Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Социалдык өнөктөштүк боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылды

2013-жылды 5-февралында Баткен шаарында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комиттетинин кенейтилген президиуму өткөрүлдү. Аталган президиумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  биринчи орун басары К.Орозова, өкүлчүлүктүн социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Эшанкулов, областтык билим берүү усулдук борборунун директору М.Айжигитова, райондордун акимдеринин орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлери, райондук, шаардык  билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары  жана чакырылган мектеп директорлору, баштапкы профсоюз комитетинин төрагалары катышышты.

Президиумдун күн тартибинде: “2012-жылда аткарылган иштер жөнүндө”, “2013-жылга иш планды бекитүү”, “билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин көзөмөл жүргүзүүсүнүн абалы”, “2012-жылдагы кароо-сынактардын жыйынтыгы жөнүндө” маселелер каралды.

Каралган маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  биринчи орун басары К.Орозова, областтык билим берүү усулдук борборунун директору М.Айжигитова, райондордун акиминин орун басарлары, шаарлардын вице мэрлери жана райондук, шаардык  билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары мугалимдердин социалдык укуктарын коргоодо жер-жерлерде профсоюз комитеттери менен биргелешип иш алынып барылып жаткандыгын өз сөздөрүндө сунуш пикирлерин кошуп айтышты.

Борбордук комитет тарабынан берилген “Билим берүү жана илим профсоюзунун отличниги” төш белгиси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  биринчи орун басары К.Орозова, Баткен районунун акиминин орун басары К.Кыдырова, Борбордук комитеттин Ардак грамотасы менен Лейлек районунун акиминин  орун басары М.Ташполотова жана Баткен шаарынын вице-мэри Г.Рыскуловалар сыйланышты.

Ощондой эле “2012-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү” жана “2012-жылдын мыкты баштапкы профсоюз комитети” кароо сынагынын областтык турунун женүүчүлөрү дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен областтык

комитетинин төрагасы                                                      З.Бөтөков