Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Бишкек шаарынын ЖОЖнун жана жатак-мектептеринин студенттик (окуучулар) жатаканаларында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эреже ченемдердин сакталышы боюнча 2013-жылдын 6-февралынан 20-февралы аралыгында жүргүзүлгөн көзөмөлдүк текшерүүнүн жыйынтыгы

Бишкек шаарынын ЖОЖнун жана жатак-мектептеринин студенттик (окуучулар) жатаканаларында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эреже ченемдердин сакталышы боюнча 2013-жылдын 6-февралынан 20-февралы аралыгында жүргүзүлгөн көзөмөлдүк текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кыскача жалпы

 

МААЛЫМАТ

 

1.      КГУСТА

 

Ректору – Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович.

Чарба иштери боюнча проректору – Жолболдиев Памир.

Профком төрагасы – Дилдаев М. С.

ЭК жана ТКС боюнча инженери -

Окуу жайда үч студенттик жатакана бар. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча кириш нускама жана жумуш орундарында өтүлүүчү нускамалар иштелип чыккан. Нускама өтүлүүсү боюнча каттоо журналдары уюштуруунун колдору койдурулган. Эмгекти коргоонун талаптарына окутуу жана билимин текшерүү боюнча тематикалык план-программасы профсоюз уюму менен макулдашылып, эмгек комиссиясы тарабынан түзүлгөн. (КРнын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги №225 токтому менен бекитилген жобого негизделген).

Эмгектин өзгөчө шарттарында иштеген кызматкерлерге (жумушчуларга) кошумча эмгек акылары төлөнүүдө.

 

Студенттик жатаканаларды алсак,

№1 жатакана коменданты - Кишенова Жамиля

№2____ «______» _______Кулматов Бейшен

№3 - Аскарова Рахат.

Бул жатаканаларда техникалык коопсуздук боюнча эреже-ченемдер сакталуусу жакшы. Санитардык-гигиеналык нормалар сакталууда.

Студенттер үчүн душ иштейт. Эс алуу комнаталары, окуу залдары уюштурулган. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча пландуу иштер жүргүзүлөт. Эвакуация планы илинген. Өрт өчүрүүчү инвентарлар жетиштүү.

 

Кемчиликтери:

   -жаъы уюштурулган окуу залдарын жасалгалоо

   -өрт өчүрүүчү баллондорду рукавалары менен орундарына жайгаштыруу

   -жалпы өтүлгөн инструкциялоону токтомдоштуруу.

 

2.      К. Карасаев атындагы БМУ.

 

Ректору – Мучаев Абдылда Инаятович.

Чарба иштери боюнча проректору – Токтобаев Канат.

Профком төрагасы – Байсубанов Учкун.

Студенттик шаарчанын директору – Эшбаев Таалай.

ЭК жана ТКС боюнча инженери – Муратбеков Актилек.

Коменданты – Өмүров Дүйшөн.

Жатаканада 580 студент. Жумуш орундары боюнча инструкциялары, кол коюуучу каттоо журналдары бар. Эмгекти коргоонун талаптарына окутуу жана билимин текшерүү боюнча контролдук текшерүү суроо-тизмеги такталган. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча иш-кагаздары түзүлүп, өрт өчүрүүчү инвентарлар менен камсыздалган. Студенттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. 5 этаждын ар бир этажында экиден 10 кухня иштейт. Эс алуучу комната, окуу бөлмөлөрү бар. Кир жуучу бөлмөдө стиральный машинкалары бар. Жатакананын бардык айнектери кабатталган. Компьютердик класс-бөлмөсү да бар. Комнаталардын жылуулугу нормада. Студенттер үчүн душ бар. Жатакананын арткы короосуна стандарттуу эмес спорт плоүадка: волейбол, баскетбол аянтчалары жакшы курулган. Белгилей кетчү нерсе – стандарттуу спорт плоүадканы профком төрагасы Байсубановдун жетекчилиги астында студенттик шаарчанын директору Эшпаев Таалай, инженери - Муратбеков Актилек, коменданты - Өмүров Дүйшөн студенттер менен бирдикте өкмөттөн (окуу жайдын бюджетинен) бир тыйын алышпастан өзүлөрүнүн ынтымакташкан күчтөрү менен салышкан.

Жалпысынан айтканда бул жатаканада эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эреже-ченемдеринин сакталышы талапка жооп берерлик.

 

3.      КГАФКиС (Кыргыз мамлекеттик физкультура жана спорт академиясы).

 

Ректору – Иманалиев Токтобек

Профком төрайымы – Арыкова Чынара.

ЭК жана ТКС боюнча инженери – Г. И. Карпухина (отставкада иштейт).

№1 жатакананын коменданты – Абдыжапарова Иноватхан.

№2 жатакананын коменданты – Калчакеева Ажар.

ЭК жана ТКС боюнча инженери тарабынан түзүлгөн киришүү жана жумуш орундарында өтүлүүчү баштапкы инструкциялары түзүлгөн. Бирок үстүртөн жазылган. Колдору коюлган каттам журналдары бар. Студенттер үчүн душевая жаъы иштеп жатат – 2013 жылы. Бирок студенттердин жашоо шарты үчүн өтө көп кемчиликтери бар. Алсак, №1 жатакана боюнча (110 студент, 27 – үй-бүлөлүү, 56 договор менен):

 - Эс алуучу комната, окуу залы жок.

 - студенттер үчүн кир жуучу жай жок.

 - кухня жок, жаткан бөлмөсүндө кир жууп, тамагын да бышырат.

 - 5-этажда кээ бир комнаталардын айнектери жалаъ кабат.

Кемчиликтер боюнча буйрутма (предписание) жазылды.

 

4.      Ж. Баласагын атындагы КУУ. 

 

Ректору Исамидинов Искендер Чоъмурунович.

Экономика жана курулуш иштери боюнча проректору – Шерипбаев Мелис Ибрагимович.

Профком төрагасы – Сальпиев Шаршенбек Батырбекович.

Профком төрагасынын орун басары – Иванов Владимир Константинович.

ЭК жана ТКС боюнча инженери – Кадырова Чынара.

№5 – студенттик жатакана, коменданты – Сүйүнкулова Гуля.

№7 – студенттик жатакана, коменданты – Ырысалиева Шарапат.

№9 – үй-бүлөлүк студенттик жатакана, коменданты – Дүйшеев Советбек.

№7 студенттик жатакана 5 этаждан, 480 орундуу. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелердин сакталышы боюнча нускамалары каттоо журналдары бар. Санитардык-гигиеналык абалы талапка жооп берерлик. Жылына кандалага (хлоп) каршы санитардык тазалоодон өткөрүлүп турат. Комнаталардын айнектери толук кабатталган. Эс алуу комнатасында телевизор, газеталардын подшивкалары коюлган. Окуу залы жакшы жасалгаланган. 4-5 китеп текчелеринде китептер коюлган. Кокусунан сыркоолоп калган студенттер үчүн изалятор комнатасы бар. Кухнялар ар бир этажда иштейт. Өрт коопсуздугуна ылайык иш-чаралары бар. План эвакуациялар орундарында илинген. 27 даана өрт өчүрүүчү баллондору рукавалары менен орундарында. Бир гана кемчилик: дааратканалардан суу түтүктөрү эскилиги келип, чирүүдө.

№5 жатаканада да эмгекти коргоо жана техникалык эреже ченемдердин сакталышы талапка жооп берерлик. Бул жатаканада да бир кемчилик дааратканаларга келүүчү суу түтүктөрдүн чирип жатышы.

№9 жатакана толук үй-бүлөөлүлөргө (студенттер менен сотрудниктер) өткөрүлгөн. 120 үй-бүлө бар. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча иш кагаздары да жок. Этаждардагы кухнялар иштебей калган. Эс алуу бөлмөлөрү, окуу залдары жок.

№4 студенттик жатакана окуу жылынын башынан бери авариялык акыбалда болуп, жабылган.

Жогоруда белгиленген кемчиликтер боюнча экономика жана курулуш иштерин жүргүзүүчү проректоруна буйрутма (предписание) берилди, аткаруу мөөнөтү көрсөтүлдү.

 

5.      И. Арабаев атындагы КМУ. 

 

Ректору – Абдрахманов Төлөбек.

Профком төрагасы – Бектуров Эрмек Шакирович.

Чарба иштери боюнча проректору – Сыйырбеков Аман.

Студенттик шаарчанын директору – Абылов Алтынбек.

ЭК жана ТКС боюнча инженерии – Кыдыкбаев Калыбек.

№1 студенттик жатакана. 200 студент, 50 үй-бүлөлүү кызматкерлер. Коменданты – Баяманова Анара. Жатаканада иштөөчү кызматкерлер менен студенттер үчүн техникалык коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар жок. ЭК жана ТКС боюнча инженери жаъы келген. Бирок, студенттер үчүн жакшы эле шарттар түзүлгөн. Эс алуучу бөлмө, окуу залы жасалгаланган. Ар бир этажда (төрт этаж) бирден кухня, төрттөн сегиз плиталар иштейт. Душевая иштейт. Санитардык – гигиеналык нормалардын сакталышы жакшы. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча иш-чаралар бар. 24 даана өрт өчүрүлүүчү баллондору рукавалары менен орундарында.

Кемчиликтери:

 - студенттердин кийимдерин жуучу жай жок, жылуу суу менен камсыздалбаган.

 - өрт өчүрүүчү баллондор рукавалары менен орундарына илинбеген.

 -жумуш орундарында техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инструкциялардын иштелип чыгуусу. Кемчиликтер боюнча буйрутма (предписание) жазылды.

 

№2 студенттик жатакана 12 этаждан турган имарат. 520 студент, 22 үй-бүлөлүү студенттер.

Коменданты – Кыдырбаева Зина.

Студенттердин жашоо шарты үчүн жакшы жагдайлар түзүлгөн. Техникалык коопсуздукту сактоо боюнча каттоо журналдарына колдору коюлган. Эс алуучу бөлмө, окуу залдары бар. Ар бир этажда бирден кухня, 4 көздүү 2ден плита иштейт. Ошондой эле ар бир блокто ванна – душ, кир жуучу жай уюштурулган. Культмассовой иштерди өтүүчү чоъ актовый зал ремонттолуп, уюштурулган.

 

6.      КЭУ. 

 

Ректору – Камчыбеков Төлөн Кыдыралиевич.

Профком төрайымы – Үсөнова Күлүйпа Жунушовна.

Студенттик обүежитиянын коменданты – Тентиева Назгүл.

Жатаканада 104 студент. Жатакананын имараты эки жылдан бери евроремонттон өткөн. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эреже-ченемдердин сакталышы боюнча инструкциялары иштелип чыккан. Каттоо журналдарына кызматкерлер менен студенттердин колдору коюлган. Санитардык-гигиеналык нормалар сакталууда. Жумуш орундарында плотник, электрик, сантехниктердин инструкциялары бар. Ошондой эле тарбиячы, вахтада иштегендер, техничкалардын да кызматтык нускамалары бар. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча иш-чара колго алынган. План эвакуация илинип, өрт өчүрүүчү баллондору руковалары менен орундарында. (8 даана өрт өчүрүүчү баллон). Жалпысынан эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эреже-ченемдердин сакталышы талапка жооп берерлик.

 

7.      №5 Улуттук – компьютердик гимназия.

 

Директору – Жумалиев Мурат Сыраждинович.

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары – Жумалиева Венера.

Интернат башчысы – Касымбекова Алматай.

Профком төрайымы – Үсөнбаева Мая Алымкуловна.

Мугалимдердин саны – 160, окуучулардын саны 1726. Жатаканада 200 окуучу жатат. Техникалык коопсуздукту сактоо боюнча тармак инструкциялары түзүлгөн. Каттоо журналдарына колдору коюлган. Ар бир ата-эне менен түзүлгөн келишимде да техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо чагылдырылган.

Санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышы жакшы жылуулук системасы нормалдуу иштөөдө. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча иш-чаралары бар. Окуу имаратында 9 даана, жатаканада 6 даана өрт өчүрүүчү баллондор рукавалары менен орундарында. План эвакуация орундарында илинген.

Кемчиликтери боюнча сунуштар:

- жатаканадагы окуу залында компьютерлердин болуусу.

- кызматкерлер менен эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук сакталышы боюнча жалпы өтүлгөн инструкциялоонун токтомдоштурулуусу.

- интернаттагы душеваяны иштетүү.

- кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүүдө КРнын Эмгек кодексинин 55, 378 беренелерине негизделүүсү.

Кемчиликтер боюнча мөөнөт берилип буйрутма (предписание) жазылды.

 

8.      А. Каниметов атындагы Республикалык №1 мектеп интернаты.

 

Директору – Байматов Нуркалый.

Профком төрагасы – Хехай Аркадий.

Интернат башчысы – Өмүрзакова Майрам.

Интернатта 600 окуучу. Анын ичинен 350 окуучу интернаттын жатаканысында. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инструкциялары бар. Каттоо журналдарына колдору коюлган. Жатакананын ар бир бөлмөсүндө өзүнчө эс алуучу бөлмөдө телевизору да бар. Эки чоъ залдан турган столовой. Кухнясы азыркы талаптарга ылайык жабдылган. Жакшы жабдылган баня, кир жуучу бөлмө таза. Жалпысынан санитардык-гигиеналык абал жакшы. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча иш план түзүлгөн. Өрт өчүрүүчү баллондору рукавалары менен орундарында жайгаштырылган. План эвакуация илинген. Жыйынтыктап айтканда, интернатта эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктун сакталышы талапка жооп берерлик.

 

 

 

 Билим жана илим кызматкерлер

 Профсоюзунун БКнин эмгекти

 Коргоо боюнча башкы техникалык

 инспектору                                                                                               Т. Ш. Ибраимов.