Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде күзгү ишембилик...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда ишембилик болуп, анда студенттер институттун имараты жайгашкан Н.Исанов көчөсүндө жана окуу жайдын айланасында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Аталган ишембилик ОГПИнин Жаштар комитети жана “Жаратман” чыгармачылык борбору тарабынан демилгеленип, жүзөгө ашырылды. Эскерте кетсек окуу жайдын бардык факультеттеринде да байма-бай ишембиликтер уюштурулуп, айлана чөйрөнү тазалоо менен кышка камынуу иштери кызуу жүрүүдө.

 

Даярдаган Жылкычы у.К.