Баткен областында “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз комитети” аныкталды
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан 2018-жылы Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз комитети” кароо-сынагынын областтык туру 2018-жылдын 15-ноябрында болуп өттү.
Баткен областынын район, шаарларындагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдары арасында “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты баштапкы профсоюз уюму” кароо-сынагынын областтык турунун жеңүүчүлөрүн, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан даярдалган жобонун критерийлерине ылайык областтык комитет тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын тандоосу менен аныкталды.
I орун –Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев а.о.м. баштапкы профсоюз комитети (төрайымы Мухамедянова А) жана Кызыл Кыя шаарындагы “Ландыш” б.б баштапкы профсоюз комитети (төрайымы Дүйшөбаева Ж.).
II орун –Сүлүктү шаарынын М.Т.Ибрагимов а.о.м. баштапкы профсоюз комитети (төрайымы Нурматова Р.).
III орун –Кадамжай районунун Б.Айтматов а.о.м. баштапкы профсоюз комитети (төрайымы Тажибаева А.).
III орун –Лейлек районунун Т.Казыев а.о.м. баштапкы профсоюз комитети (төрайымы Казыева Б.).
IV орун–Баткен районунун Б.Нарматов а.о.м. баштапкы профсоюз комитети (төрайымы Тажибаева З.) ээлешип, мыкты деп табылган Баткен шаарындагы Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз комитети жана Кызыл Кыя шаарындагы “Ландыш” балдар бакчасынын профсоюз комитеттери кароо-сынактын республикалык туруна катышууга жолдомо алышты.
Ал эми кароо-сынактын областтык турунун женүүчүлөрү областтык комитеттин жыл жыйынтыгын чыгарган президиумунда областтык комитеттин дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.
Уюштуруу, укук иштери боюнча адис К.Акимов