Төраганын майрамга карата белеги
2018-жылдын 5-октябрь «Мугалимдердин кесиптик» майрамынын алдынан жана «Аймактарды өнүктүрүү » жылын карата жалгыз бой, ден-соолугу начар, оорукчан Кара-Суу районундагы № 44 А.Сматов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Абдыразакова Бүбүсара менен Октябрдын 70-жылдыгы орто мектебинин эмгек жана сүрөт мугалими Максутова Паридакандарга 2 баштан 4 кой белек катары, Ош областык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин төрагасы Тойгонбаев Сабыр Абдувапович алып берди.