Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жогорулатылган эмгек акылардын төлөнүшү

Жогорулатылган эмгек акылардын төлөнүшү

Бишкек шаарындагы №21 атайын мектеп-интернатындагы (көмөкчү класс) 9-класстын мугалими Алаева Жамал Жаманкуловна бул класс башталгыч класстын программасы менен окуп жаткандыктан мага башталгыч класстын мугалимдерине төлөнүүчү 117 сомдон төлөп берүүнү сурап, ошондой эле профсоюздук уюм профсоюздун мүчөлөрүнүн укуктарын коргобой жаткандыгын айтып арыз менен кайрылган. Атайын мектеп-интернатка барып, иш кагаздары менен таанышканда, Ж.Ж.Алаева окутуп жаткан 9-класс көмокчу класс катары 5-класстын программасы менен экинчи баскычтагы предметтерди окутуп жаткандыгы, же 97,5 сомдон туура төлөнүп жаткандыгы аныкталды. Ал эми эмгек мыйзамдуулугунун аткарылышына профсоюздук комитет тарабынан дайыма көзөмөлдүк кылуусу эскертилди.

 19.11.2019      631

Мектеп директорун бошотуу

Мектеп директорун бошотуу

Чүй районунун Р.К.Тельтаева атындагы толук эмес орто мектебинин директору Т.Садыгалиева КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине арыз менен кайрылып,арызда Чүй РББББ А.Кибираева мени туура эмес бошоткондугу боюнча кайрылган. Бошотуу иш кагаздарынын мыйзамдуулугун караганда ЧРБББ билим деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу бошотулган, бирок Т.Садыгалиева 1989-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун, 1997-жылы Бишкектеги педагогикалык окуу жайын, 1997-2001-жылдары КАОнун орус тили мугалими адистигин алгандыгын өзүнүн өмүр баянына жазган жана дипломдун көчүрмөсү тастыктап турат, бирок арыз ээси менен сүйлөшүүдө КАОну окубагандыгын дипломунун жоктугун ырастайт, ошондуктан бул ишти (иш берүүчү менен мектеп директору) эки тарап соттук териштирүү аркылуу чечүүнү сунуш кылды. Т.Садыгалиева 7 жыл 1 ай директор болуп иштеген. Борбордук комитет бул бошотууну мыйзамсыз деп эсептеди.

 19.11.2019      660

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети менен КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция КР мыйзамдарын жана ченемдик-укуктук актылардын аткарылышына кызыктар

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети менен КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция КР мыйзамдарын жана ченемдик-укуктук актылардын аткарылышына кызыктар

КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети 27.04.15-жылдагы №258 токтому менен бекитилген Жобонун аткарылышы боюнча зыяндуу жумуш орундарынын типтүү тизмесиндеги 35,42,38-бөлүгүндөгү «компьютер иштөө», «китептерди оңдоо боюнча иштер», «китеп фондусун сактоо бөлүмүндөгү иштер» боюнча зыяндуу жумуш орундарына кошумча төлөмдөр мыйзамдуу экендигин тастыктайт.

 18.11.2019      769

Ж.Баласагын атындагы КУУ бөөдө кырсык катталды

Ж.Баласагын атындагы КУУ бөөдө кырсык катталды

Ж.Баласагын атындагы КУУ жумуштан чыгып кетип бара жатканда бөөдө кырсык катталып, КР Өкмөтүнүн 27.02.2001-жылдагы №64 токтому менен жобого ылайык изилдөөлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. КУУ администрациясы жабырлануучунун дарыланууга кеткен чыгымдарына б.а. дары-дармектерине, тамактануусуна, жол чыгымына ж.б. чыгымдары үчүн КУУ ректору К.Садыков ал окутуучу Б.Кеңешбекованын көп жылдан бери иштеген эмгегин эске алып чыгымдарын төлөп берүүнү КУУ чарбалык иштер боюнча проректору Т.Суранаевге тапшырып, Б.Кеңешбековага изилдөө боюнча комиссияга берген суммасын төлөп берүүнү изилдөө комиссиясынын төрагасы профсоюздун Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.Кадыркуловго билдирген.

 27.03.2019      1263

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү борборуна юридикалык жардам берилди

Бишкек  шаарынын Биринчи май райондук  билим берүү борборуна юридикалык  жардам  берилди

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине Биринчи май райондук Билим берүү борбору кайрылып, кайрылууда билим берүү борбору укук иштери боюнча башкы адистин билим берүү борборунун 04.09.17-жылы №57 буйругуна ылайык үч айлык сыноо мөөнөтү менен аныкталбаган мөөнөткө жумушка ошол кездеги директор А.Исмаилов тарабынан кабыл алынган. Бүгүнкү күндө ал адис өзүнүн ордунда туруктуу иштеп жаткандыгына карабастан билим берүү борбору ал орунга конкурс жарыялап, конкурста жеңүүчүлөрдү аныктаган, ал эми ошол адис конкурска катышкан эмес, натыйжада конкурс ваканттык эмес эле орунга өткөрүлүп, азыркы учурда конкурстун жеңүүчүсүнүн кызмат абалын чечүүнүн мыйзамдуулугу аныкталбай кайрылууга мажбур болушкан.

 27.03.2019      1557

С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университеттин жетектөөчү адиси Р.У.Сопубековго юридикалык жардам берилди

С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университеттин  жетектөөчү адиси Р.У.Сопубековго юридикалык жардам берилди

С.Нааматов атындагы НМУ окуу бөлүмүнүн аралыктан окутуу боюнча жетектөөчү адиси Р.Сопубеков 2019-жылдын башында профсоюздун БК арыз жазып, менин укугумду коргоп берүүнү суранган, натыйжада НМУ ректору Д.Омүралиева КР ЭК 83-статьясынын 5-пункту менен бошотуп койгон. Профсоюздун БК тарабынан арызды текшерүүдө Р.Сопубековдун кайра мурдакы жумуш орду калыбына келтирилди, анткени иш берүүчү Р.Сопубековду бошотуу алдында профсоюздук уюмдун макулугун албай туруп бошотулгандыгы аныкталган.

 27.03.2019      983

Благотворительная акция студентов «Поможем детям»

Благотворительная акция студентов «Поможем детям»

Директор Специализированного центра реабилитации детей и семьи г.Бишкек прислал благодарственное письмо ректору КГУСТА им.Н.Исанова профессору Абдыкалыкову А.А. с большой признательностью за оказанную благотворительную помощь.

 07.06.2018      1097

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылынын август конференциясы

Токтогул  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  2016-жылынын                                          август   конференциясы

24 – август күнү райондук администрациясынын чоӊ залында Токтогул райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган август конференциясы болуп өттү.

 25.08.2016      1481

Кадамжай районунда селден жабыркагандарга материалдык жардамдар берилди

Кадамжай районунда селден жабыркагандарга материалдык жардамдар берилди

2016-жылдын 10-июнь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети жана Кадамжай райондук комитети тарабынан 2016-жылдын 27-майында Кадамжай районундагы Охна, Жийделик айылдарында

 14.06.2016      1420

Баткенде «2016-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагынын женүүчүсү аныкталды

Баткенде «2016-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагынын женүүчүсү аныкталды

2016-жылдын 29-30-апрель күндөрү Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин базасында район, шаардык турларынан женүүчү деп табылган 7 мугалим салтка айланган жылдын мыктысы наамына ат салышып

 07.05.2016      1645

Жер титирөөдөн жапа чеккендерге гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Жер титирөөдөн жапа чеккендерге гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

2015-жылдын 17-ноябрь күнкү жер титирөөдөн жапа чеккен Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу жана Катта-Талдык айыл аймагында жашап жаткан билим берүү кызматкерлери

 24.02.2016      1351