Жаңы окуу жылына – жаңы мектеп.

Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектебинин жаңы имараты колдонууга берилди.Мектептин расмий ачылуу аземине жогорку кеңештин депутаты Айнура Осмонова, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңешинин депутаттары, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акунов жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев ошондой эле ата-энелер, окуучулар катышты.
07.09.2018 1015 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы белгиленди

2018-жылдын 31-август күнү Ноокен районунун борбордук аянтында 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган майрамдык азем өткөрүлдү. Аземге КРнын Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери С. Сатыбалдиев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Маматаев, орун басарлары, аппарат кызматкерлери жана райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, райондун тургундары катышышты.
06.09.2018 1055 Кесиптик бирлик региондордоБилим кунү салтанаттуу өттү

Таш-Комур шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим беруучу орто мектебинде 2018-жыл –“Аймактарды онуктуруу “жылында 1-сентябрь билим куну белгиленди. Майрамдык аземге Таш -Комур шаарынын мэриясынан , ШБББ жетекчилери , ШКнын төрайымы, айыл өкмөтүнөн, ата-энелерден жана жалпы мугалимдер жааматы катышышты.
05.09.2018 1180 Кесиптик бирлик региондордоАвгуст кеңешмеси Жалал-Абад шаарында болуп өттү

Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин базасында мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү. Кеңешмеге Жогорку Кеңештин депутаты А.Осмонова, Жалал-Абад облустук усулдук борборунун директору А.Токтосунов, шаар мэри М.Тагаев, шааркомдун төрагасы К.Акунов, Ы.Калчаев жетектеген шаардык билим берүү мекеме уюмдарынын директорлору кызматкерлери жана билим берүү кызматкерлери катышышты.
04.09.2018 877 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдык

Быйылкы окуу жылына даярдануу жана август мугалимдердин кеңешмесин өткөрүү бардык мугалимдер үчүн эң маанилүү жана жооптуу иш экени маалым. Мыкты мугалимге соңку мезгилде китеп-доска-бор гана жетиштүү болгон болсо ал эми азыркы учурда замандын агымынан,технологиянын өнугүүсүнөн артта калбоо жана инновациялык методдордун наватору болуу зарыл,ошондой эле милдети.
04.09.2018 846 Кесиптик бирлик региондордоБилим Күнү майрамы белгиленди

“2018-жыл –Аймактарды өнүктүрүү” жылында айыл аймактарда билим берүү тармагында өзгөчо чөң өзгөрүүлөр болуп, билим күнүнө жакшы даярдыктар жана жетишкендиктер менен келишти. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 3 тараптуу МАКУЛДАШУУлардын негизинде окуу-материалдык базаларды чыңдоо жана эмгектенүү шарттарын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жургузулуп, жаңы окуу жылына даярдык иштерине жалпысынан 116 млн 858 миң сомдон артык каражаттар жумшалды.
04.09.2018 1014 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү уюмдарында кызматкерлердин санынын кыскарышы боюнча эмгек келишимин токтотуунун тартиби

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 05.01.2018-жылдагы №3/1 «Жалпы билим берүү уюмдарындагы мугалимдерге берилген жумалык окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө» буйругуна ылайык педагогдордун санын кыскартуу жүргүзүлүшү зарыл. Тармактык министрлик билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында мектеп администрациясы жаңы окуу жылына карата мугалимдерди тарификациялоо учурунда жогорудагы буйруктун №1,2 тиркемелеринде көрсөтүлгөн жумалык окуу жүктөмдөрүнүн көлөмүнүн төмөнкү чегин сөзсүз сактоону милдеттендирген.
04.09.2018 1557 Кесиптик бирлик региондордоС Днем независимости Кыргызской Республики!

Примите мои искренние поздравления в связи с Днем независимости Кыргызской Республики! День независимости для каждого из нас связан с надеждами на обновление Кыргызской Республики, на укрепление ее государственности.
01.09.2018 784 Кесиптик бирлик региондордоАламүдүндүк мугалимдердин август конференциясы

2018- жылдын 24-августунда И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын базасында райондун мугалмидеринин август конференциясы «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи- бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү»деген темада өттү.
01.09.2018 726 Кесиптик бирлик региондордо2018-2019-жаңы окуу жылына дардык ийгиликтүү аяктады

Райондун мектептеринин арасында жаңы 2018-2019-окуу жылына сапаттуу даярдоо, алардын окуу-материалдык базаларын чыңдоо максатында Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиуму 2018-жылдын май айында “Билим берүү мекемелерин 2018-2019-окуу жылына сапаттуу даярдоо боюнча кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө” токтом кабыл алган.
01.09.2018 736 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕНДЕ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

23-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Баткен райондук мугалимдердин август кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Саттарованын, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.Салиховдун, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Кыдырованын, Баткен областтык билим берүү борборунун директору М.Айжигитованын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
01.09.2018 782 Кесиптик бирлик региондордо