Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берYY кызматкерлеринин ноокат райондук комитетинин Ⅱпленумунун өткөрYлYшY жөнүндө

Билим берүү  кызматкерлеринин   профсоюзунун  Ноокат райондук  комитетинин

ⅡПленуму 15-февраль 2013-жылы өткөрүлдү. Пленумга Пленум мүчөлөрү  толугу менен жана чакырылган баштапкы профсоюз уюмунун төрөгалары катышышты..Мындан сырткары Пленумдун ишине ОПКнын төрөгасы С.Тойгонбаев, ОПКнын жетектөөчү адиси М.Аттокуров,райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Паязов катышышты. Күн тартибиндеги маселе: Билим берүү тармагындагы  кызматкерлердин социалдык-экономикалык эмгектик укуктарын, кызыкчылыктарын жана эмгекти коргоодо жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө. Ноокат райондук Профсоюз комитетинин төрайымы С.Шанабаева докладында төмөндөгүлөргө токтолду.Жыл ичинде окуу-тарбия иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгын мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин айгенелеп көрсөтүүчү интелектуалдык кароо сынактарда биздин мугалимдерибиз облустагы мугалимдердин арасында ар дайым алдынкы катарда болгондугун белгилеп кетти.”Жылдын мыкты мугалим 2012”кароо сынагына профсоюздук комитет тарабынан 40000 сомдук колдоо көрсөтүлдү.Республикалык кароо сынактын катышуусунда райондук билим берүү тарабынан барган мугалим Мамасыдыков Зайнабидин 2-орунга татыктуу экендигин көрсөтө алды.Ал эми жылдын мектеби 2012 кароо сынагынын айыл мектеби номинацисы боюнча Бөкөнбаев атындагы орто мектеби облусттук сынакка катышып,облустагы эн мыкты деген мектептердин ичинен 2-орунга татыктуу болуп кайтышты, РПК тарабынан 8000 сом колдоо көрсөтүлдү.

 Кызматкерлердин ден-соолугун чындоо максатында республикалык жолдомолордон 10 жолдомо,Оштогу Мамакеев санаториясына 10 жолдомо,Ош пансионатына 10 жолдомо,Академия Наук пансионатына 160 жолдомо берилип кызматкерлер ден-соолугун чындап кайтышты.Мугалимдердин иштөө жана турмуштук шарттарын жакшыртуу максатында райондук комитети тарабынан 104600 сомдук 109 мугалимге матералдык жардам берилип турду.Ошондой эле Чынгараев атындагы балдардын эс алуу лагеринде 4 агымда 421 окуучу акысыз эс алдырылды.2012-жылдын Май  айында мектеп жетекчилерине, окуу  бөлүмүнүн башчыларына,баштапкы профсоюз уюмунун төрөгаларына КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген нускама ылайык кызматкерлердин эмгек акыларын төлөө,эмгектик коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо,кызматкерлердин   нормативдик укуктук актыларга ылайык жумушка кабыл алуу,эмгек тартиби жана жумуштан четтетүү жөнүндө окуу семинардар өткөрүлдү.Ал эми ББ жөнүндогу  мыйзамдын 32-беренесине ылайык кызматкерлерибиз медициналык кароодон акысыз өтүшүүдө.Эмгек кодексинин 185-беренесине ылайык өз билимин өркүндөтүүгө барган мугалимдерге 1 же 2 күндүк сапар чыгымдары төлөнүп келүүдө.Мугалимдин статусу жөнүндөгү мыйзамдын 11-беренесине ылайык Көк-Жар айыл округу 1 жаш мугалимге үй салуу үчүн жер бөлүнүп берилгендигин айтып өттү.Жогорку кенештин депутаты тарабынан 80 мугалимге 80 т акысыз көмүр берилди.

Билим берYY кызматкерлеринин ноокат райондук комитетинин Ⅱпленумунун токтому:

Билим берүү кызматкерлеринин Ноокат райондук комитетинин Пленуму билим берүү кызматкерлеринин Ноокат райондук комитетинин төрайымы С.Шанабаеванын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин 2012-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып,учурдагы талабына ылайык профсоюздардын билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук эмгектик ченемдерин коргоону жана демократиялык принциптерди өнүктүрүүгө бир топ жумуштар аткарылып жаткандыгын белгилейт.

Кыргызстандагы коомдук саясий кырдаал учурдагы кесиптик бирликтин орду жана ролу жөнүндөгү маселени кур койбостон,адам укугун,эмгекти коргоого функцияларын багыттоону талап кылганына байланыштуу райондук  комитеттин  борборунда уюштуруу ишинин стилин жана методдорун өркүндөтүү,баштапкы профсоюздук уюмдардын усулун жана жоопкерчилигин жогорулатуу,эмгек коллективдерин иштерине алардын таасирин күчөтүү маселелери болду.  Райондук комитеттин президиумунун заседанияларында карала турган маселелерди кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдө күчөтүлдү.Отчеттук мезгилдин ичинде жер-жерлерде практикалык  жардам көрсөтүү үчүн профсоюздук активи окутууга көбүрөөк көнүл бурулду.Алар үчүн райондук масштабда семинарлар уюштурулду.

Ошондой болсо да Пленум кесиптик бирлигинин райондук комитетинин жасаган иштеринде үч тарапуу жамааттык  келишим,макулдашуулар кабыл алынганы менен толугу менен аткарылбайт.Мектептердеги профсоюздук уюмдар маданий массалык жана спорттук ден-соолукту чындоо иштери мындан нары жакшыртууну талап кылат.

 

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин Ноокат райондук комитетинин  төрайымы:                                                            Шанабаева.С.У