Мамлекетик тилдин өнүүгүсүндө профсоюз уюмдарынын орду
“23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү” майрамын белгилөө менен кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон сый- урмат артып, айрыкча, өзбек тилинде окуу жүргүзүлгөн мектептерде чоң маани берилүүдө.
Мектептерде баштапкы профсоюздук уюмдар менен түзүлгөн “Жамааттык келишимдердин” окуу-өндүрүштүк бөлүгүндө “мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн иш-чаралары” бөлүкчөсүндө” атайын комплекстүү иш-чаралар киргизилген.
Ошого ылайык, “2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү” жылында биздин райондун борборунан Өзбекстан менен чектеш болгон Ноокен районундагы №21 Фуркат атындагы орто мектепте “Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына” карата иш-чаралардын алкагында мамлекттик тил майрамы жумалыгы өткөрүлдү.
Жумалыктин ачылышында мектептин директору А.Юлдашев, кыргыз тили мугалими Инобаткан Ахмадаливалар сүйлөшүп, кыргыз тилинин улуулугу, кыргыз маданиятынын күзгүсү катарында белгилеп, Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовтун дүйнөлүк адабиядагы баа жеткис эмгектерине токтолушту.
Аземде окуучулар кыргыз тилинде адабий окуулар, чыгармалардан көрүнүштөр, кыргыз бийлерин аткарышып, шаңдуу маанайда жумалык жыйынтыкталды. Мектептин администрациясы менен профсоюздук уюму тарабынан даярдалган белектер алдынкы мугалимдер жана окуучуларга тапшырылды.
Материалды даярдаган: №21 Фуркат атындагы орто мектептин профсоюз уюмунун төрайымы-Чорбоева Мутабар