Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы бала бакча ачылуу алдында

Ысык-Көл   облусунун  Ак-Суу  районуна  караштуу  Ак-Чий  айылында « Наристе»  бала  бакчасы ачылуу алдында акыркы даярдыктан өткөрүлүп  жатат.  Бул  бала  бакчанын имараты мурда эле салына баштап, бирок толук бүткөрүлбөй калган. Айыл элинин суроо-талабынын жана өтүнүчтөрүнүн негизинде айыл өкмөтү оңдоп  түзөө,  толук  ремонттон  өткөрүү  иштерин  2015-жылдан  баштап   жүргүзүп  келе  жатат.  Бала  бакчаны  оңдоп  түзөөгө   түрткү  берүүчү  долбоордун финансылык колдоосунун  пайдасы  зор  болду.

Бала  бакчанын ичи-тышын  ремонттоп  баштаганда  алгач  2 130 000  сом   акча  каражаты  сарпталды. Андан соң  улуу  жана  кенже  тайпанын  бөлмөлөрүн  ремонттого  кеткен  каражат  3 335 000  сомду  түздү.    679 000  сом  жылуулукту  киргизүүгө  кеткен  каражат  болду.  476 000  сом  бала  бакчанын  территориясын   курчоого  кеткен  чыгымы  болду.

Ал  эми  бала  бакчанын  ичиндеги  эмеректер  жана  күнүмдүк  тиричилик  техникалары  Германия  өлкөсүнүн  каржылоосу  менен  GIZ  долбоору  аркылуу  ишке  ашырылып  1 270 000  сомдук  эмеректер сатылып келинип 100 тарбиялануучуларды кабыл алууга толук даяр болду. Азыркы учурда эки кабаттуу бала бакчада жыйынтык даярдыктары көрүлүп ачылуу алдында турат.

Бала бакчанын ачылышына чейинки бардык иш чараларга айылдык кеңештин депутаттары активдүү катышышып өз салымдарын кошушту. Айылдык кеңештин төрагасы А.Ракымов атындагы орто мектебинин профкому Жакшылыков Казыбек бул иштерди уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алды.

 

 

                                        Жибек Жунушева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.