Медина

#981 Дата: 01.12.20, 07:59:06
Oтвeт:
Ооба акыркы эсептешүүлөр компенцация катары эсептеп берилет.
Жолдошбек

#980 Дата: 29.11.20, 05:27:12
Oтвeт:
Туура эмес. Сиз эмгек өргүүгө чыккандан кийин 14календардык күндөн кийин кайра чакыртып алууга болот. Кайра чакыртып алуу үчүн, кызматкердин сиздин макулдук талап кылынат. Ал эми пайдаланбаган калган күндөрүн ошол жылы өзүнө ыӊгайлуу мезгилде берилүүгө же кийинки иш жылы үчүн өргүүгө кошулууга тийиш. 14 календардык күндөн кайра жумушка чыгууга макул болсоӊуз мектептин буйругу менен ошол күндөн баштап кайра эмгек акы төлөнөт.
Тамара

#979 Дата: 26.11.20, 01:59:15
Oтвeт:
Пандемия шартында 2-11-класстын окуучуларын аралыктан окутууну уюштурууну жергиликтүү билим берүү уюмдарынын жетекчилерине милдеттендирген, ошондуктан онлайн сабактарын көрсөтмөлүү, сапаттуу өтүү максатында мектепке келип өткөрүүнү уюштурганы туура эле.
Медина

#978 Дата: 23.11.20, 09:06:14
Oтвeт:
Бошоп жатканда акыркы эсептешүүсү компенцация катары төлөнүп берилет
Тагаев Курбанали Мазанбаевич

#977 Дата: 17.11.20, 17:36:06
Oтвeт:
Эгерде профсоюз уюмунун иши сизди канаатандырбаса, профсоюз уюмунун төрагасына өз арызыӊызды жазып профсоюздун мүчөсүнөн чыксаныз болот.
Анна Токтосунова

#976 Дата: 04.11.20, 08:35:01
Oтвeт:
Сиз, декреттик өргүүгө кетип жатканда, оордуӊузга башка мугалимди, сиз жумушка чыкканга чейин деп мөөнөттүү эмгек келишими түзүлүп сиз, кайра жумушка чыкканда иштеп жаткан мугалим ордуӊузду бошотуп берүү керек. Декреттик өргүүдө жүргөндө жумуш ордуӊуз сакталуу болот.
Камчыбекова Мээрим Анараалыевна

#975 Дата: 04.11.20, 05:14:44
Oтвeт:
Бул кайрылуу профсоюздун Жалал-Абад областтык комитетине тапшырылган, областтык комитеттин кызматкерлери жерине барып териштирип, Камчыбекова Мээримдин мыйзамсыз бошотулгандыгы аныкталып, кайра Таш-көмүр шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин мугалими М.Камчыбекова мектептин 20.11.2020 жылы №8 буйругу менен кызмат орду калыбына келтирилди.
Дильбара

#974 Дата: 29.10.20, 18:40:11
Oтвeт:
Согласно «Положению о первичной профсоюзной организации Профессионального союза работников образования и науки Кыргызской Республики», утверждённому постановлением I пленума Центрального комитета профсоюза работников образования и науки КР от 11 сентября 2015 года № 1\4, первичная профсоюзная организация является структурным подразделением соответствующей территориальной (городской или районной) организации. Если собрание не было отчётно-перевыборным или не проводилось по требованию соответствующего вышестоящего профсоюзного органа, то его протокол не обязательно передавать в райгорком, только если в нем нет вопросов, которые решаются непосредственно при участии вышестоящих профсоюзных органов.
Айнура

#973 Дата: 29.10.20, 08:00:25
Oтвeт:
Биринчи сурооӊуз боюнча толук маалымат болбогондуктан жооп берүүгө мүмкүн эмес. Ал эми экинчи сурооӊуз боюнча пайдаланбаган 9 ай жана декреттик өргүүлөрдүн күндөрүн кошуп, декреттик өргүүдөн кийин эмгек өргүүгө чыга аласыз.
#982 Дата: 02.12.20, 03:05:24
Oтвeт: