ОГПИде Белек Солтоноевдин 140 жылдыгы белгиленди
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда кыргыздын туңгуч агартуучусу Белек Солтоноевдин 140 жылдыгына карата «Б.Солтоноевдин кыргыз тарыхынын изилдөөгө кошкон салымы» деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Аталган тегерек стол инститтун тарых кафедрасы тарабынан уюштурулуп ага ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуев, өкмөттүн ош облусундагы ыйнарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаев, белгилүү тарыхчылар, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Т.Кененсариев, профессор Б.Нурунбетов, профессор Б.Абытов жана Жалал-Абаддагы, Оштогу ЖОЖдордун, мектептердин тарыхчылары жана студенттер катышышты.
Тегерек стол Б.Солтоноевдин ишмердүүлүгүн чагылдырган студенттердин сахналык көрүнүшү менен башталып, каармандын кыргыз тарыхына калтырган өчпөс эмгектеринен кыскача эпизоддор чагылдырылды. Андан соң иш чара расмий түрдө ачылып, анда ректор Б.Б.Зулуев жана облус өкүлү А.Балтабаев сөз сүйлөп, Б.Солтоноевдин өмүрү, ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуу аркылуу анын 140 жылдык мааракеси менен жалпы катышуучуларды, кыргыз элин куттукташып, конокторго жана уюштуру тобуна ыраазычылык билдирип өтүштү.
Тегерек столдо көрүнүктүү коомдук ишмер катары да тарыхта изи калган инсан, Б.Солтоноевдин өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү боюнча илимий баяндамалар жасалып, анын негизинде катышуучулар жана студенттер аталган тарыхый инсан тууралуу кенири маалыматка ээ болушту. Ошону менен бирге теманын алкагында кызуу талкуу жүрүп, тарых изилдөөчүлөр тарабынан таасын ой-пикирлер айтылды.
Маалымат катары: Солтоноев Белек Солтонкелди уулу (1878-1938), кыргыздын тунгуч агартуучусу, тарыхчы-этнографы, акыны, адабиятчысы, фольклор жыйноочусу, таанымал мамлекеттик жана коомдук ишмер. Европалык үлгүдөгү илимий адабияттар жана изилдөөлөр менен тааныш болгон кыргыз тарыхчысы. Кыргыздар боюнча тарыхый-этнографиялык фундаменталдуу эмгектин автору. 7-8 жашында эле кат таанууга жетишкен болочок илимпоз оокаттуу оруска жалданып, бат эле орус тилин, кирилица алфавитин үйрөнүп алган. Үч ай орус мектебинде билим алып, кийинчерээк окуусун Пишпектеги багбандарды даярдоочу кыргыз мектептен уланткан экен. Эки жылдык окуудан соң, 1890-ж. тартып ал кыргыздын тарыхына, этнографиясына, элдик оозэки чыгармаларына кунт коюп кызыга баштайт. Илимге ынтызарланган зирек бала санжыра, уламыш, болмуштарды кызыгып угуп, ошол учурдагы белгилүү болуп калган орус жана араб графикасындагы тарыхый чыгармалар менен тааныша баштайт. Үркүндө элди куткаруу, Советтик бийликти куруу иштерине жигердүү катышкан. Сабатсыздыкты жоюу өнөктүгүнө да чын дили менен катышкандыгы маалым. Чыгыш Түркстанда кыргыз качкындарынын арасында болуп, бул аймактан тарыхый-этнографиялык маанидеги маалыматтарды жыйнай баштаган. 1925-ж тартып илимий мекемелерде иликтөө иштери ж.б. чыгармачылык менен алектене баштайт. Б.Солтоноев 1895-1934 жж. аралыгындагы жыйналган тарыхый-этнографиялык маалыматтардын алкагында «Кызыл Кыргыз тарыхы» (мурдагы аталышы «Кыргыз-казак тарыхы») илимий эмгеги жарык көргөн. Эмгектин негизи тарыхый, этнографиялык, археологиялык, элдик оозэки чыгармалардын бөлүктөрүнөн турат. Илимпоз Н.А.Аристов, В.В.Бартольд ж.б. таанымал окумуштуулардын эмгектерине шилтеме жасап, «Манас» эпосундагы ж.б. санжыралык маалыматтарга жана алардын маанилерине илимий негиздүү мамиле жасаган. Бул эмгек соңку доордогу кыргыз тарыхчыларынын батыш илиминин үлгүсүндө жазган өз учурунун эң алгачкы фундаменталдуу изилдөөсү болуп эсептелет. Эмгектин калган бөлүктөрүндө кыргыздардын реалдуу жашоо тиричилиги, каада-салттары, улуттук оюндары, табыпчылыгы, аскердик тарбия берүү, уруу (урук) тамгалары жана алардын аталыштары, календары, жылдыз саноо жана тактоо илими (астрономия, астрология), кыргыздардын салтуу аңчылыгы, кыргыз уруулары жана алардый айрымдарынын келип чыгышы терең иликтөөгө алынган. Эмгек учурда өз баалуулугун жана илимдеги актуалдуулугун жогото элек.
Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу