Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде студенттик эстафета болду

27-октябрь күнү ОГПИнин алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун (ЖЧБ) уюштуруусунда “Спорт – тездик, бийиктик, күчтүүлүк” деген ураандын негизинде спорттук эстафета оюну болуп өттү.

Мында аталган борбордун мүчөлөрүнөн турган төрт команда ат салышып, кызыктуу спорттун түрлөрүнөн турган 5 оюн боюнча мелдешишти.

Достуктун улуу даанакери болгон спорттук мелдеш, студенттердин достугун бекемдеп, ынтымакка, сергек жашоого чакыруу максатында уюштурулуп, катышуучуларыбыз активдүүлүк менен оюн көрсөтүү аркылуу өзгөчө кызыгууну жаратышты.

Эскерте кетсек аталган эстафета ЖЧБнын ар ишемби күнү болуучу “Адамдыкка сапар” аттуу семинар-тренингинин алкагында уюштурулуп, жеңүүчү командалар окуу жай жетекчилигинин атайын белектери менен сыйланды.

 

 

Даярдаган Жылкычы у.К.