Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун Б.Набиев атындагы орто мектебинде ноябрь айында өткөрүлүп жаткан иш чаралары

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Лейлек районундагы Арка айылына караштуу Б.Набиев атындагы орто мектебинде  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, Лейлек районунун 90 жылдыгына, С.Ибраимовдун 90 жылдыгына, Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдыгына,  И.Раззаковдун туулган күнүнө карата “Ч.Айтматовдун ааламына саякат” аттуу сүрөт конкурсу, “Лейлектин чолпон жылдызы” деген темада И.Раззаковду эскерүү кечеси, “Шүкүрбек Бейшеналиев - Балдардын жан дүйнөсунүн жарчысы”деген темада тарбиялык саат, “С.Ибраимов-коомдук ишмер” ачык сааты, “Раззаков биз менен” - илимий конференциясы өткөрүлдү. Окуучулар Ч.Айтматовдун, Ш.Бейшеналиевдин  чыгармалары тууралуу, Лейлек районунун тарыхы, КРнын белгилүү коомдук  ишмерлери С.Ибраимов жана И.Раззаковдун басып өткөн өмүр жолу жана кыргыз элине кылган иштери, эмгектери менен кеңири тааныша алышты.

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева