Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп тамак-ашы акыл-эске азык берет, жашоону өзгөртөт

Сентябрь айынын соӊунда  Ак-Суу  районуна  караштуу  Ак-Чий  айылындагы  А. Ракымов атындагы орто  мектебинде  окуучулардын  тамак-ашын оптималдаштыруу  боюнча экс- президентибиз   Роза  Отунбаеванын  демилгеси  менен  уюштурулган  программасын турмушка ашыруу  боюнча  семинар-тренинг  болуп  өттү. 

 Тренингге  райондук  мамлекеттик администрациясынын аппарат  башчысы  Ырысалиева  Гүлнара,  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн башчысы  Темиралиев  Малик, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Садабаев Эсен, долбоордун  куратору  Кайыкова  Роза, мындан тышкары  мугалимдер,  аксакалдар  соту,  аялдар  кеңешинин  төрайымы,  жаштар  кеӊешинин өкүлү,  АДКнын  мүчөлөрү,  мед айымдар,  айылдык  кеңештин  депутаттары,  башталгыч  класстын окуучуларынын  ата-энелери  катышышты.

Тренингди ачып жатып райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы М.  Темиралиев төмөнкүлөргө токтолду:

-Бул  эң  жакшы  программа экендигин бардыгы айтып,ыраазы болуп жатышат.  Адамдын  ден  соолугунун  пайдубалы  бала  куракта,  ошондой  эле  жалпы  билим  берүү  мекемелеринде  окуп  жаткан мезгилде  калыптанат. Тамак-аштын  мыкты  рациону  баланын  күч  кубатын  күн  сайын  толук  калыбына  келтирип  турушу  өтө  маанилүү.  Мектеп  тамак-ашы  сабак окууну  жакшыртат  жана  балдарга  материалды  алда  канча  натыйжалуу  билүүгө  жардам  берет. Биз бул  программаны колдоого алабыз жана бардык жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз.

-Ак-Чий айыл  өкмөтүнүн башчысы бул программаны колдоо үчүн мектепке  115  миң  сом  жардам  көрсөткөндүгүн,  дагы  эле  көптөгөн  көмөк  көрсөтөрүнө  токтолду. Алыскы  айылдарга  келип, элибиздин келечегине керектүү болгон иштерди жасап  жатышкан куратор  Роза  Жазыбаевнага,  тренингди  өткөрүүгө  келген кыздарга  чоң  ыраазычылык  билдирди. 

Айылдык кеӊештин төрагасы Ө.Купешов да балдардын курсагы ток болсо ден  соолугу  чың  болоорун,  окуусу  да  жакшы  болоорун белгилеп, айылдык кеӊештин депутаттары бул  программанын мындан ары иштеп кетишине жардам катары  айылдык  кеңештин  чечими  менен мектепке үч  гектар  жер  бөлүп  берилгендигин билдирди.

Аялдар  кеңешинин  төрайымы  Жексембиева  Ш:

- Бүгүнкү  тренинг айыл тургундары менен  мектептин  тыгыз  байланышта  болуусуна  шарт  түзгөн  тренинг  болду. Ата-энелер  балдарынын жаркыраган, заманбап  ашканада  колдорун  жылуу  суу  менен  жууп,  ар  түрдүү  витаминдүү  тамактарды,  компотторду,  түрдүү  пирожокторду,  булочкаларды  жеп  жаткандыгын көрүшүп  абдан  кубанычта болушууда. Бүгүн  акчаны  ким  бөлүп,  кимдер  жардам  берип  жаткандыгын,  көптөгөн  талаш-тартыштар  менен   маселелерди  кантип  чечүү  жолдорун  тренингден  үйрөнүшөт. Айыл мектебине мына ушундай шарттарды түзүп берген Р.Отунбаеванын фондуна жана бул программаны финансылык колдоо өрсөтүп жатышкан демөөрчүлөргө чоӊ ыраакзычылык билдиребиз.

Тренинг учурунда  ата-энелер активдүү катышышып, өз ойлорун билдиришти жана  бардыгы  бир добуштан  картошка,  ун,  сүт,  буурчак,  как (компотко)  жана башка  жер- жемиштер  жагынан  мектепке  ар  дайым   көмөк  көрсөтөөрүн  айтып  өтүштү. 

 

                                                             Жексембиева  Шайыр,

                                                              Ак-Суу  районундагы А.  Ракымов атындагы  орто  мектебинин мугалими. Профкомдун мүчөсү