Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук профсоюз комитетинин кийлигишүүсү менен кошумча төлөмдөр берилди

Ысык-Көл. Ак-Суу.  2012-жылдын 27-сентябрында «Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Ушул мыйзамдын 10-беренесине ылайык Ак-Суу районундагы Жыргалан шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилген болучу. Демек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылы 19-январда кабыл алынган №18 Токтомунун 2-пунктуна ылайык Жыргалан айыл аймагынын аймагында жайгашкан Асанбаев атындагы орто мектебинин кызматкерлерине айылдык мектеп катары 1000 сомдон кошумча төлөмдөр берилиши керек эле.

Тилекке каршы, айыл өкмөтүнүн бухгалтериясы бул маселени создуктуруп келген.Райондук профсоюз комитетинин кийлигишүүсү менен  2013-жылдын январь айында райондук финансы бөлүмүндө сүйлөшүүлөр, тактоолор болду. Натыйжада, 2013-жылдын январь айынан баштап аталган мектептин жамаатына кошумча төлөм тарификациялык тизмеге киргизилип эмгек маяналары менен бирге колдоруна алышты. Ал эми 2012-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн акча каражаты райондук финансы бөлүмү тарабынан эсептелди жана 2013-жылдын категориалдык грантына кошуп берүүсүн суранып Финансы Министирлигине кат менен кайрылышты.

Райондук профсоюз комитети жана мектептин баштапкы уюму бул ишти көзөмөлгө алууда.