Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде “КҮЗ БЕРЕКЕСИ – 2018” жарманкеси болуп өттү

16-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай  “Күз берекеси – 2018” аталышында түшүм майрамы белгиленди.

Аталган жарманке түшүм майрамынын алкагында окуу жайдын Табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулуп, ага институтун ректору профессор Б.Б.Зулуев баштаган жетекчилик жамааттын катышуусунда өттү. Мында башка факультеттердин жана уюштуруучу факультеттин тайпалары ар кандай өсүмдүктөрдүн, улуттук даамдардын түрлөрүн стол үстүнө жайышып, мезгилдин табиятын чагылдырган кийимдерди чыгармачылык менен алып чыгышты. Жарманке сынак тартибинде болуп, түзүлгөн комиссиянын көз карашы жана тайпалардын даярдыгына жараша жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

Жарманкенин экинчи бөлүгү, чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Жыл мезгилдеринин арасынан  токчулуктун жышаанын көрсөтүп турган  күз мезгили, өзүнүн берекелүүлүгү, жаратылышка башкача өң берип, табиятты кулпуртуп турганы менен өзгөчө. Мына ушундай сырларды камтыган учурдун өзгөчөлүгүн белгилеп, окуу жайда жыл сайын аталган факультет тарабынан түрдүү саамалыктар өткөрүлүп келет.

 

 

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу