Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдөгү алгылыктуу иштер

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин иш планына ылайык обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов Кара-Көл шаарында болуп, методикалык күндөрдүн алкагында профсоз уюмдарына жардам берди.

Алгач шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева менен баарлашып, шаар БББ, шаарком тарабынан аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышты.

Анда маалым болгондой, шаардык мэрия (мэр И.Еркеев) шаар БББ (башчысы А.Мырзалиева), профсоюздун шааркомунун (төрайымы А.Каракозуева) ортосунда түзүлгөн 3 тараптуу макулдашуунун негизинде билим берүү кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин чечүү жаатында бир катар иштер аткарылган.

Акыркы 2 жыл ичинде шаардык мугалимдер үчүн 6 квартира  бөлүнүп берилген. Ал эми коммуналдык тейлөөлөр  үчүн 1,3млн сомдон ашык каражат төлөнүп ажыратылган.

Мындан тышкары мугалимдердин кесиптик майрамына, башка иш-чараларга материалдык жана моралдык  колдоолор көрсөтүлүп келет.

А.Бегматов билим берүү уюмдарында болуп, эмгек жамааттары жана карыя, ардагер кызматкерлер менен жолугушуп баарлашты. Ардагер профсоюз мүчөлөрүн куттуктады.   

Шаарком тарабынан  «2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети»  кароо-сынагы «Жобого» ылайык уюштурулуп, ага 4 мектептин жана 2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун баштапкы уюмдары катышты.

Жыйынтыгында, шаардагы №3 Фрунзе  атындагы орто мектептин профсоюздук комитети (төрайымы А.Токтогулова,дир. Б.Мустафина) жеӊүүчү  деп табылып, кароо-сынактын облустук туруна катышууга жолдомо алды.

Бардык катышуучулар профсоюздун Жалал-Абад обкомунун жана Кара-Көл шааркомунун Ардак грамоталары жана башка баалуу белектер менен сыйланды.

Башкы социалдык өнөктөш   катарында шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева, №1 Токтогул, №3 Фрунзе,  №4 Шопоков атындагы орто мектептердин директорлору (Г.Көкөева,              Б.Мустафина, Р.Бердигулова), шаардык балдар чыгармачылык үйүнүн (дир.Г.Калпакбаева), мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эмгек жамааттарынын катышуусу менен семинар өткөрүлдү.

Сөзгө чыккандар өз жамааттарында аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтышып, профсоюз жөнүндөгү баалуу пикирлерин ортого салышты.

Обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов тармактык профсоюздун бардык деӊгээлдеги органдары тарабынан жүргүзүлүп  жаткан жигердүү аракеттер жөнүндө баяндап, катышуучулардын ар түрдүү мазмундагы суроолоруна жооп берди.

Мыкты иштеген профсоюздук кызматкерлерге Борбордук Комитеттин жана обкомдун сыйлыктарын тапшырды.

Катышуучулар тарабынан семинарда профсоюздун биримдиги, тилектештиги ийгиликке өбөлгө түзө тургандыгы, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана мыйзамдык укуктарын коргоодо профсоюздун өзгөчө орду белгиленди.

Соӊунда профсоюзду даӊазалаган ыр-бийлер, инсенировкалар аткарылды.

 

 

М.Абдыкадырова - обкомдун пресс-катчысы