Жаңы бала бакча ачылуу алдында

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында « Наристе» бала бакчасы ачылуу алдында акыркы даярдыктан өткөрүлүп жатат. Бул бала бакчанын имараты мурда эле салына баштап, бирок толук бүткөрүлбөй калган. Айыл элинин суроо-талабынын жана өтүнүчтөрүнүн негизинде айыл өкмөтү оңдоп түзөө, толук ремонттон өткөрүү иштерин 2015-жылдан баштап жүргүзүп келе жатат. Бала бакчаны оңдоп түзөөгө түрткү берүүчү долбоордун финансылык колдоосунун пайдасы зор болду.
19.11.2018 750 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде “КҮЗ БЕРЕКЕСИ – 2018” жарманкеси болуп өттү
16-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай “Күз берекеси – 2018” аталышында түшүм майрамы белгиленди. Аталган жарманке түшүм майрамынын алкагында окуу жайдын Табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулуп, ага институтун ректору профессор Б.Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамааттын катышуусунда өттү. Мында башка факультетердин жана уюштуруучу факультеттин тайпалары ар кандай өсүмдүктөрдүн
19.11.2018 762 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде студенттер күнү белгиленди
Кечеде студенттердин майрамына арналып атайын салтанат, 1-курстарды студенттикке кабыл алуу кечеси жана факультеттер ортосунда өткөн 1-курстар аралык “Таланттарды издейбиз – 2018” кароо сынагынын гала концерти биргеликте өткөрүлдү. Иш чарага окуу жай жетекчиси баштаган эмгек жамаат жана жалпы студенттер катышып, анда алдыңкы студенттерди сыйлоо аземи менен бирге майрам ээлеринин урматына өнөрпоз, чыгармачыл жаштардын таланттары тартууланды. Иш чараны окуу жайдын ректору,
19.11.2018 754 Кесиптик бирлик региондордоБаткен областында “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз комитети” аныкталды

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан 2018-жылы Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз комитети” кароо-сынагынын областтык туру 2018-жылдын 15-ноябрында болуп өттү. Баткен областынын район, шаарларындагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдары арасында “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз уюму” кароо-сынагынын областтык турунун жеңүүчүлөрүн, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан даярдалган жобонун критерийлерине ылайык областтык комитет тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын тандоосу менен аныкталды.
19.11.2018 813 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун Б.Набиев атындагы орто мектебинде ноябрь айында өткөрүлүп жаткан иш чаралары

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Лейлек районундагы Арка айылына караштуу Б.Набиев атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, Лейлек районунун 90 жылдыгына, С.Ибраимовдун 90 жылдыгына, Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдыгына, И.Раззаковдун туулган күнүнө карата “Ч.Айтматовдун ааламына саякат” аттуу сүрөт конкурсу, “Лейлектин чолпон жылдызы” деген темада И.Раззаковду эскерүү кечеси, “Шүкүрбек Бейшеналиев - Балдардын жан дүйнөсунүн жарчысы”деген темада тарбиялык саат, “С.Ибраимов-коомдук ишмер” ачык сааты,
19.11.2018 1501 Кесиптик бирлик региондордоАк илбирсти коргойлу

Жакында Ак-Суу райондук балдар билим борборунда мектеп окуучулары арасында бүткүл дүйнөлүк «Ак илбирсти коргоо күнүнө» карата, экологиялык сынактын райондук туру болуп өттү. Сынакка райондун 6 аймагынан тандалган мектептин окуучулары катышышты. Сынакты өткөрүүдө мыкты деген калыстар тандалып, алар номинациялардын ар тараптуулугуна өзгөчө көӊүл буруп, чыгармачылык менен аракет кылышкан катышуучулардын арасынан татыктуусун тандашты. Калыстар тобунун катарында мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары да иш алып
16.11.2018 1073 Кесиптик бирлик региондордо«Чингиз Айтматов – талант мирового звучания, достояние мировой культуры…»

6 ноября 2018 года на базе Новопавловского инновационного Учебно-воспитательного комплекса-лицея №1 им. Ч. Айтматова Сокулукского района Чуйской области состоялось торжественное мероприятие «Чингиз Айтматов – талант мирового звучания, достояние мировой культуры…», посвященное 90-летию Ч. Айтматова. Цели мероприятия: Увековечение памяти великого писателя, мыслителя и философа современности Ч.Т. Айтматова;
15.11.2018 1135 Кесиптик бирлик региондордо“Билим берүү тармагында профсоюздун ролу” темасындагы тегерек стол

13-ноябрда Каракол шаардык профсоюз комитети “Билим берүү тармагында профсоюздун ролу” темасында тегерек стол уюштурду. Тегерек столго мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана жалпы кызматкелер катышышты. Алгач Профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. тармактык профсоюз комитетинин ишмердүүлүгү, мугалимдердин
15.11.2018 756 Кесиптик бирлик региондордоКадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы болуп өттү

Кадамжай районундагы “А.Масалиев” атындагы орто мектебинде Райондун аймагындагы коп тилдүү билим берүү программасы боюнча иштеген мектептердеги абалды текшерип чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө коллегия болуп өттү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019- жылдын түзүлгөн иш планына ылайык 2018-жылдын октябрь айында мектептерде иш
14.11.2018 1072 Кесиптик бирлик региондордо“Мээрим” бала бакчасында кошумча жаӊы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү

Кадамжай районунун Чаувай айыл аймагындагы “Мээрим” балдар бакчасында кошумча жаны имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Майрамдык кечеге Кадамжай райондук администрация башчысы Ж.Маматович, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, РБББ башчысы Ж.Гайбуллаев, РБББнон А.Кожонова жана айыл өкмөттүн
14.11.2018 819 Кесиптик бирлик региондордо"МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ" - 2019 СЫНАГЫ ЛЕЙЛЕКТЕ

2018-жылдын 7 - ноябрында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Исфана шаарынын маданият үйүндө "Мугалим" илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана Баткен облусунун билим берүү усулдук борборунун 10 жылдыгына карата уюштурулган "Мугалим - коомдун күзгүсү - 2019" кароо - сынагынын облусттук туру жогорку деӊгээлде өткөрүлүп, Баткен облусуна караштуу мектептерден мыкты 10 мугалими катышты. Иш чаранын башында журналдын башкы редактору сөз сүйлөп, ЛРБББнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гапарбек Абдусалимович Саюнов ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, журналдын уюштуруу иштеринен баштап бүгүнкү күнгө чейинки ишине кеңири токтолушту. Катышуучуларга
14.11.2018 1583 Кесиптик бирлик региондордо