдын 19-октябрында №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинде окуучулардын, жаш өспүрүмдөрдүн арасында ар кандай укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу максатында “Тарбия - билим башаты” деген темада тарбиялык иштердин уюштуруучуларына семинар өткөрүлдү. Семинарга 46 мектептин тарбиялык иштери боюнча уюштуруучулары, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору катышты. Окуучуларга “Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу”, “Менин айылым”, “Мен тоодо жана тоо арасында жашаймын”, “Менин Ала-Тоом”, “Ч. Айтматов - аалам адабиятынын арстаны”, “Жолдо жүрсөн сак бол!” деген темада ачык тарбиялык сааттар өткөрүлдү.                               Укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу максатында даярдалган атайын слайддар, видеороликтер көрсөтүлүп, ар бир уюштуруучуга керектүү усулдук колдонмолор менен бирге таркатылып берилди.

Ошондой эле Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы  тарабынан бекитилген атайын графиктин негизинде райондун бардык мектептеринде “Биз мектеп рекэтине каршыбыз!”, “Кылмыштуулуктун  түбү аттиң!” деген темада жогорку класстын окуучуларына дебаттык иш-чаралар, ачык сабактар өткөрүлдү.

 

 

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров