Баткен областындагы билим берүү кызматкерлеринин балдары жайкы эс алуу лагерлеринде көнүлдүү эс алышууда .
Билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун мыкты уюштуруу максатында, 2018-жылдын 5-июнунда райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагаларын жана областагы балдардын ден соолугун чындоо борборлорунун директорлорунун, эсепчилеринин катышуусунда жайкы эс алууга даярдык боюнча маселе каралып, тиешелүү тапшырмалар берилген.
23.07.2018 656 Кесиптик бирлик региондордоАксы Районунун Молдо-Багыш атындагы №51 мектебинин мугалимдери Апшыр-Ата эс алуу жайында эс алып кайтышты.
Жайдын аптаптуу күндөрүндө Аксы районундагы №51 Молдо Багыш атындагы башталгыч мектебинин мугалимдери профсоюздук бюджеттин жана өздөрүнүн эсебинен 14-15-июль күндөрү Ноокат районундагы Апшыр-Ата эс алуу жайында эс алып кайтышты.Мектептин жалпы жамааты Билим берүү,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине, Жалал-Абад облусттук комитетине жана Аксы райондук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришет.
19.07.2018 899 Кесиптик бирлик региондордоМектепке чейинки билим берүү уюмдарынынын кызматкерлери жайкы эс алууда.
Аксы районундагы №23 «Чие» атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлери бүгүнкү күндө профсоюздук бюджеттин жана өздөрүнүн эсебинен «Кемпинг» эс алуу жайында эс алууда.Эс алып жаткан кызматкерлер Билим берүү,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине, Жалал-Абад облусттук комитетине жана Аксы райондук комитетине тереё ыраазычылыктарын билдиришет.
19.07.2018 773 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз мүчөлөрүнүнүн балдары жайкы эс алууда
Баткен областынын Лейлек районунда билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн балдары акысыз жолдомолор менен эс алышууда. Балдарды жайкы эс алууга узатуу салтанатына Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин төрагасы жана ички иштер органдары биргеликте, балдарды атайын маршруттук унаалар менен жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү органдары коштоп Лейлек районундагы “Алтын-Бешик” балдардын эс алуу борборуна 96 баланы жеткирип, балдар тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту.
19.07.2018 667 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абадтын мугалимдери “Нептун” пансионатында
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан Жалал-Абад Обкомунун колдоосу мектеп жана бала бакча директорлору Ысык-Көлдөгү “Нептун” пансионатында эс алууда.
13.07.2018 681 Кесиптик бирлик региондордоКөнулдуу эс алуу- жаңы ийгиликке өбөлгө.
Аксы райондук билим беруу болумундо 90дон ашык мекеме бар анда 3500дон ашык кызматкерлерлер эмгектенишет.Аптаптуу жайдын башташылышы менен мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштуруу кызуу жүргүзүлүүдө. Билим беруу илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетти тарабынан 517000 миң сом акча каражаты болунуп берилип жана мугалимдердин оздук салымы,демоорчулордун колдоосу менен уюшкандыкта иш журуудо.
11.07.2018 945 Кесиптик бирлик региондордоТогуз-Торо районунун билим берүү кызматкерлери Жалал-Абад санаториясында эс алышууда.
Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун ТогузТоро райондук комитетинин иш планына ылайык билим берүү кызматкерлерин жайкы эс алуусун көнүлдүү уюштуруу максатында Жалал-Абад санаториясында 15 билим берүү кызматкерлерин райондук комитетинин бюджетинен жана өздук салымдын эсебинен жолдомо (путевка) менен ден соолуктарын чыңдап, эс алууда.
11.07.2018 690 Кесиптик бирлик региондордоБаткенде балдардын жайкы эс алуусу кандай өттү?
Кесиптик бирликтин райондук комитетинин Президиумунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын 2018-жылдын 23-майындагы биргелешкен отурумунда «Билим берүү кызматкерлеринин жана алардын балдарынын 2018-жылдагы жайкы дем алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» деген маселе талкууланып, бул багытта быйылкы жылы аткарыла турган иштердин планы талкууланып бекитилген болчу.
10.07.2018 1020 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда окуучулар жайкы эс алууга жөнөтүлдү.
Аксы районунда «Сары-Челек» балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна эс алууга 180 окуучу жөнөтүлдү.Окуучулар 10 күн боюу айтылуу Сары-Челек көлүнө жакын жайгашкан жаратылышты кооз Жылгын капчыгайында эс алышат.Эс алууда бардык шарттар түзүлгөн.
10.07.2018 744 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз-өзбек достугу - көңүлдүү саякатка шарт түзүүдө
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдыңкы 35 студенти коңшу Өзбекстан республикасынын бир катар тарыхый-маданий жерлерине саякатка барып келишти.
10.07.2018 764 Кесиптик бирлик региондордоАксы районундагы №50 Токтогул-Ажы мектебинин мугалимдер жамааты эс алууда
Аксы районундагы №50 Токтогул Ажы мектебинин мугалимдери жайкы эс алууда Аксы районундагы Ак-Суу жайлоосундагы Ыман –Атага эс алуу жайына барып,көңүлдүү эс алып кайтышты.
10.07.2018 936 Кесиптик бирлик региондордо