Нурмолдонун 180 жылдыгына арналган иш чара
Жалал-Облусунун Ала-Бука районунун Кош-Терек айылындагы Нурмолдо негизги мектебинде опсун акын Нурмолдонун 180 жылдыгына арналган иш чара 21-22-сентябрь күндөрү өткөрүлдү.
Нурмолдонун 180 жылдык маарекесинде райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы райондун акими Абдыкадыров Эмилбек Исакулович Кош-Терек айылынын тарыхына кеӊири токтолуп Нурмолдонун баскан жолу жазган ырларынын тарбиялык маанисине ошол кездеги көрөгөчтүгүнө кыргыздын комузу жөнүндө жазгандарын айтып азыркы жаш муундарга тарбиялык мааниси чоӊ экендигине токтолуп райондун элине ийгиликтерди каалап Нурмолдонун эстелигин ачып айыл аксакалы Акматов Жанадил агай айыл аймагынын башчысы Садыков Болот агайлар болуп лентасын кесишти.
Андан ары айылдагы акындар мектептин мугалимдери жана окуучулар Нурмолдонун басып өткөн турмушунан адабий көрүнүштөрдү жана ырларын окуп конокторго тартуулашты.
Нурмолдонун 180 жылдыгына карата күрөш боюнча спорт сарайдын ачылышы болуп спорт сарайында греко рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү.Турнирге коёшу мамлекеттерден шаш балбандар келип күч сынашты.
Даярдаган : Уюштуруу тобу.