Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы мектеп ачылды

Ысык-Көл. Ак-Суу. Райондун аймагындагы Пионер айылында жаңы мектептин ачылышы салтанаттуу кырдаалда өткөрүлдү. Бул иш-чарага КР Өкмөтүнүн вице-премьер министири К. Талиева, Билим берүү жана илим министиринин стат-катчысы К. Шадыканов, Өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М. Асанакунов, райондун акими Ж. Байсеитов жана башка мекеме, уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Пионер айылында мектеп жок болгондуктан жаш жеткинчектер 3 км. алыс жайгашкан Жергез айылындагы орто мектепке келип билим алышчу. Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 7 млн сомдон ашык акча каражатынын эсебинен айыл тургундарынын активдүү катышуусу менен  сапаттуу бүткөрүлүп, 90 орунга ылайыкталып пайдаланууга берилген бул башталгыч мектепте 56 окуучу билим алып, 5 мугалим жана 5 техкызматкер эмгектенет.

Элебесов атындагы орто мектептин филиалы катары ачылып жаткан бул жаңы мектептин ички жасалгалары Кереге-таш айыл округунун жана аталган орто мектебинин эмгек жамаатынын күчү менен бүткөрүлдү.