Өкмөт башчы билим берүүгө көңүл бурууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, Сайдилла Нышанов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыябек Сатыбалдиев жана шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев жана төрага К.Акуновдор 2018-жылдын 7-декабрында Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуу-материалдык базасы менен жеринде таанышты.
14.12.2018 866 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районунун мектептеринде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди

11-12-декабрь күндөрү Ноокен районунун мектептеринде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленди. Анда мектептерде адабий – музыкалык кечелер, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр, тегерек столдор, сүрөт конкурстары уюштурулуп, жогорку денгээлде өткөрүлдү.
14.12.2018 857 Кесиптик бирлик региондордоСузакта залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондук иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарада Ч.Айтматовдун өмүрүн, чыгармачылыгын чагылдырган көргөзмө уюштурулду, улуу жазуучу жөнүндө ойлор, пикирлер айтылды, дүйнөлүк масштабдагы улуу жазуучу, ойчул, философ экендиги жөнүндө белгиленип, ага таазим этилди.
14.12.2018 731 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде Белек Солтоноевдин 140 жылдыгы белгиленди
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда кыргыздын туңгуч агартуучусу Белек Солтоноевдин 140 жылдыгына карата «Б.Солтоноевдин кыргыз тарыхынын изилдөөгө кошкон салымы» деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Аталган тегерек стол инститтун тарых кафедрасы тарабынан уюштурулуп ага ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуев, өкмөттүн ош облусундагы ыйнарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаев, белгилүү тарыхчылар, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Т.Кененсариев, профессор Б.Нурунбетов, профессор Б.Абытов жана Жалал-Абаддагы, Оштогу ЖОЖдордун, мектептердин тарыхчылары жана студенттер катышышты.
13.12.2018 1332 Кесиптик бирлик региондордоЧыңгыз Айтматовдун туулган күнү!!!

Аттиң, тирүү жүрсө эмне! Бүгүн, Кыргыздын Чыңгызы - 90 жашта! Дүйнө кезип, кыргызды даңазалап, ааламды чарк айланган Айтматов-90 жашта! Мына, жыл бою Ч.Айтматовду өмүр жолу, адам боло алган адамдык сапаты, чыгармалары, алар боюнча жаратылган кино –тасмалар, тартылган сүрөттөр, сахналаштырылган көүнүштөр, илимий - практикалык конференциялар, обондуу ырлар жана башка түрдүү иш чарадар аркылуу эскерип келе жатабыз... Бирок биздин Айтматов –түгөнгүс кенч! Учугу улана
13.12.2018 746 Кесиптик бирлик региондордо90 лет Чингизу Айтматову

Согласно программе мероприятие началось с исполнения отрывка из эпоса «Манас», далее студенты живо и организовано сыграли отрывки из известных всему миру произведений великого писателя, гуманиста и мыслителя нашей современности: отрывок из легенды “Найман эне” по роману “И дольше века длиться день”; отрывок из повести “ДЖамилия; “Письмо Майсалбека” по повести “Млечный путь”; отрывок из повести “Первый учитель”; отрывок из повести “Тополек мой в красной косынке” и в завершении исполнили “Песню Ильяса”.
13.12.2018 891 Кесиптик бирлик региондордоӨрнөктүү өмүр

Өмүрүн кесибине арнаган инсан жөнүндө сөз кылмакчымын. Алгач эмгек жолумду баштаганда эжекенин ар бир сөзү, кыймыл аракети мен үчүн чоң таасир берип турчу.Сөз башынан болсун: Абдикаликова Пазилат 1954-жылы 15-февралда Жала-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Жазы-Кечүү айылында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1980-жылы аяктаган.
13.12.2018 819 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун Максат орто мектебинде “Мыкты мугалим-2019” кароо сынагы

2018-жылдын 3-декабрь күнү Лейлек районунуна караштуу Максат айылындагы Максат орто мектебинин Усулдук бирикмелеринин арасында “Мыкты мугалим-2019” кароо сынагы өткөрүлдү. Мындай иш чараны өткөрүүнүн максаты мугалимдердин жумушка болгон кызыгуусун арттыруу, тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат. Кароо сынак мектептин окуу бөлүм башчысы тарабынан түзүлүп, өзүнө катышуучулардын өзүн-өзү тааныштыруусун, партфолиосун, ачык сааттын өтүлүшүн, 10 суроодон турган педагогика-психологиялык тестти, катышуучунун өз
13.12.2018 762 Кесиптик бирлик региондордо“Эне тил жана Айтматов”

Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч айлык жарыяланып, иш чара кабыл алынган. Иш чаранын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдери жана окуучулары арасында “Эне тил жана Айматов” деген темада кароо-сынактар уюштурулган. Иш чараны өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеринде көрүп, кароо-сынактын жыйынтыгы райондук маданият
12.12.2018 747 Кесиптик бирлик региондордоУчурдун улуу педагогдорунан болочок педагогдорго
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда улуу педагогдор, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору А.Алимбеков жана Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиянын директору, энелер мектебинин негиздөөчүсү Г.Мадаминов институттун окутуучуларына жана студенттерине семинар өтүштү.
12.12.2018 1260 Кесиптик бирлик региондордоОшто педагогдордун отуруму болду
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Кыргыз коому жана балдар” аттуу теманын алкагында “Педагогикалык ой ордонун” төртүнчү отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычы уулу билдирет. Аталган иш чара кыргыз коомундагы балдарды өнүктүрүү, окутуу жана тарбиялоо көйгөйлөрү жөнүндө тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн ойлору менен бирге, коомдук пикирди ортого алып чыгуу максатында Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Кыргызстан педагогдор коому” коомдук бирикмеси жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан уюштурулду.
12.12.2018 662 Кесиптик бирлик региондордо