Өкмөт башчы билим берүүгө көңүл бурууда
Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, Сайдилла Нышанов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыябек Сатыбалдиев жана шаар мэри Мураталы Тагаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев жана төрага К.Акуновдор 2018-жылдын 7-декабрында Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуу-материалдык базасы менен жеринде таанышты.
Билим берүү мекемеси менен таанышып чыгып, Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга мектептин жаңы имаратынын курулушун баштоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.
Маалыматты даярдаган:
Профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун адиси
Максат Мамасыдыков.