Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мектептеринде “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгына карата өткөрүлгөн көргөзмө боюнча маалымат

2018-жылдын 19-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын фойесинде шаардагы окуу жайлар жана жалпы билим берүүчү мектептер арасында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду.

Көргөзмөгө шаардын бардык кесиптик окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү мектептери катышып, көргөзмөгө кыргыз тили сабактарында колдонуучу көрсөтмө куралдар, тил ийриминин катышуучулары тарабынан колго жасалган улуттук буюмдар коюлду.

Көргөзмөнүн жобосу билим берүү мекемелерине алдын ала таркатылып, жобонун негизинде өткөрүлдү. Көргөзмөнү баалоо үчүн атайын комиссия мүчөлөрү түзүлүп, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү көргөзмөлөрүн презентациялап беришти.

Жыйынтыгында жалпы билим берүүчу мектептер арасында орундар төмөнкү тартипте бөлуштүрүлдү:

1-орун №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектеби;

2-орун №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектеби;

3-орун №13 И.Абдрахманов атындагы жатак-мектеби.

Мындан тышкары көргөзмөгө катышкан ар бир окуу жайга комиссия мүчөлөрү ар түрдүү номинацияларды ыйгарышып, акчалай белектер берилди.