Лейлек районунун бала бакчаларында күз майрамы

2018-жылдын ноябрь айында Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде күз майрамына карата ар кандай темадагы иш чаралар өтүүдө. Алсак, Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу “Алтын-Балалык” балдар бакчасында “Төгөрөгү төп келген төрт кыз” атуу тайпалар арасында кыздардын таймашы болуп, “Талимтай ” программасына тарбиялануучулардын ата-энелери да катыша алышты. Ошондой эле, Лейлек айыл аймагына караштуу “Эл нуру” балдар бакчасында “Күз ханышасы” аттуу конкурс ата-энелер менен биргеликте жогорку деңгээлде өттүү.
26.11.2018 931 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз

Ысык-Көл облусу боюнча профсоюз кыймылынын уюштуруучусу Өмүрбек Молдокматовко курска келген мугалимдерге КР Ченемдик укуктук актылары менен билим берүү тармагындагы Борбордук, райондук, шаардык жана баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердиктери боюнча ар бир предметтин мугалимдерине атайын 4 саат убакыт бөлүнүп берилет. Ысык-Көл областтык билим берүү институту окуу жыл ичинде 900дөн ашуун ар бир предмет боюнча мугалимдер, тарбиячылар, директорлор, директордун орун басарлары, билимин жогорулатуу курстарын өтүшөт.
23.11.2018 905 Кесиптик бирлик региондордоКыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси өлкө башчы С. Жээнбековдун катышуусунда өттү

2018-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Бишкекте Кыргызстан Жаштарынын Республикалык Конгресси болуп өттү. Аталган конгресс, жаштарды мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу жана калыптандырууга тартуу максатында эки жылда бир өткөрүлөт. Жаштардын республикалык конгресси Кыргызстан жаштар уюмдарынын жана жаштардын укуктуу өкүлдөрүнүн конгресси эсептелет. Конгресске Ноокен районунун жаштарынын атынан жана Ноокен райКБКнын алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасы жана Обкомдун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келди.
23.11.2018 1028 Кесиптик бирлик региондордоАЙТМАТОВГО 90 ЖЫЛ

Cүлүктү шаарындагы И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин адеп мугалими Кудайбердиева Гулзат мектеп окуучулары менен биргеликте "Эне тил жана Айтматов" аттуу үч айлыктын алкагында уюштурган. "Биз Айтматовдун чыгармаларынын таасири менен келечекке умтулабыз!" - деген темада адабий-музыкалык кече өттү. Кеченин максаты: 1.Эне тилди даңазалоо, кыргыз тилине кызмат кылууга, тилдин тазалыгын сактоого тарбиялоо;
23.11.2018 1024 Кесиптик бирлик региондордоСтуденттик "АКЫЛ ОРДО"
21-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер ортосунда студенттердин “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш чара окуу жайда өтүп жаткан Айтматовдун 90 жылдыгына карата үч айлык иш пландын алкагында окуу жайдын жаштар комитети жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду. Мында факультеттерден түзүлүп чыккан командалар жалаң Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармалары боюнча суроолор камтылган мелдеште өздөрүнүн билимин сынашты.
23.11.2018 988 Кесиптик бирлик региондордо"Окуучу коомдун манилуу аманаты"

19-ноябрда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде "Окуучу коомдун манилуу аманаты" деген темада дебат өткөрүлдү. Бул тууралуу Чаткал райБББдан билдиришти. Маалым болгондой, дебатка Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Жайнагүл Осмонова, РИИБ башчысынын орунбасары Атаканов Замирбек жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкери Жапарбек уулу Аскатбек, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев жана райБББнын кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.
23.11.2018 769 Кесиптик бирлик региондордоМектепке белек

2018-жылдын 7-ноябрь күнү Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылындагы Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде чоӊ салтанат болуп өттү. Себеби ушул мектепти мындан 20-жыл мурун 1998-жылы 10-классты аяктаган окуучулардын демилгеси менен 1млн.800мин сомдук кичи футбол аянтчасы курулуп бүткөрүлүп, Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебине белек катары берилди. Футбол аянтчасынын курулушун толук 20-жылдык бүтүрүүчүлөрү колдоруна алышты
23.11.2018 767 Кесиптик бирлик региондордоАймактарды өнүктүрүү жылына карата

Балдар жана өспүрүмдөр арасында “Карек” аттуу кино фестивалы 3-республикалык деңгээлинде болуп өтүп, анда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Токтогул райондук билим берүү болүмүнө караштуу №1-Токтогул атындагы орто мектебинин окуучулары дагы арта калышпай алдыга болгон умтулуусу жана жашоого болгон корогочтугу менен “Кичинекей чоң кыз” аттуу тасма тартышып:
21.11.2018 746 Кесиптик бирлик региондордоӨзгөндүк мугалимдер – Лейлекте

«2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында алдыӊкы иш-тажрыйбаларды үйрөнүү, тажрыйба алмашуу максатында Өзгөн районунун билим берүү тармагынын алдыӊкы, чыгармачыл мугалимдер делегациясы 19-ноябрь күнү Лейлек районунда болуп, билим берүү тармагындагы жетишкендиктер, алдыӊкы иш-тажрыйбалар менен таанышты. Башкача айтканда Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиӊирген мугалими» Гапыр Мадаминов агай жетектеген №3 эксперименталдык-гимназиясында болуп, иш-тажрыйбасы менен таанышышты.
21.11.2018 1008 Кесиптик бирлик региондордоМедиа өнөктөш СуЛей-инфо газетасына 7 жыл

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети жергиликтүү ММКтары менен тыгыз байланышта иштешип келет. Алардын бири “СуЛей-инфо” газетасы 2018-жылдын 16-ноябрында Исфана шаарында 7 жылдыгын белгиледи. Бул иш чарага КРнын ЖКнин депутаты Т.Г.Тиллаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, окурмандарынын көпчүлүгүн түзгөн райондун билим берүү мекемелеринин жетекчилери чакырылган. Иш чаранын жүрүшүндө ыраазычылыктар айтылып, газетанын башкы редакторуна, жалпы эмгек жамаатына сыйлыктар тапшырылды.
21.11.2018 979 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук Комитетинин III пленуму өткөрүлдү

Иш-планга ылайык 16-ноябрь күнү обкомдун III Пленуму өткөрүлдү. Анын ишине обкомдун мүчөлөрүнөн 25 катышса, 4 жүйөлүү себептер (оору) менен катышкан жок. Пленумдун күн тартибинде «Билим берүү, илим кызматкерлеринин жана студент жаштардын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча БКнын Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө пленумунун (23.08.2018-ж.) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү» маселе каралды.
21.11.2018 765 Кесиптик бирлик региондордо