Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Берекелүү алтын күз”

Кадамжай  шаарындагы  №4  “Росинка”  балдар  бакчасында  “Берекелүү  алтын  күз”  аттуу  майрамдык  кече  өткөрүлдү.  Майрам  бала  бакчанын  чоӊ залында өттү.  Майрамдык  кечеге ата-энелер, меймандар, жогорку  жана  ортоӊку  тайпанын   балдары  катышты. Тарбиячы  мугалимдер  жогорку  жана  ортоӊку    тайпаны  2   командага  бөлүп  алып,  кызыктуу  оюндары  менен  мелдештирди. Балдар  өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп,  концерттик  программаларын  аткарып  беришти  жана  айлана  чөйрө, табият жөнүндө   кызыктуу  ыр  саптарын   ырдап  беришти. Өзгөчө  ортоӊку  тайпанын  аткарган  жомогуна   келген  коноктор,  ата-энелер  мыкты  бааларын  беришти. Майрамдын  аягында  өспүрүм  балдар  ар түрдүү  мөмө жемиштерин   көргөзмөгө  көрсөтүштү. Келген  меймандар, ата-энелер  тарбиячы   мугалимдерге  ыраазы  болушту.  Жеӊүүчү  команданын  жетекчисине  жана   балдарга  райкомпрофсоюз  тарабынан  белектер  тапшырылды.

 

Материалды  даярдаган  уюштуруучу  адис:  Ажиева Ф.