Профоюздук иштер өркүндөй берсин.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райкомунун төрагасы Жаркынбаев Сүйүнбек Сарыевич 2018-жылдын жайкы эс алуусун жемиштүү уюштуруп, мугалимдердын алкышына татыктуу болду. Биздин тайпабыз 2018-жылдын 18-23-августу күндөрү Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында эс алуу үчүрүнда облусубуздагы райшаардык профсоюздук лидерлер жана обкомдун төрагасы А.А Исмаилов менен жолугушу болду.
27.08.2018 728 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюздук жетекчиликке ыраазычылык!

2018-жылдын 15-19-августу күндөрү Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунан алдынкы мугалимдер эс алдык. Пансонатта ден-соолукту бекемдөөгө бардык шарттар түзүлгөн. Биздин эс алуу күндөрүбүздө облустук комитеттин төрагасы А.А.Исмаилов, райкомубуздун төрагасы Ж.Т.Дурусалиевтер келип, жолугушуп кабар алып жакшы каалоо, тилектерин билдиришкендиги бизге күч кубат жана жаңы окуу жылына дем берди. Эс алуубуздун каржылоосу облустук комитеттин эсебинен уюштурулду.
27.08.2018 684 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде жайлоо бала бакчасы ачылды

2018-жылдын 13-июлунда “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо бала бакчалары” долбоорунун алкагында Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыштак айылында № 42 “Нур –Айым” балдар бакчасынын базасында 25 орундуу “Жоогазын” жайлоо бала бакчасы ачылды. Бала бакчаны уюштурууда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Масы айыл өкмөтүнү, Кызыл-Кыштак айыл тургундары көмөк көрсөтүштү.
27.08.2018 975 Кесиптик бирлик региондордоДени сак улут – дени сак мамлекет !

Деп жогоруда мугалимди даңктаган да мактаган ыр саптарында айтылат, бирок жыл боюу ушунчалык түйшүктүү жумуштан кийин чарчап калган мугалимдерди эс алдыруу, алардын ден соолугуна кам көрүп, келерки жаңы окуу жылына жаңы дем, кайрат-күч менен келүүсүнө тиешелүү шарттарды мүмкүнчүлүк болушунча түзүүнүн аракетин жыл сайын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети колго алып келет.
17.08.2018 3765 Кесиптик бирлик региондордоCүлүктү шаардык “жылдын мыкты мугалими - 2018” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү, областтык жана республикалык олимпиадаларда катышкан окуучулардын мугалимдери ыссык-көлдө эс алышты

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин демилгеси менен “Жылдын мыкты мугалими -2018 ” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү жана областтык, республикалык олимпиадаларга окуучулары катышкан мугалимдер 2018-жылдын июль айында Кереметтүү Ыссык-Көл жээгинде ШПК каржылоосу менен “Алтын Кум” пансионатында 5 күндүк эс алуу жана экскурцияда болуп келишти. Мугалимдерге жетекчилик кылып алып барып келүү ШПКнын адиси Р.Нурматовага жүктөлүп, мугалимдер көңүлдүү эс алышты.
17.08.2018 645 Кесиптик бирлик региондордоCүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери лейлек районунун өзгөрүш айылында ак-суу капчыгайында жайлоодо эс алышты

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2018-жылдын июль айында Лейлек районундагы Ак-Суу капчыгайы Өзгөрүш жайлоосуна дем алуу экскурсиясына барып эс алып келишти. Экскурсияга 12 кызматкер катышып, аларга Сүлүктү ШПК тарабынан 12 000 сом акча каражаты бөлүндү. ШБББнын кызматкерлери эс алууну уюштурулушуна ыраазылыктарын билдиришүүдө.
17.08.2018 749 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү мекемелеринин жетекчлери Ысык-Көлдө эс алып келишти

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилери айыл өкмөтүнүн демилгеси менен, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин көмөгү менен Ысык-Көлдөгү Илимдер академиясынын дем алуу үйүнө 6-11-август күндөрү дем алуу экскурсиясына барып эс алып келишти.
16.08.2018 673 Кесиптик бирлик региондордоБаткен райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-шоро жайлоосунда эс алышты

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2018-жылдын июль айында Өзгөн районундагы Кара-Шоро жайлоосуна дем алуу экскурсиясына барып эс алып келишти. Экскурсияга 22 кызматкер катышып, аларга Баткен РПК тарабынан 36 000 сом акча каражаты бөлүндү.
14.08.2018 900 Кесиптик бирлик региондордоСеминар и отдых председателей профсоюзов образования Кочкорского района на берегу Иссык-Куля.

Традиционно каждый год председатель РК профсоюза образования Кочкорского района Темиров А.Т. организовывает семинар для председателей профсоюзов в пансионе « Бай Терек» в г Чолпон Ата.. В этом году участниками семинара были председатели профкомов сш им К.Мамбеталиева Абдиева Айзада, сш им К.Кыдыралиева Жамангулова Ж. , сш им Кум Добо Рыспаева С., сш им А к Жар Конурбаев А,, сш им А.Жалпатекова Шамакеева Д. и Шукурова Г., детского садика «Барчын » Жукеева М.
13.08.2018 1042 Кесиптик бирлик региондордоЖаны окуу жылына жаны дем менен

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук қомитети жана демөөрчүлөр тарабынан мектеп директорлорунун эмгек өргүүсүндө Саркент жаратылыш паркында бир күндүк эс алуу уюштурулду.
13.08.2018 822 Кесиптик бирлик региондордоЖаш профлидерлер - биздин таянычыбыз.

2018-жылдын 7-9-август күндөрү “Арстанбап-Ата” турбазасында Билим берүү жана илим кызматкерелеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин жаштар кеңешинин иш-планына ылайык “Борбордук Комитеттин Жаштар Кеңештеринин иштерин уюштуруу жөнүндөгү токтомдорун турмушка ашыралы!” темасында облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү.
10.08.2018 893 Кесиптик бирлик региондордо