Ош шаарынын борбордук стадионундагы “Жылдыздар бизди куттукташат” аттуу шоу-программасы ОшМУнун жамаатынын майрамдык жүрүшү менен коштолду
Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында 24-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук стадионунда ОшМУнун жамаатынын салтанаттуу парады, “Жылдыздар бизди куттукташат” аттуу Кыргызстандын белгилүү ырчы айым, мырзаларынын катышуусундагы шоу-программа тартууланды.
27.10.2014 2067 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ экинчи өздүк клиникасын колдонууга берди
Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык жана Медицина факультетинин 20 жылдык мааракесине карата бүгүн, 25-октябрь күнү ОшМУнун 3 кабаттан турган Стоматологиялык клиникасынын ачылуу аземи болду.
27.10.2014 3120 Кесиптик бирлик региондордоЭмгек адамы-эл кадырманы
Масылов Кыдырмыш Шаршенбиевич Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 1975-жылы ийгиликтүү аяктап, тарых, коом таануу адистиги боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон. Алгачкы эмгек жолун 1975 - жылы Түп районундагы А.Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде катардагы мугалим болуп иштөө менен башатаган.
27.10.2014 1228 Кесиптик бирлик региондордо«Ырыс алды - ынтымак»
Түп районундагы Талды-Суу айылында жайгашкан М. Элебаев атындагы орто мектеби 1921-жылы негизделген. Бир кылымга жакын мезгилден бери бул мектептин өзүнчө тарыхы бар. 1961-жылы эки кабаттуу мектеп интернат иштеп турган. Биздин тарыхка кайрылсак, мектепти бүткөн окуучулардын арасында академиктер, илимий кызматкерлер, министрлер, генералдар, коомдук ишмерлер, бизнесмендер бар. Алар Кыргызстандандын ар кайсы бурчтарында элибизге өз салымын кошуп келүүдө.
27.10.2014 1290 Кесиптик бирлик региондордоКадамжай райондук комитетинин кезектеги IV пленуму
Пленумда “Билим берүү кызматкерлеринин социалдык –экономикалык маселелерин чечүүдө,эмгектин коопсуз шарттарын түзүүдө, Эмгектик укугун жана кесиптик кызыкчылыгын коргоодо райондук комитеттин жана баштапкы профсоюз уюмунун кечиктирилгис милдеттери жөнүндө” маселе каралды.
27.10.2014 1071 Кесиптик бирлик региондордоЧаткал райондук, Көк Жаӊгак жана Кара Көл шаарларындагы болуп өткөн отчеттук кайра шайлоо конференциялары
Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук VII конференциясы болуп өттү. Райкомдун отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштери боюнча доклад менен төрага А.Б.Батырбеков чыгып сүйлөдү. 9-октябрь Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык конференциясы болуп, анда шааркомдун 2009-2014-жылдардагы жүргүзүлгөн иштери боюнча анын төрайымы Юскаева Гульфия Махмудовна доклад жасады.
27.10.2014 1055 Кесиптик бирлик региондордоКАРА- КӨЛ ШААРДЫК КОМИТЕТИНИН ОТЧЕТТУК-КАЙРА ШАЙЛОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
Кара-Көлдө 2014-жылдын 7-октябрында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык комитетинин отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болду. Конференцияга 31делегат чакырылып, анын ичинен 29 делегат, Жалал- Абад облустук комитетинин төрагасы К.С. Мурзакматов, А.Т.Бегматов, З.Сулайманов жана социалдык өнөктөштөр шаардын вице--мэри Г.О. Сатарова катышты.
27.10.2014 1181 Кесиптик бирлик региондордоОшМУнун 75 жылдыгына карата юбилейлик төш белгилер тапшырылды
ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата университеттин өнүгүшүнө салым кошкон жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн университетте эмгектенген жана ардактуу эс алуудагы КРнын эл сүрөтчүлөрү, эл артистери, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкерлерге, илимдин докторлору, профессорлорго, илимдин кандидаттарына, доценттерге, окутуучу-кызматкерлерге “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” жана “ОшМУнун ардактуу ардагерлери” төш белгилери жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
20.10.2014 1241 Кесиптик бирлик региондордо17-октябрь күнү Билим кызматкерлер профсоюзунуну Кемин райондук комитетинин кезектеги Пленум болуп өттү
Пленум өз ишинде Райондук профсоюз комитетинин жылдык отчетун укту. Профсоюз комитети тарабынан 2013-2014 - окуу жылында мугалимдердин эмгек акысын эсептеп төлөдө кетирилген кемчиликтер четтетилгени айтылып, район боюнча 50000 сом акча каражаты сентябрь айынын эмгек акысына кошулуп төлөнүп берилди.
20.10.2014 1023 Кесиптик бирлик региондордоC днем работников социальной защиты и профсоюзов Кыргызской Республики!
Дорогие Коллеги ! От имени Центрального комитета профсоюза работников образования и науки и от себя лично поздравляю педагогов, работников науки, профессорско- преподавательский состав, коллективы образовательных организаций в целом и студенческую молодёжь с праздником - Днем работников социальной защиты и профсоюзов Кыргызской Республики!
16.10.2014 1821 Маалыматтык бюллетеньНоокен районунда “Жаш профсоюздук лидер-2014” кароосунун жеңүүчүсү аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Билим, илим профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан “2014-жыл -профсоюздук ишмердүүлүктө инновациялардын жана жаштардын жылы” деп жарыяланып жаш профсоюздук лидердерди тарбиялоо, алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү багытында иштерди уюштуруу милдеттери коюлуп, Кыргызстан Профсоюздарынын Федерациясы тарабынан “Жаш профсоюздук лидер-2014” республикалык кароосу жарыяланган.
16.10.2014 1121 Кесиптик бирлик региондордо