Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Профсоюз жардам берди

Жумгал районунун  Мин-Куш айылында жайгашкан  «Келечек №4» бала бакчасынын  ашпозчусу билим берүү кызматкерлеринин  кесиптик уюмунун  Жумгал райондук комитетине  арыз менен кайрылган. Бала бакчанын директору Борукова Эльмира  ашпозчу Сайнидинова Нуржанды  ден-соолугун ашпозчулукка жарабайт деп (ашпозчунун кызмат убагында башы ооруп жыгылып калган учурлар болгон)  врачтын корутундусу жок  2,5 эсе эмгек маянасы төмөн  короо тазалагыч кызматына  которгон. Сайпидинованын арызы жок которулган. 

Жумгал РК арызды жеринен  териштирип , ашпозчуну кайрадан мурдагы өз кызматына  иштетти. Андан тышкары ортодогу кем алып калган  эмгек маянанын айырмасын  иш берүүчү 14000 сом  төлөп берди. Бул каражатты күнөөлүү адамдар төлөдү. 

Текшерүү  учурунда  Сайнидинова  Нуржан  тарификацияда  кетирилген  кемчиликтен 0,5 ставканы акыркы 1,5 жылда кем алып жүрөндүгү  аныкталды. Ушундай эле ката ушул эле бала бакчанын музыкантынын тарификациясында да бар экен.Бул кызматкер  0,25 ставкасын кем алып жүрүптүр. Кесиптик уюмдун кийлигишүүсү менен  кайра эсептөө жүргүзүлүп  ашпозчу 36000 сом, ал эми музыкант 10000 сомдон ашык  акча каражаттарын колдоруна алышты.

Жумгал   районунун  Көк-Ой айыл округунун  башкы эсепчиси , Мин-Куш айыл округунун эсепчиси өздөрүнүн аймагындагы  мектептердин  эмгек маянасын берүүдө, өзгөчө убактылуу жок мугалимдердин  ордуна иштегендердин  акчасын төлөөдө(замена) аттуу сааттарга  эч бир тиешелүү   төлөмдөрдү кошушчу эмес. «педстаж, «бийик тоолуу район», «райондук коэффициент үчүн  пайыздарды койбой  коюшкан. Райондук комитет аталган аймактарга барып,  педагогикалык жамааттар менен  башкы эсепчилерди чогултуп, түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү жана марттын эмгек маянасы менен чогу  кем төлөмдөр мугалимдерге берилди.

 

Жумгал районунун профсоюз комитетинин торайымы                                 Б А  Жамантаева.