Август кеңешмеси Жалал-Абад шаарында болуп өттү
Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин базасында мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү.
Кеңешмеге Жогорку Кеңештин депутаты А.Осмонова, Жалал-Абад облустук усулдук борборунун директору А.Токтосунов, шаар мэри М.Тагаев, шааркомдун төрагасы К.Акунов , Ы.Калчаев жетектеген шаардык билим берүү мекеме уюмдарынын директорлору кызматкерлери жана билим берүү кызматкерлери катышышты.
Кеңешменин жүрүшүндө шааркомдун төрагасы К.Акунов “Билим берүү кызматкерлерин кесиптик шыктандырууда профсоюздун орду жана ролу” темасында билдирүү жасады.
Маалыматты даярдаган: Шааркомдун уюштуруу иштери боюнча адиси М.Мамасыдыков.