“Айтматовду окуйбуз” Лейлек районунун М.Баетов орто мектебининде

2018-жылдын 6-декабрь күнү Лейлек районунун Мурзабек Баетов атындагы орто мектебинде “Айтматов жумалыгына” карата жана “Айтматовду окуйбуз” долбоорунун алкагында Маргун айылынын атактуу инсандары окуучуларга Ч.Айтматовдун чыгармаларынан окуп беришти. Сүрөттө айылдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Акматалы Ормошов мектептин окуучуларына кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун ата-теги тууралу айтып берүүдө.
10.12.2018 976 Кесиптик бирлик региондордоБиз СПИДге каршыбыз!

Учурда ВИЧ/СПИД бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу проблемасы болуп саналат. Ал адамзаттын өнүгүшүнө жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө. 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ВИЧ СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ноокен районунун мектептеринде “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Мектеп окуучулары тарабынан дубал газеталар чыгарылып, тарбиялык маанидеги көрүнүштөр аткарылды.
10.12.2018 1019 Кесиптик бирлик региондордоЖаш адистерге – жөлөкпул

2018-жылдын 7-декабрь күнү Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге 2018-2019-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар тапшырылды. Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгън райондук комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев эмгек жолун жаӊы баштаган жаш адистердин ар бирине 5000 сом өлчөмүндө жөлөкпулдарды тапшырып, педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
10.12.2018 783 Кесиптик бирлик региондордоРоза Айтматова - ЖАМУда

ЖАМУнун структуралык бөлүмдөрүндө жыл башынан бери эле залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ачык сабактар, көргөзмөлөр, диспуттар, тегерек столдор, чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр жана башка иш чаралар конкурстук негизде байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Жакында мындай иш чараларды жыйынтыктоочу өңүттө илимий конференция өткөрүлдү. Ага жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова баштаган илимпоздор катышышты. Конференцияда Роза Айтматова, агасынын өмүр жолунан өтө мазмундуу, угуучулардын жашы-карысы дебей таасирлене
10.12.2018 727 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде билим берүү кызматкерлеринин арасында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кароо – сынак өттү

2018-жылдын 1-декабрь күнү Масы айылындагы № 29 Мирзаходжаев атындагы орто мектебинде “Ноокен менен Чыңгызыма 90 жыл” аттуу билим берүү кызматкерлеринин арасында кароо-сынактын райондук түрү өткөрүлдү. Кароо-сынактын негизги максаты кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кеңери маалымдоо, Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу жаштарды жаратылышты сүйүүгө жана коргоого, патриоттуулука тарбиялоо болуп саналат.
07.12.2018 787 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелер СПИДке каршы күрөшүү иш чараларын өткөрдү

Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүүнү өткөрүүнүн алкагында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде 2018-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин бир айлык жарыяланды жана 1-декабрь күнү Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күнү өткөрүлдү. ВИЧ инфекциясын алдын алуу багытында иштеп жаткан өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен мектептерде аталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ар кандай иш чаралар: спорттук мелдештер, конкурстар, диспуттар, сүрөт көргөзмөлөрү, “Биз СПИД оорусуна каршыбыз ” аттуу темадагы акциялар, жолугушуулар өткөрүлдү.
06.12.2018 962 Кесиптик бирлик региондордоОкутуу методдордун эффективдүү колдонууга багытталган сабак-семинар

Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы “Темирбаев” атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 22-ноябрында башталгыч класстардын , мугалимдердин катышуусунда семинар болуп өттү. Семинарга 45 мугалим жана иш кана жетекчилери катышты. Семинардын максаты: Башталгыч класс окуучуларына ийгиликтүү таасир бере турган компетенттүү мамиле жана билим берүүдө креатив жагдайларды жаратуу.
05.12.2018 825 Кесиптик бирлик региондордоЧыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган иш чара

30-ноябрда Чаткал районунун борборундагы Ч.Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук билим берүү бөлүмү жана райондогу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган " Кырк миң жыл өтсө дагы унутулгус, кыргыздын кыраан уулу-улуу Чыңгыз " аттуу маданий-массалык иш чара болду. Бул тууралуу Чаткал райБББдан билдиришти. Маалыматка караганда, иш чаранын алкагында мектеп мугалимдери тарабынан улуу жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр аткарылып, обондуу ырлар ырдалып, көркөм ырлар окулуп, мектеп окүучулары тарабынан тартылган видеороликтер көрсөтүлдү.
05.12.2018 901 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абал облустук комитетинин Таш-Көмүр шаарындагы көчмө семинары

Көчмө семинары Таш-Көмүр шаарында пландаштырылып 2018-жылдын 30-ноябрында өткөрүлдү. Семинардын негизги темасы: "Баштапкы профсоюздук уюмдардын ишмердүүлугун уюштуруу" болду. Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илм кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмдары семинарга толук чакырылып, көчмө семинардын программасындагы негизги темалар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алгач семинардын ачылышы КРнын мамлекттик гимни менен башталып №3
05.12.2018 788 Кесиптик бирлик региондордо“БРЕЙН-РИНГДЕ” БАТКЕН РАЙОНУ БИРИНЧИ

Профсоюздун Баткен облустук комитети баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын активдүүлүгүн арттыруу максатында ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп келет. Анын бири - кесиптик бирлик кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган “Брейн-ринг” интеллектуалдык таймашы.
05.12.2018 728 Кесиптик бирлик региондордоОН УККАНДАН БИР КӨРГӨН АРТЫК

Быйыл Баткен райондук кесиптик бирлик уюмунда жаш кесиптик бирлик төрагаларынын райондук кеңеши уюштурулган. Кеңештин уюштуруу жыйынында кеңештин курамы, төрагасы шайланып, 2018-жылда жүргүзүлүүчү иштердин планы бекитилген. Иш планга ылайык жаш кесиптик бирлик төрагаларынын кеңешинин иш чаралары ай сайын өткөрүлүп келгени менен, оозеки түрүндө өткөрүлгөн семинарлардын таасири анчейин болбой жаткандыгы сезилип, “Он уккандан
05.12.2018 1016 Кесиптик бирлик региондордо