Чыӊгыз Айтматов - заманыбыздын залкар жазуучусу

Ак-Суу районунда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети тарабынан заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына бир катар иш мерчемдер иштелип чыгылып, турмушка ашырылып жатат. Райондун борбору Теплоключенка айылынын Маданият үйүндө өткөрүлгөн “Кино жана өспүрүм” кинокербенине Ак-Суу районунун 5 мектебинен 300 окуучу жана 20 мугалим активдүү катышышты алар: Ж.Ашубаев атындагы жалпы билим берүүчү Маман орто мектеби, Ж.Асаналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, Ж.Алышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, М.Мамакеев атындагы мектеп гимназиясы жана М.Киров атындагы мектеп гимназиясы.
13.11.2018 1405 Кесиптик бирлик региондордоЖаӊы долбоор өз ишин баштады

Ак-Суу районунун Теплоключенка жана Шахты-Жыргалаӊ айылдарында мектеп окуучуларынын англис тилин тереӊ өздөштүрүүсүнө шарт түзгөн English Access Microsholarship Program программасы өз ишин баштады. Долбоор арылуу эки айылдын аз камсыз болгон үй-бүлөрүнөн 30 улан-кыздар тандалып алынды. Эми алар эки жыл бою англис тилин терең окуп үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Андан тышкары программанын алкагында катышуучулар лидерлик жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, коомдук иштерге катышуусу жогорулайт жана ошондой эле ар бир бала өз талантын өнүктүрөт. Программаны АКШнын мамлекеттик департаменти каржылайт. Ал эми ишти «Атуул» коомдук бирикмеси алып барат.
13.11.2018 766 Кесиптик бирлик региондордоТажрыйба алмашуу иш - чарасы

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин алдындагы Профсоюздук билим берүү Борборунун иш планына ылайык обкомдун инпектору А.Айдаров менен Базар-Коргон райкомунун төрагасы С.Жаркынбаев 2018-жылдын 5-ноябрында Токтогул районунда болуп, райкомдун иши менен жакындан таанышышты.
13.11.2018 684 Кесиптик бирлик региондордоТ.Ашыралиевдин 100 жылдыгына карата уюшулган иш чара

Жалал-Абад облусу Токтогул районунда Т.Ашыралиевдин 100 жылдыгына, Ата-Бабаларды эскерүү күнүнө жана репрессиянын 80 жылдыгына арналган “Репрессияга кабылган элеттиктер” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. 1.”Репрессия-Кыргызстандын тарыхындагы кара так” (слайды көрсөтулду) 2.Адам канчалык улуу болсо,ошончолук улуу бактысыздыкка кабылат” аттуу репрессияга кабылган Т. Ашыралиевдин өткөн өмүрүнө арналган сценка.Т.Ашыралиев атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары аткарып көрсөтүп беришти.
13.11.2018 797 Кесиптик бирлик региондордоСеминар для председателей профсоюзных комитетов школ и ДОУ

6 ноября 2018 года в зале детского сада «Чебурашка» Жайылского района председателем РК профсоюза Бадачиевой Р.М. проведен семинар для председателей профсоюзных комитетов школ и ДОУ по ведению социального диалога с представителями органов местной власти. Обратить внимание на сроки заключенных соглашений, пункты, содержащие оказание социальной поддержки учителям. Обязательно создать комиссию для ведения переговоров в период формирования местных бюджетов. В работе семинара приняли участие 44 председателя.
13.11.2018 702 Кесиптик бирлик региондордоСеминар для директоров школ и ДОУ

30 октября 2018 года в зале Жайылского районного отдела образования специалистом отдела кадров Султанкуловой Э.А. и председателем РК профсоюза Бадачиевой Р.М. проведен семинар для директоров школ и ДОУ района по трудовому законодательству и ведению трудовых книжек. Заведующий отделом образования Арыков Т.К. довел до сведения руководителей п.63 Типового положения об общеобразовательной организации, утвержденного ПП КР №541 от 12.09.11 г.: «Назначение на должности и освобождение от должностей педагогических и других работников осуществляет директор общеобразовательной
13.11.2018 699 Кесиптик бирлик региондордо“Азаттык” радиосунун кабарчылары ОГПИде
Бүгүн 6-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева, башкы редактору Бурулкан Сарыгулова, Прагадагы кабарчысы Амирбек Азам уулу жана Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдор менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу 7-ноябрь Кыргызстанда Улуттук басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп, анда коноктор өздөрүнүн ары жооптуу, ары кооптуу болгон журналистика дүйнөсүндөгү кызыктуу турмуштары жөнүндө сөз кылуу менен бул тармактын
12.11.2018 688 Кесиптик бирлик региондордо“ №32 Ноогардан” орто мектебинде семинар өткөрүлдү

Кадамжай районунун Халмион айылына караштуу Ноогардан айыл аймагындагы “ №32 Ноогардан” орто мектебинин 2018-2019-окуу жылындагы, башталгыч класс мугалимдеринин аймактык семинары болуп өттү. Семинардын темасы: Заман талабына ылайык окутуунун түрдүү усулдарын колдонуп, стандарттын талабына жараша баалоо жана баалоонун критерийлери.
06.11.2018 1085 Кесиптик бирлик региондордоЖКнын депутаты К.Иманалиев ОГПИде
Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын карата Жогорку Кеңешинин депутаты, саясат таануу илимдеринин доктору, белгилүү публицист, журналист жана акын-жазуучу Иманалиев Каныбек Капашович менен окутуучулар жана студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун башында К.Иманалиев жылуу кабыл алган жамаатка ийгилик каалоо менен өзүнүн белек катары алып келген баалуу китептерин тартуу кылды. Андан соң “Айтматов жана биз” деген аталышта баяндама жасап, улуу жазуучубуздун бир топ
06.11.2018 744 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде студенттердин спорттук мелдеши өтүп жатат
10-ноябрь аштар күнүнө жана 17-ноябрь студенттерин эл аралык майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттер аралык факультеттер ортосунда спорттук мелдеш болуп жатат. Спорттук мелдеш Дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, спорттун волейбол, фудбол, шахмат, тогуз коргоол, стол теннис, кыргыз күрөш жана таяк тартыш түрлөрү боюнча студенттер таймашууда. Оюндун жыйынтыгында мыкты факультет, мыкты команда жана мыкты спортчулар аныкталып, 17-ноябрь студенттер күнүнө карата болуучу салтанатта жеңүүчүлөр сыйланмакчы.
06.11.2018 718 Кесиптик бирлик региондордоЛейлектин окуучулары театр сахнасында

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу В.И.Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан бекитилген Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Ч.Айтматов улуттун улуу тоосу, кыргыздын өчпөс жылдызы” жумалыгынын негизинде 2018-жылдын 31-октябрында Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында мектептердин жаш
06.11.2018 718 Кесиптик бирлик региондордо