Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы 2018-2019-окуу жылына даярдыгын текшерүү
2018-жылдын 14-15-16-август күндөрү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгын текшерүү боюнча буйругу чыгарылып, текшерүү жүргүзүлдү.
01.09.2018 682 Кесиптик бирлик региондордо“Келгиле окуйбуз” долбоорунун 2-сезону
2018-жылдын 7-8-9-август күндөрү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин баштылгыч класстардын мугалимдери жана мектеп директорлору үчң Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде “Келгиле окуйбуз” долбоорунун 7-модулу боюнча окуулар өткөрүлдү.
01.09.2018 1081 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаарында алдыңкы орундарда турган билим берүү мекемелери аныкталды
Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин алдыңкы орунда турган билим берүү мекемелери аныкталды. Мектептер боюнча
01.09.2018 684 Кесиптик бирлик региондордо№22 «Гулкайыр» балдар бакчасына кошумча корпус курулуп жатат
Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу № 22 «Гулкайыр» балдар бакчасына 48 орунду эки тайпага ылайыкташтырылган жалпы суммасы 4 000 000 сом болгон кошумча корпусу курулуп жатат. Курулушту ушул эле айылдын кулуну жеке ишкер, мыкты стоматолог врач, патриот агаларыбыздын бири М. Алиев өзүнүн жеке каражатынан салдырып жатат.
27.08.2018 724 Кесиптик бирлик региондордоПрофоюздук иштер өркүндөй берсин.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райкомунун төрагасы Жаркынбаев Сүйүнбек Сарыевич 2018-жылдын жайкы эс алуусун жемиштүү уюштуруп, мугалимдердын алкышына татыктуу болду. Биздин тайпабыз 2018-жылдын 18-23-августу күндөрү Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында эс алуу үчүрүнда облусубуздагы райшаардык профсоюздук лидерлер жана обкомдун төрагасы А.А Исмаилов менен жолугушу болду.
27.08.2018 665 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюздук жетекчиликке ыраазычылык!
2018-жылдын 15-19-августу күндөрү Ысык-Көлдөгү “Геолог” пансионатында Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунан алдынкы мугалимдер эс алдык. Пансонатта ден-соолукту бекемдөөгө бардык шарттар түзүлгөн. Биздин эс алуу күндөрүбүздө облустук комитеттин төрагасы А.А.Исмаилов, райкомубуздун төрагасы Ж.Т.Дурусалиевтер келип, жолугушуп кабар алып жакшы каалоо, тилектерин билдиришкендиги бизге күч кубат жана жаңы окуу жылына дем берди. Эс алуубуздун каржылоосу облустук комитеттин эсебинен уюштурулду.
27.08.2018 626 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде жайлоо бала бакчасы ачылды
2018-жылдын 13-июлунда “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо бала бакчалары” долбоорунун алкагында Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыштак айылында № 42 “Нур –Айым” балдар бакчасынын базасында 25 орундуу “Жоогазын” жайлоо бала бакчасы ачылды. Бала бакчаны уюштурууда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Масы айыл өкмөтүнү, Кызыл-Кыштак айыл тургундары көмөк көрсөтүштү.
27.08.2018 914 Кесиптик бирлик региондордоДени сак улут – дени сак мамлекет !
Деп жогоруда мугалимди даңктаган да мактаган ыр саптарында айтылат, бирок жыл боюу ушунчалык түйшүктүү жумуштан кийин чарчап калган мугалимдерди эс алдыруу, алардын ден соолугуна кам көрүп, келерки жаңы окуу жылына жаңы дем, кайрат-күч менен келүүсүнө тиешелүү шарттарды мүмкүнчүлүк болушунча түзүүнүн аракетин жыл сайын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети колго алып келет.
17.08.2018 3686 Кесиптик бирлик региондордоCүлүктү шаардык “жылдын мыкты мугалими - 2018” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү, областтык жана республикалык олимпиадаларда катышкан окуучулардын мугалимдери ыссык-көлдө эс алышты
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин демилгеси менен “Жылдын мыкты мугалими -2018 ” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү жана областтык, республикалык олимпиадаларга окуучулары катышкан мугалимдер 2018-жылдын июль айында Кереметтүү Ыссык-Көл жээгинде ШПК каржылоосу менен “Алтын Кум” пансионатында 5 күндүк эс алуу жана экскурцияда болуп келишти. Мугалимдерге жетекчилик кылып алып барып келүү ШПКнын адиси Р.Нурматовага жүктөлүп, мугалимдер көңүлдүү эс алышты.
17.08.2018 595 Кесиптик бирлик региондордоCүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери лейлек районунун өзгөрүш айылында ак-суу капчыгайында жайлоодо эс алышты
Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 2018-жылдын июль айында Лейлек районундагы Ак-Суу капчыгайы Өзгөрүш жайлоосуна дем алуу экскурсиясына барып эс алып келишти. Экскурсияга 12 кызматкер катышып, аларга Сүлүктү ШПК тарабынан 12 000 сом акча каражаты бөлүндү. ШБББнын кызматкерлери эс алууну уюштурулушуна ыраазылыктарын билдиришүүдө.
17.08.2018 696 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү мекемелеринин жетекчлери Ысык-Көлдө эс алып келишти
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы мектеп, балдар бакчаларынын жетекчилери айыл өкмөтүнүн демилгеси менен, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин көмөгү менен Ысык-Көлдөгү Илимдер академиясынын дем алуу үйүнө 6-11-август күндөрү дем алуу экскурсиясына барып эс алып келишти.
16.08.2018 618 Кесиптик бирлик региондордо