Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыктылар кечеси

 Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган 2012-2013-окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча окуган студенттердин мыктыларга арналган кече болуп өттү.

Факультеттин деканаты жана жаштар комитети  тарабынан, жалаң эң жакшы окуган студенттерге «Окуунун мыктысы» деген аталышта төш белги жана ата-энелерине  ыраазычылык кат берилди. Ошону менен бирге эле кеченин  жүрүшүндө факультеттин деканы ф.и.к., доцент Абжалов Турсунмамат Абжалович, окуу жайыбыздын  окуу иштери боюнча  проректор б.и.к., профессор Раимбеков Каныбек Тургунович келип сөз сүйлөдү.

Факультеттин  өнүгүүсүнө зор салымын кошуп  келе жаткан  студенттерибизге ардак громаталар  жана декандын кесиптик  кошундун стипендиялары  берилди.

 

 

 

О ГПИнин  пресс катчысы: З. Нуралиева