Токтогулдун 150 жылдыгына жаӊы мектеп
Ноокен районунун №40 Токтогул атындагы орто мектебинин жамааты жана окуучуларнын, ата-энелеринин кубанычы чексиз. Токтогул Сатылгановтун 150 жылдык юбилейлик жылында мектептин жаӊы 192 орунду имарааты жана спорттук залы, ашканасы пайдаланууга берилди.
16.12.2014 1267 Кесиптик бирлик региондордо«Алтын-Уя» балдарга эшигин ачты.
Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеӊешинин депутаттарынын демилгеси жана коомчулуктун колдосу менен жергиликтүү бюджеттен 1млн 132.200 сом, коомчулуктан 207200 сом жана айылдык кеӊештин депутаттарынын жеке салымы 24000 сом бардыгы 1млн 363400сом каражат жумшалып, 60 орундуу бала бакча ачылып ишке берилди.
16.12.2014 1256 Кесиптик бирлик региондордоОшТУда бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду
Ош технологиялык университетинде 5-декабрь күнү ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.
12.12.2014 1166 Кесиптик бирлик региондордоОб установлении норм командировочных расходов и порядке их возмещения
В соответствии со статьей 190 Трудового кодекса Кыргызской Республики Правительство Кыргызской Республики постановляет: 1. Установить следующие нормы возмещения расходов, связанных с командировкой работников в пределах Кыргызской Республики: - оплата суточных - 250 сомов за каждый день нахождения в командировке в регионах республики; 300 сомов - в городе Бишкек;
11.12.2014 5877 Маалыматтык бюллетеньОшМУнун илимий китепканасы адабият күнүн белгиледи
Ош мамлекеттик университенин илимий китепканасынын жамааты Искусство факультетинин концерттик залында 12-декабрь – Адабият күнүнө карата “Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, кайра кайтып жолугушчу күндөр бар” деген аталыштагы адабий-музыкалык кече уюштурду. Кечеге адабият күйөрмандары, окутуучулар, студенттер жана китепканачылар катышышты.
11.12.2014 1829 Кесиптик бирлик региондордоОшМУда Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү 5 студенттин ар бирине 1200$ дан ыйгарылган “Атуулдук стипендияны” тапшыруу аземи болду
Ош мамлекеттик университетинде студенттерге стимул берген, суктандырган, шыктандырган, Кыргызстандагы эң ири өлчөмдөгү стипендия болгон “ОшМУнун атуулдук стипендиясынын” 3- ыйгарылышы болду. Мында атайын комиссиянын чечими менен 27 талапкердин ичинен эң мыкты деп тандалып алынган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, мыкты окуган 5 студентке 100 доллардан жылына 1200 долларлык стипендияны ыйгаруу аземи болуп өттү.
11.12.2014 1935 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму болуп өттү.
Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин алдындагы жаштар кенешинин II отуруму 2014-жылдын 9-декабрь күнү Баткен шаарында өткөрүлүп, отурумда төмөнкүдөй маселелер каралды: 1. жаштар кенешинин жобосуна толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү 2. жаштар кенешинин мүчөлөрүнүн курамын толуктоо, 3. жаштар кенешинин 2015-жылга иш планы бекитүү.
11.12.2014 1396 Кесиптик бирлик региондордоИнновационные подходы в профсоюзной деятельности вуза по работе со студенческой молодежью, их социальной защите
Иннова́ция, нововведение (англ. innovation) — это внедрённое новшество, обеспечивающее качественный рост эффективности процессов . Современная динамика общественных отношений, заставляет и профсоюзную организацию идти в ногу со временем. Постоянно модернизируются подходы и методы работы со студенческой молодежью.
05.12.2014 3702 Маалыматтык бюллетеньКайрымдуулук акциясы жүрүүдө
Ноокен районунда декабрь айында кайрымдуулук акциялары өткөрүлүп ден-соолугу, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга камкордук кылуу чаралары жүрүүдө. Ошондой эле иш чара 3-декабрь күнү Шайдан айыл аймагындагы Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде болуп өттү. Акцияга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К.Осмонов, орун басары Н.А.Бекжигитова, райондук ишкана, мекмелериден жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү, мектептин жамааты жана окуучулары катышты.
05.12.2014 1512 Кесиптик бирликтин жардамыОшМУда бириккен профсоюз комитетинин XXXIII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду
Конференцияга 171 делегаттан тышкары КРнын Профсоюздар Федерациясынын төрагасы, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, Ош областтык Билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев, ОшМУнун ректору профессор Каныбек Исаков, ОшМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Арап Анарбаев, Аялдар Кеңешинин төрайымы, Жаштар комитетинин төрагасы, факультеттердин декандары, структура бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер да катышышты.
05.12.2014 1554 Кесиптик бирликтин жардамыОшМУда билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар ыйгарылды
3-декабрь–майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар берилип, сый тамак уюштурулду. Ошондой эле Ош шаарындагы №5 орто мектепке жана Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаранга колдоо көрсөтүлдү.
05.12.2014 1385 Кесиптик бирликтин жардамы