Билим берүү мекемелеринин жетекчлери Ысык-Көлдө эс алып келишти
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилери айыл өкмөтүнүн демилгеси менен, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин көмөгү менен Ысык-Көлдөгү Илимдер академиясынын дем алуу үйүнө 6-11-август күндөрү дем алуу экскурсиясына барып эс алып келишти. Экскурсияга 11 жетекчи катышып, Ысык-Көлдүн кооз жерлери, маданий эс алуу борборлору менен танышышып кайтышты. Билим берүү мекемелеринин жетекчилери экскурсиянын уюштурулушуна ыраазылыктарын билдиришүүдө.
РПКнын адиси Б.Абдыразакова