Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Лейлек районуна 90 жыл”

2018-жылдын 25-октябрь күнү Лейлек районунун 90 жылдыгы жана И.Раззаковдун туулган күнү Исфана шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлүп, райондо жаңы курулуп бүткөн Тогуз-Булак айылында “Тогуз-Булак” орто мектеби жана Кара-Таш айылында “Лейлек Алтын-Таажы”, Мурза-Патча айылында “Агартуу” атту бала бакчалары  КРнын премьер министри М.Д.Абылгазиев, КРнын ЖКнин депутаттары Т.Тиллаев, К.Орозова, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин статс катчысы  Ж.А. Ташиев,  КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Халмурзаев жана ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн катышуусу менен  салтанаттуу ачылды.

Райондун социалдык  өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн  айрым иш кана жетекчилери сыйлыктарга ээ болушту. М.Баетов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Каримов Жоошбай КРнын өкмөтүнүн алкыш баракчасы менен сыйланды.

Исфана шаарынын стадионунда өткөрүлгөн майрамдык иш чараны уюштуруп, өткөрүүгө Лейлек районунун билим берүү мекемелери активдүү катышып,  мугалимдердин,  окуучулардын, “Баластан” балдар чыгармачылык борборунун окуучу кыздарынын, КРнын эмгек сиңирген артисттери С.Каримова, Б.Токторовдун катышуусундагы чоң программадагы концерт майрамга келген конокторго жана аймактын тургундарына  тартууланды.

Материалды даярдаган Сагалиева М.